Иштен айдалсаң айлык аласың…

Токмоктогу аскер бөлүктө жумуштан айдалып кеткендерге айлык берилип келгенин Башкы прокуратура аныктады. Эми бул көрүнүш, аскер бөлүктүн жетекчилери иштен айдалгандарга айлык жазып коюшуп, өздөрү эле алып жүрүшкөнүн билдирет да. Маалыматка ылайык, Башкы штабдын Токмоктогу №52806 аскер бөлүгүндө бухгалтердик текшерүү болуп мыйзам бузуулар табылган. Алсак, 2014-жылы №52806 аскер бөлүгү жоокерлерге аванс берүү үчүн 4 миллион 166 миң 136 сом алган. Берилген каражаттын 525 миң 12 сому даректүү жумшалса, калган 3 миллион 641 миң 123 сом кумга сиңген суудай дайынсыз кеткен. Мындан сырткары 2014-жылдын 28-ноябрь күнү жумуштан айдалып кеткен сегиз жоокерге 216 миң 500 сом маяна катары берилген.  Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтан кыянаттык менен пайдалануу) жана 308-беренеси (бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз колдонуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *