Ислам Матраимов Каржы полициясындагы кызматынан кетти

Депутат Искендер Матраимов менен экс-бажычы Раим Матраимовдун бир тууган иниси Ислам Матраимов КР Каржы полициясынын ички иликтөөлөр башкармалыгынын башчысы кызматынан кетти. Бул тууралу бүгүн, 3-июнда “5-каналда” депутат Искендер Матраимов өзү билдирди.

Анын айтымында Каржы полициясы Раим Матраимовдун байлыгын текшерип жаткандыгына байланыштуу кызыкчылыктар кагылышы чыкпасы үчүн Ислам Матраимов өз каалосу менен кызматынан кеткен.

Ал эми Каржы полициясынын басма сөз кызматы Ислам Матраимов 20-майда ээлеген кызматынан бошотулганын тастыктады.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *