Искендер Матраимов: “Көмүскө сценарийдин курмандыгы болдук го…”

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов азыркы саясый кардаал боюнча, Жээнбеков, Атамбаев менен мамилеси, Райым Матраимов кантип байыганы жөнүндө жана жеке ой толгоосу тууралуу «Азия Ньюс» гезитине кеңири маек берди.

– Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы өткөндө сиздердин мүлктөрүңүз боюнча текшерүүнү жыйынтыктап, «24 миллион сом салык төлөнгөн эмес» деп жарыялады. Бул сумма Кыргызстан үчүн чоң сумма. Эмне үчүн салык жашырып келгенсиздер?

– Биздин компанияларды текшерүү биринчи жолу эмес. Кыргызстанда ар бир компанияны салык кызматы эл катары жыл сайын текшерет. Алардын эң чоңу 2008-жылдардан кийинки мезгилге туура келди. Бизнес түптөлүп, түрдүү кыйынчылыктардан өтүп, өнүгүп баштаганда, кыргыздарды билесиз да, конкурент деген болот, көралбагандар
шылтоо таап арыз жаза беришет. Салыктар ар дайым төлөнүп эле жүргөн. Салык төлөөдөн эч кимибиз качкан эмеспиз. Биз финансы полициясынын текшерүүсүн сотко берип, жыйынтыгын талашсак деле болмок, бирок акыркы убакытта «мындай экен, булар тигиндей экен» деп эле каралоо жүрө бергенден, жылдап соттошуп жүрбөй, төгүп салып эле тынч жашоону чечтик. Салыктын дагы ар кандай формалары болот, мыйзамды ар түрдүү түшүндүрсө болот экен. Анан кээ бир салыктардын формасын алмаштырганда ушундай сумма чыгып келди.

– Эмнеге талашпайсыз? Сиз үчүн 24 миллион сом чоң акчабы?

– Талашсак дагы болот эле. Убакытты ойлодук, эртеңки күндү да. Эми бул акча бирөөгө кеткен жок да, казынага түшөт. Өзү көп суроо бар, азыр суроо финансы полициясына гана эмес, баардык жакка бар. Эмне үчүн биздин гана үй-бүлөнүн бизнеси, мүлкү мындай иликтенет? Кыргызстанда жалгыз эле биз бизнес кылып, же биз эле мамлекеттик кызматта иштедикпи? 1,5 жылдан бери эле текшерүү, полициячылар текшерип жатып тытып да жиберишти, жылдын башынан бери текшерүүдөн баш чыкпайт. Текшерүүлөр болгондо иш да токтоп калат. Ошондуктан финпол айткан сумманы төлөдүк. Биздин жашыра турган, корко турган эч нерсебиз жок.

-Финансы полициясы сиздердин мүлктү алты ай текшерди. Бул коомчулукта, журналисттерде көп суроолорду жаратып, укук коргоо органдардын жетекчилигин сиздердин туугандар катары кеп кылышууда. Эмнеге текшерүү мөөнөтү узарып кетти?

– Бир жагынан финансы полициясын да туура түшүнсө болот, тыкыр, дыкаттык менен текшерүү керек. Ошол эле убакта экспертиза, анализ, сверка, встречная проверка (!) деп бизди да жүдөтүп бүтүштү. Бул иштин баары азыр саясатташып кеткен. Иним Райымды 2017-жылы 23-ноябрда жумуштан алгандан кийин, эртеси эле текшерип башташкан. Анын себебин бир Атамбаев билет. Мен мындай деп жоруйт элем: 2015-жылкы шайлоодо биз партиябызга 45 миң добуш алып берүүгө салым коштук, 2017-жылы биздин агитаторлор 100 минден ашык добуш алууга салым кошту.

– Алгачкы бизнести кайдан баштагансыздар?

– Менин үй-бүлөмдүн бизнеси бул соода-сатык тармагына байланышкан. Соода түйүндөрүбүз бар. Оштогу «Народныйды» инимдики катары айтышат экен, ал менин үй-бүлөмдүкү. Банктардан ири кредиттерди алып, ишкерлер менен сүйлөшүп ачканбыз. Иним мамлекеттик кызматта иштегендиктен баардык бизнесин ишенимдүү башкарууга өткөрүп берген. Бажы кызматына келгенге чейинки бизнесин кичүү инибизге өткөрүп берген, негизинен ошол кичүү иним бизнести карайт, иштетет. Эми 20 жылда мал деле 20 жолу төл берет экен. Артка кетпеди да, өнүктү-өстү. Кимибиздин кандай бизнестерибиз бар экенин декларациялардан, ошол эле финансы полициясы жарыялаган маалыматтардан билсеңиздер болот.

– Жээнбековдун инаугурациясына аз калганда Атамбаев Сапар Исаковго инимди «жумуштан ал» дейт, ал мезгилде иним ооруканада жатты эле, издеп таппай анан жумуштан алышкан. Жумуштан алганда да жок статьяны ойлоп таап, кызматтан кетиришкен. Кийин принцип үчүн сотко берип, мыйзамсыз кызматтан алынганын далилдеди. Мен Исаков менен жолугуп, «эмне себеп болду?» десем, «тигил киши ушундай деп айтты, өз арызы менен кетсин деп издеттим, бирок арызды жазбай койгон» деди. Исаков мага «эми шеф (Атамбаев – ред.) менен өзүңөр чечишип албайсыңарбы, жолугушуу уюштуруп берейин» деген.

– Бир аз убакыттан соң Фарид Ниязовго жолугуп, КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү катары, депутат катары, бир командадагы адам катары себебин билейин дедим. Ниязов «Атамбаев менен жолугушуу уюштурайын» деп коюп, такыр эле жок болуп кеткен. Көрсө, мен ага бекер барган экенмин…

Өзү 2015-жылдан баштап, ал Атамбаевге жолотпоо аракеттерин кылып жүргөн. Президенттин инаугурациясынын астында Икрам Илмиянов да телефон чалып, «Фарид менен жолуга аласызбы?» дейт, «макул» деп ал менен көрүштүм. Ниязов «инаугурацияга барбай эле койсоңуз жакшы болот эле, Атамбаевдин жаман пейили кармап калыптыр, сизди көрүп адаттагыдай публикага жаман сөз айтып койбосун» деди. Анан улам эле чала берип, бир «кел», бир «келбеңиз» деп башты айланткан…

Атайын стратегиясы бар адамдар президенттик шайлоодон кийин Матраимовдордун алган добушун, түштүктөгү кадырын көрүп кызганыч кылып, 2020-жылга жем ташталганбы (?) деген ой кетет. Инимди кызматтан алуу, ММКалар аркылуу каралоо – бул башталышы гана. Алдыда Атамбаевдин командасы дагы көп провокацияга барат. Ошентип окуялардын баардыгы чынжырча болуп бир адамга байланып жатат.

– Бирок, Атамбаевден башка деле сиздердин үй-бүлө тууралуу коомчулукта ар кандай пикир бар экенин билсеңиз керек. Баардыгыңыздар өмүр бою мамлекеттик кызматтарды аркаласаңыздар, кантип байыдыңыздар?

– Мен жогоруда айтып кетпедимби, «биздин үй-бүлөнүн бизнесинин гүлдөгөн маалы 2000-жылдарда болду» деп, бирок ага чейин 15 жылдай мурда ошол иштерди түптөп баштаганбыз. Биз сегиз бир тууганбыз, чоңоюп, күч-кубатка толуп турган мезгилибиз 90-жылдарга туш келди. Советтер союзу тарап, эл депрессияга түшүп, буудай нанды мындай кой, жүгөрү, арпа нанга жетпей калган учур болду да. Мына ошол мезгилден тарта эле мен, инилерим жашоонун жолдорун издешип, 90-жылдардан кийинки каатчылык менен эл катары биз да күрөштүк. Мен мамлекеттик кызматта иштечү элем, инилерим жаш кезинен тарта эле колго кирпич куюп, аны сатып, түрдүү кара жумуштарды иштей коюп, жалпы эл эмне кылып жан бакса ошентип башташкан. Бир жолу автобуста кетип бара жатып туткасын кармап турган инилеримдин колдору кирпич куюп, саман кармап иштегендиктен жарылып-жарылып кеткенин көрүп, ичимден кейигеним эсимде. Атам ыраматылык мал чарбасында иштеген адам эле. Айылда биз кичинебизден мал багып, торпок, букаларды семиртип багып чоңойдук. Мал багуунун сырын жакшы билгендиктен, уй семиртип сатуу менен бир туугандарыбыздын баардыгы алектенди, ошону менен алгачкы капитал жасашты. Иним Райым ошондо эле айырмаланып турчу. Биз бирден бука баксак, Райым эки-үчтөн буканы бордоп бакканга жетишчү, кыш куйгандан биз качсак, ал салкынды күтүп, түнү менен уктабай иштеп койчу.

Элден калбайлы деп бакандай болгон беш бир тууган болгон аракетти көрүп жүрүп, ар нерсеге урундук, кийин май саттык, темир саттык, пахта, тамеки саттык. Мындай иш менен алектенген ошол кездеги балдардын көпчүлүгү чоң бизнесмендерге айланышты. Айтор, 90-жылдардан кийин тыңыраак балдар эмне менен алектенсе, ошонун баардыгы менен алектендик. Бизнесибиздин башаты ошол 90-жылдардан кийинки оор мезгилге, жапайы базар экономикасына барып такалат.

– Райым Матраимов анда канчалык бай адам? Маалымат каражаттары, журналисттер жазган чынбы же апыртылган нерсеби?

– Иним да, мен да, бир туугандарым да Кудайга шүгүр, колубузда бар. Элдин артында эмеспиз. Айрым учурда Райым Матраимовду Кыргызстандагы эң бай адам (!) дешсе, биздин миллиардерлер күлүшсө керек. Алар кимдин кандай экенин, кандай бизнестер бар экенин, акча кантип айланарын билишет да.

– Эми мамлекеттик кызматтан кеткенден соң иниңиз эмне менен алек болуп жатат?

– Райым эки жылдан бери соттун чечимин жана финполдун жыйынтыгын күтүп, эч жакка барбай отурду. Азыр эч кандай мамлекеттик кызматка бара турган маанайы жок. Түркиядагы бир ири холдингдердин бирине вице-президенттик орунга сунуш түшкөн. Мүмкүн ал сунушту кабыл алат.

– Сиздердин фамилия эң көп айтылып, «коррупционер» дешет. Сиздер муну «каралоо» деп жатасыздар, анда жакындарыңыз, туугандарыңыз мындай акцияга кандай реакция кылууда?

– Мени көбү көңүлү жумшак адам катары билишет. Чынында эле ошондой экенмин. Башында өтө оор кабыл алдым. «Эмне үчүн журналисттер бир нерсени өздөрү иликтеп көрбөй эле, бирөө айткан сөздөрдү жазат?» деп кыйналып жүрдүм. Алардын баарын Кудайга койдум. Бирок, азыр элдин көбү Матраимовдор темасы Алмазбек Атамбаевдин президентке каршы колдонуп жаткан каралоосу экенин түшүнүп калды окшойт. «Чындык кийимин кийгенче жалган дүйнөнү үч айланат» деп коёт эмеспи. Атамбаевдин каралоосу менен чындыкты эл ажырата баштады.

– Райым Матраимовго коюлган кинелердин бирин Сапар Исаков айткан болчу. Ага ишенсек, Матраимов иштен алынганда дароо бажы төлөмдөрү көтөрүлүп баштаган.

– Ал Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун шоусу. Андай айыптарды бажыны билбеген бирөө, же саясатчы, же популист айтса мейли эле. Кулматов 3-4 жыл иним менен бирге жетекчиси болуп иштеген. Убактылуу өкмөттүн бир мүчөсү айтат, «2010-жылы чогулушта Матраимов боюнча сөз болгондо Кулматов өзү туруп, «ал мен үчүн баалуу кадр, ага тийбегиле, ал жок жерден пландарды толтуруп атат» деп айтыптыр. Өткөндө баарыбыз сыйлаган экс-президент Роза Отунбаева «Кулматов «Матраимов таза» деп карганган» деп «Азаттыкка» интервью берди. Экинчи учур: премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев «Матраимов деген ким?» дегенде, Кулматов «планды ашыра толтуруп жатат» деп мактаган. Түштүк бажы башкармалыгына аны Кулматов өзү койгон. Анан эле 2018-жылы январда жанагыдай шоу уюштурушту. Азыр сүйлөгөн адамдар бажыдагы статистиканы карабай, башкача бурмалап жорушат. Райымдын кеткени 2017-жылдын ноябры. Казактар менен чек ара жабык эле. Чек ара декабрда ачылды. Албетте, дароо өсүш болду. Негизи эле бажычылар билет, жыл аягы-башында бажы төлөмдөрү өсөт. Иним иштеп турганда бажы төлөмү канча пайыздан канча пайызга чейин өстү, карап көрүшпөйбү. Эч ким анализ кылбайт, «жеп атат, ичип атат» деп эле каралоо жүрүүдө. Сыры ушул эле.

– Азыр президент Жээнбеков менен мамилеңиз барбы?

-Сооронбай Шарипович менен 20 жыл мамлекеттик кызматты аркалап жүрүп, бир системада иштеп келгем. Мамилебиз эч качан жакын болгон эмес. Бир гана сый-урматта, КСДПга мүчө катары саясый көз караштарыбыз гана дал келет. Учурда Матраимовдор Жээнбеков бийлигинин тушунда гана кызматтарга тургандай ой жаратышууда. Бирок, андай эмес. Мен 36 жылдан ашуун мамлекеттик кызматта иштейм, иним Райым дагы көп убакыт кызматта болгон. Иним Тилек 2012-жылы Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп турганда аким болуп шайланды. Дагы бир иним 15 жыл мурда финполицияга кирген. Муну билген адам кантип «Матраимовдор Жээнбековдун тушунда чоңоюшту» деп айта алышат?..

Маектешкен: Асланбек Сартбаев

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *