Исмаил Исаков, экс-депутат: “Атамбаевдин айткандары адамгерчилике жатпайт, мыйзамга туура келбейт”

– Аксы окуясынан азыркы бийликтегилер сабак алышы керекпи?  

– Аксы окуясы Кыргызстандын тарыхында мектептерде жана Жогорку окуу жайларда сөзсүз октулушу керек. Анткени, Аксы окуясы өткөн бийликтин адилетсиздигинен ушундай каргашалуу окуя орун алды. Экинчиден, Аксы окуясын жаш муундардан сурасаң көбү билишпейт.

Аны менен бирге эле учурдагы жана өткөн бийликке бул нерсе  “Шералынын чокою” болуш керек эле. Тилекке каршы ошол “Шералынын чокоюн” өткөн жана азыркы бийликтин өкүлдөрү көрбөй унутуп көздөрү май басып, азыр дагы ошол эле туура эмес саясат жүрүп келе жатат. Ошондуктан бийлик өткөн нерседен сабак алып турушу керек.

– Кечээ Атамбаевдин Ош шаарындагы элдер менен жолугушуусундагы сөзүнө кандай баа бересиз? 

Адамдарды соттун чечимисиз эч нерсе дей албайбыз. Бирок мамлекет башчы, уурусу болобу, кылмышкери болобу, ушакчысы болобу, соттун чечими жок айтканы туура эмес. Атамбаевдин айткандары адамгерчилике жатпайт, мыйзамга туура келбейт. Президент улуу үлгү болуп, баарына бирдей карашы керек. Эл бийликтин катасын айтып турганга толук акысы бар. Оппозициянын өлкөдө бары жакшы.

Гүлжан Шерипбаева, Kyrgyztoday.kg

1 ой-пикир

  • Мээрим says:

    Ар бир нерсени өз аты менен айтылышы жана аталышы керек деп ойлойм. Акты ак, караны кара деп туурабы? Эгерде бузуку адамдар чыгып, мамлекеттин, бийликтин аброюна шек келтирген сөздөр болуп жатканда, президент айтууга мажбур болуп жатат айласыздан, элдерге түшүнүктүү болуш үчүн түз айтып жатууда. Тынч жаткан элди бийликке тукурган да болбойт. Ооба оппозиция ар бир олкөдө болуп келген жана боло берет, бирок оппозиция эң биринчиден эл менен бийликтин ортосундагы көпүрөө болушу керек эле, ал эми бизде баары тескери болуп жатпайбы, аны адамдар эмес Кыргызстанда жашаган жаныбарларга белгилүү болуп жатат.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *