Ишкердикти текшерүүлөрдүн тартиби менен жол-жобосун жөнгө салбаган мамлекеттик органдардын тизмесин өзгөртүү демилгеси сунушталууда

Жогорку Кеӊеште “Ишкердиктин субьектерине текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөттүн маалыматына караганда, мыйзам долбоору аркылуу иштеп жаткан мыйзамга текшерүүлөрдүн тартиби менен жол-жобосун жөнгө салбаган мамлекеттик органдардын тизмесин өзгөртүү демилгеси сунушталууда. Ал техникалык гана түзөтүү болуп саналат. Анткени, “ ыйгарым укуктук орган” деп гана берилүүдө.

Мыйзамда аталган мурдагы КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Мамлекеттик транспорт инспекциясы акыркы беш жылдын ичинде эки жолу кайра уюштурулуу менен, аты өзгөрүлгөндүктөн, мыйзамдык карама-каршылыктар жаралууда. Ошондон улам, анын атын кайрадан тактоо зарылдыгы жаралган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *