Ишкерлер “Азаттыктагы” “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изин” фейк-иликтөө дешүүдө. Эмнеге?

Кыргызстандан жүз миллиондогон долларлар чыгарылып кетип жатканы тууралуу фейк-маалыматтар өлкөнүн экономикасына кедергисин тийгизет. Бул тууралуу Кыргызстандагы ири базарлардын ишкерлери маалымат жыйынында билдиришти.

Жакында “Азаттык” журналисттик иликтөөсүн жарыялап, анда банк системасы аркылуу Кыргызстандан Кытайга ‘‘серый капитал” чыгарылаарын жарыялаган. Ал эми ишкерлердин айтымында, бул фейк-маалымат, анда чындыктын кенедей үлүшү да жок.

“Кара-Суу”, “Мадина” жана “Дордой” ири базарлардын жетекчилеринин айтымында, “серый капиталдын” өзү чындыкка коошпойт. Анткени, ар бир акча которуу, анан калса ири суммадагы каражаттын бир өлкөдөн экинчи өлкөгө которулушу эки мамлекеттин тең каржы мекемелери тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынып, которуу макулдашууну тастыктаган келишимдин негизинде гана ишке ашат.

Журналисттик иликтөөдөгү бир гана чындык бардыгын, ал – жыл сайын Кыргызстандан Кытайга миллиарддаган каражат которулганы экенин ишкерлер моюнуна алышты. Бирок, бул “серый капитал” эмес, эки өлкө ишкерлеринин товар жүгүртүүдөгү кадимки келишими.

“Биз Кытай ишкерлеринен товар алабыз, ал үчүн акчаны банк системасы аркылуу которобуз. Мындай мыйзам бузуу жок, баары эл аралык норма, Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлөт. Акчанын баары кырызстандык банктардын системасы аркылуу өтөт. Ошондуктан, ал каражаттарды сыртка чыгарылып кетти деген туура эмес. ММКлардын көпчүлүгү ушуга басым жасашып, кыйкырган тема коюшуп, Кыргызстандан акчалар чыгарылып кетип жатат деп айгай салып жатышат. Товар жүгүртүү миллиарддаган долларды түзөт. Аны биздин ишкерлер кытай товар жеткирүүчүлөрүнө которушат. Биздин ар бир жөнөткөн акчабыз Улуттук банк, Финполдун көзөмөлүндө. Банк операциясында банк мыйзамдарын бузуу көрүнүштөрү аныкталбаган. Эгер ызы-чуу улана берсе, банк ири суммадагы акча которуу операциясын үзгүлтүккө учуратса, анда кытай товар жеткирүүчүлөрү товар жөнөтпөй калышат, анткени товарлары үчүн акча албай калыштан чоочулашат. Бул биздин ишкерлердин кирешесин токтотуп, мамлекеттик казына да зыян тартат. Жылына ишкерлер мамлекетке миллиондогон сом салык төлөшөт. Ал өз кезегинде мугалим, дарыгерлердин айлык акысына, пенсионерлердин пенсиясына жумшалат дешти аталган базарлардын жетекчилери.

Алар сыртта чегарадан чемодандап акча ташыган 1990-жылдар жоктугун, азыр баары мыйзам чегинде болуп калганын белгилешти.

Эл аралык акча которуу системасы Кыргызстан жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы сооданын өнүгүшүн камсыздайт. Мындай абалда мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу, “серый капиталды” өлкөдөн чыгарып кетүү такыр мүмкүн эмес.

Мына ушуларды негиз кармаган ишкерлер аталган маалымат каражатынын журналисттик иликтөөсүн жалган маалыматтардан куралган деп табышты. Алар ошону менен катар жалгандан куралган маалымат кандай зыянды алып келээрин да эскертишти. Айтымдарында, зыян эмитеден башталды, азыр эле ишкерлер Кытайга акча которуу ишинде көйгөйгө кабылышууда, аны менен катар Кытайдан товарлардын жаңы партиясынын келиши да кечеңдөөдө. Бул жерде орто бизнес мүдүрүлүшү мүмкүн. Анткени, кошумча текшерүүлөр, бюрократия, убаракерчилик көбөйүп, мунун баары соода-сатыкты байкалаарлык татаалдаштырып жатат.

Ишкерлер журналисттерди өздүк булактары жеткирген маалыматтарга иликтеп-тактабай эле ишене бербөөгө чакырышты.

“Андай маалыматтарды жеткиргендердин максаты кандай экенин эч ким билбейт. Азыр болжолго таянган маалыматтар орто бизнеске зыянын тийгизди. Анын айынан Кытайдан товар ташыган он миңдеген ишкерлер жабыркашы мүмкүн”,- дешти ишкерлер.

Аталган маалымат каражаты жүргүзгөн журналисттик иликтөөдө Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 миллион доллардын учугу Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго барып такалаары айтылган. Бирок, эксперттердин айтымында, банк которууларынын эл аралык системасы бир нече жылдар бою бир өлкөдөн экинчи өлкөгө ири суммадагы каражатты чыгарып кетүү, болгондо да эч кимдин көзүнө чалдыкпай, эч кимге шек жаратпай жасоо такыр мүмкүн эместигин айтышууда.

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *