Ишкерлерди 2022-жылга чейин текшерүүгө тыюу салуу сунушталды

Экономика министрлиги өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу ишкер чөйрөнү колдоо максатында өкмөттүн 2018-жылдын 17-декабрындагы №586 «Ишкер субъектилерин текшерүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтом долбоорун иштеп чыгып, өкмөткө сунуш кылды.

Ал долбоордо ишкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторийдин мөөнөтүн 2022-жылдын 1-январына чейин узартуу каралган.

Министрлик буга чейин өкмөттүн аталган токтомуна ылайык, мораторий 2019-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 1-январына чейин киргизилген. Мухаммедкалый Абылгазиев башкарган өкмөт бул токтом мене ишкерлерди жөнү жок текшерүү тыйылганын, бул ишкерликти колдоодогу негизги жетишкендик экенин билдирип келет. Бирок айрым ишкер бирикмелер бул токтом кагаз жүзүндө калганын сындап жүрүшөт.

Өлкөдө коронавирус илдетине байланыштуу ири шаарларда киргизилген өзгөчө абал көпчүлүк ишкердин ишин токтоткон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *