Искендер Шаршеев, экономикалык эксперт: “Ишкерлер бизнестерин башка мамлекетке алып кете башташты”

-Искендер мырза, сизди Кыргызстандагы экономикалык абал канааттандырабы?

– Мурункусунан кичине жакшыраак. Айтайын дегеним, акыркы жылдары ички дүң продукциянын өсүүсү байкала баштады. Мурун 7 миллиард болсо, бул жылда 8 миллиардга чейин жетти. Жылдын аягына чейин 8, 05 миллиард долларга чейин жетиши мүмкүн. Бул жакшы көрсөткүч. Бирок элдин да саны өстү. Мурун беш миллион болсо, азыр 6, 2 миллион болду. ВВПнын көлөмүн киши башына чачсак бир жарым, бир бүтүн ондон эки миң доллардан туура келет. Экономика өсө баштады дегенибиз менен бул көрсөткүчтү башка мамлекеттер менен салыштырсак, Африкадагы мамлекеттерден дагы төмөн. Ошондуктан жалпы экономиканын өсүшүн киши башына бөлгөндө экономиканын өнүгүшү анчалык деле байкалбай калат. Анткени Кыргызстанда экономика абдан жай өсүп жатат. Негизи биздей чакан мамлекеттерде экономика 0,5, 1,2,3 пайыз эмес, 7,8,9дан жогору 15 пайыздын ичинде болушу керек эле.

-Эгер Кыргызстанда экономика өсө баштаса неге соода жай болуп, бизнесмендер акчасын чыгарып кете баштады?

-Бизнесмендер акчасын сыртка чыгарып кете баштаганы Кыргызстанда акыркы жылдары реформалар, алдыга койгон максаттар иш жүзүнө ашпай калгандан кабар берет. Мисалы, сот реформасы тууралуу сөз болгону менен ал ишке аша элек. Соттордун көз карандысыздыгына жете элекпиз. Сот системасында дагы саясий чечимдер басымдуулук кылат. Ишкерлердин сотторго ишеними аз болгон үчүн акчаларын акырындык менен чыгарып, бизнестерин башка мамлекетке алып кете башташты. Бирок Кыргызстанда аракет кылгандан жана кыйынчылыктан коркпогондор бизнес кыла берсе болот.

-Экономиканы көтөрүш үчүн сөзсүз сот системасында реформа кылыш керекпи же андан башка да жолдору барбы?

-Экономиканы көтөрүш үчүн а дегенде сот системасына реформа жүргүзүп, ишкерлерге ишеним бериш керек. Соттор көз карандысыз болуп, акыйкаттуу чечим чыгара турган абалга жетиши керек. Сотторду эл көзөмөлдөш керек. Ошондой эле Кыргызстанда бүт салыктардын түрлөрүн бириктирип,бирдиктүү салык кылууга жетишишибиз керек. Ошондой эле салык органдарына берилчү отчётторду жөнөкөйлөштүрүп, социалдык фондго төлөнчү каражаттын көлөмүн азайтыш керек. Анткени ишкерлер ошол төлөмдөрдөн да качышат. Ошон үчүн ал тармакка да тиешелүү реформа керек. Келечекте топтомо пенсия системасына толук өтүшүбүз керек.

-Экономиканы өстүрүү үчүн балким жаңыча ойлонгон кадрларды кызматка тартуу керектир?

-Туура. Негизи экономиканы өстүрүү багытында жасай турган иштер көп. Ар кайсы өлкөнүн экономикалык сфералары ар кандай реформаларды талап кылат. Экономиканы өстүрөбүз, өнүккөн мамлекеттердин катарына киребиз десек, анын баарын аткарышыбыз керек. Ал үчүн жаңыча ойлонгон адамдарды жогорку кызматтарга аралаштыруу керек. Тилекке каршы, жаңыча ойлонгон жаштар аз. Көбү эски системаларга ыктайт. Социалдык системага таянат. Чынында алар таянган системалар эскирди. Алар таянган система биздин өлкө үчүн иштебейт. Бизге австралиялык экономикалык мектептегидей программалар керек. Бирок австралиялык экономикалык мектебин түшүнгөндөр жана ага көзү жеткендердин саны жаштардын арасында да аз. Ошентсе да жаңыча ойлонгон жаштардын саны жогорку кызматтарда көбөйсө экономика өнүгөт деген үмүтүм бар.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *