Исмаил Исаков, генерал-лейтенант: “Атамбаев жана тарапташтары мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярдык көргөн деп айтканга негиз бар”

-Исмаил Исакович, 7-8-август күндөрү Кой-Таштагы окуяны иликтеген мамлекеттик комиссия өз корутундусун чыгарды. Сиз дагы ошол комиссияда мүчө болуп иштедиңиз. Коомчулукта мамлекеттик комиссия окуяны бир тараптуу карап койду деген кептер айтылууда.

– Биз бир тарапка басым жасаган жокпуз. Кой-Таштагы 7-8-августта болгон окуя эмненин негизинде келип чыкты, ага кимдер себепкер болушту деген маселенин тегерегинде иликтөө жүргүздүк. Баардык тарапты камтыганга аракет жасадык. Кой-Таштагы жашоочулардын, укук коргоо органдарынын, Атамбаевдин тарапташтарынын айткан пикирин угуп, маалымат каражаттарына чыккан материалдарды, видеолорду, ал тургай УКМКнын имаратына барып, жашыруун деген документтерин дагы карап, ошонун негизинде объективдүү чечимге жетиштик. Комиссиянын мүчөлөрүндө ар кандай ой-пикирлер болду. Айрым мүчөлөр кээ бир маселелерди биздин функцияга кирбейт, муну Жогорку Кеңеш чечсин деп айтышты. Ага карабай баарын алып чыкканга аракет кылдык. Жеке өзүмдүн сунуштарым толугу менен камтылды.

– Окуянын келип чыгышына кайсыл факторду негизги деп атап жатасыздар?

– Атамбаев мыйзамдын талаптарына баш ийбей, “Мен өзүм билем… Айткандарым мыйзам…” деп, өзүнүн тарапташтарына туура эмес маалымат берип, башка нукка буруп, көбүнчө “Бийлик мыйзамсыз иштерди жасап жатат… Мыйзамдын талаасына түшкөндө гана аларга баш ийем…” деген аракеттерди жасап олтуруп, ошол күнгө келди.

– УКМКнын төрагасы Опумбаев “Атамбаев жана анын тарапташтарында мамлекеттик төңкөрүш жасоо планы болгон” деп билдирүү жасаган эле. Иликтөөдө ушул маселеге дагы көңүл бурулдубу?

– Бул суроого тергөө толук жооп бериш керек. Бирок, окуяны иликтегенден кийин биз дагы ага негиздүү болгон материалдарды карап чыктык. Атамбаев жана тарапташтары мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярдык көргөн деп айтканга негиз бар. Мыйзамдуу түрдө кылмыш иш боюнча күбө катары чакырып жатса, “Мен барбайм!.. Курал-жарагым бар. Керек болсо атышам!..” деп айтып, үйүнө таштарды түшүрүп, аңысы көрүнүп калбасын деп чөп менен жаап олтурганын өзүңөр деле көрдүңөр да. Андан сырткары, өзүнүн балдарын чогултуп, аларды регионалдык карама-каршылыкка даярдаганы боюнча дагы далилдер бар. Эң жакын балдарынын айткан сөздөрүн кайталабай эле коёюн. Аларда кимдерди жок кылуу, кимдердин үйлөрүн тоноо планы өтө мыкты түзүлүп, ошонун негизинде регионалдык карама-каршылык чыгат, андан кийин Ак үйдү, КТРКны басып алабыз деген ой-пикирлери болгон.

– Атамбаев экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу Конституциялык палатага кайрылганын, ошонун чечиминен кийин чакырууга бармак болгонун айтып жатпадыбы. Анын ушул кайрылуусуна кандай баа бердиңиздер?

– Атамбаевдин Конституциялык палата чечим кабыл алгандан кийин деп айтканы туура эмес. Ал атайлап элди башка нукка бурган. Экс-президенттин кол тийбестиги Акаев учурундагы Конституцияда бекитилген болчу. Ошондо Өмүрбек Текебаевдер мыйзам кабыл алышкан. Биз анда дагы каршы чыкканбыз. Себеби, адам укуктары жөнүндөгү дүйнөлүк декларацияда жарандырдан сот алдында укугу бирдей деп бекитилген, кол тийбестик ага каршы келет деп айтып чыкканбыз. 2006-жылы кабыл алынган Конституцияда бул норма алынып салынган болчу. Бирок, мыйзамда калып калган. Демек, ошондон тартып экс-президенттин кол тийбестиги деген норма иштебейт. 2010-жылы кабыл алынган Конституцияда дагы андай норма каралбаган. Ушул себептен, Атамбаевдин абсолюттук кол тийбестиги жок. Алар муну элге айтышпай, мыйзамга басым жасап туруп алышкан. Мыйзамдан жогору турган Конституция бар да.

– ИИМдин тергөөчүсү Атамбаевди мажбурлап суракка алып келүү үчүн өзүнүн токтому менен УКМКга кайрылып жатат. Эмне себептен тергөөнү жүргүзүп жаткан ИИМдин жетекчилигине кайрылган эмес? Талаш жараткан ушул жагдайдын мыйзамдуулугу каралдыбы?

– Тергөөчүнүн аракети мыйзам чегинде болгон. Бул жерде мыйзам бузуу болгон эмес. Мунуда комиссия аныктап чыктык. Эмне үчүн УКМКга кайрылганын да тактадык. Биринчиден, Атамбаевдин кайтарып жүргөн УКМКнын кызматкерлери болгон. Алар менен түз байланышканга жакшы болчу. Экинчиден, Атамбаев өзү “Менде курал бар, келсе атышам. Жөн багынып бербейм”деп айтты. УКМКнын кызматкерлери Атамбаевди кармап, алып келебиз деп барган эмес. Эл ушуну так түшүнүшү керек. Алар оперативдүү топту коргоп барышкан.

– Атайын кызматтын жоокерлери Атамбаевди кармоого барган оперативдүү топ үчүн коридор ачып берүү үчүн гана барышканбы? Башка буйрук берилген эмеспи?

– Атайын кызматтын жоокерлери Атамбаевди кармоого барган оперативдүү топко жол ачып берүүгө гана барышкан. Башка эч кандай буйрук болгон эмес. Биз видео тасмаларды көрүп чыктык. Кармоого барган оперативдүү топ биринчи эшикти такылдатышып, “Биз келдик, эшикти ачкыла” десе, эч ким эшикти ачпайт. Ошондон кийин жоокерлер Атамбаевди кармаганы эмес, эшикти ачканы дубалдан секирип түшүшөт. Жоокерлердин айтуусу боюнча, ошол маалда Атамбаевдин тарапташтары таш менен урушат. Бул тууралуу тасмалар бар экен баарын карап чыктык. Кой-Ташка барып, ошол жердеги тургундар менен жолуктук. Атамбаевдин үйүндө тамак даярдаган эжелер “Биз ошол жерде тамак даярдайт элек. Жоокерлер дубалдан секирип түшүп эле, атайын куралдардан ок чыгарып жиберишти. Жөнөкөй жарандар ошондон кийин таш ыргытышты” деп айтышты. Алардын айткандары да тыянакка жазылды. Бирок, бүт документтер, видео тасмалар атайын кызматтын балдары айткандарды бекем деп койду.

– Жоокерлер топтолгон элди бөлүп, оперативдүү топко коридор ачып берип жатпайбы. Эмне үчүн оперативдүү топ өз учурунда тапшырманы аткара алган жок?

– Технологиянын заманында маалымат көз ачып жумганча тарап кетип жатпайбы. Атамбаевдин тарапташтары бат эле чогула калганга үлгүрүштү. Оперативдүү топ Атамбаевдин үйүнө кире албай койгон. Ал ар бир кабатына темирден тосмо кылып алгандыктан, аны бузуш керек болуп, убакытты уттурушкан. Чогула калган Атамбаевдин тарапташтары жоокерлерди сабашып, куралдарын тартып алып, кээ бирлерин барымтага алып койгон.

– Жоокерлерди барымтага алган жокпуз, алардын өмүрүн сактап калдык деп ошол жердеги штабдын адамдары айтып чыкпадыбы…

– Ошол жердеги штабдын мүчөлөрү мыйзамды жакшы түшүнүшөт. Адамды барымтага алуу чоң кылмыш. Жоокерлерди 16 сааттан ашык кармашты. Эгер 12 саат кармаган болсо эч нерсе болбойт болчу. Ушуну билип туруп “Өмүрүн сактап калдык…” деп айтып жатышпайбы. Кимден өмүрүн сактап калышты? Атамбаевди коргогондор үйүнө кирсе, чогуу план түзгөндөрдүн арасындагылар жоокерлерди кармаса дагы кимден балдарды сактап калышат? Өмүрүн сактап калган болсо, жоокерлер менен чогуу беркилерге каршы туруп, күрөшүш керек болчу. Анткен жок да. Бул өздөрүн коргой турган гана сөз. Депутаттар Карамушкинанын “Балдарды толпадан сактап калдык” деп айткан сөзү бар. Ошондой болгон болсо, бийлик адамы катары алар менен күрөшүш керек эле. Алардын үстүнөн “Ушул адам балдарды кармап алды” деп ошол күнү эле арыз жазыш керек болчу. Арыз жазган жок. Себеби, өзүнүн командасы.

– Кой-Таш окуясында бейажал адам өмүрү кыйылды. Комиссия ушул жагдайды дагы иликтедиби же тергөөгө калтырып, аралашкан жокпу?

– Окуяда адам өмүрү кыйылып жаткандан кийин, аны көз жаздымда калтырып койгон туура болбойт да. Комиссия бул окуяга да көңүл бурду. Биз тергөө органы болбогондуктан, ушул адам аткан деп айта албайбыз. Бирок, ок атылган Атамбаевдин куралы, ок ошонун үйүндө атылды. Атамбаев өзү дагы “Мен аткам” деп айтты. Октон каза болгон жоокер бет маңдай эмес, капталынан турган. Атамбаев тараптан атылганы аскер адамы катары мага так эле билинип калды. Себеби, ок өйдөдөн ылдый кеткен. Ок түз тийбеген, биринчи темирге тийип, андан кийин рикошет болуп тийген. Жоокер ошол замат кулаган эмес. Шок абалында бир сааттан ашык басып жүргөн. Мындан башка, ал жерде жарадар болуп, манжаларын алып кеткендер дагы болгон. Алар менен да бетме-бет олтуруп сүйлөштүк. Кандай болгонун, ок кандай атылганын айтып беришти. Комиссиянын чечими боюнча ок Атамбаевдин тарапташтары тараптан атылган.

– Кой-Таштагы ийгиликсиз операция болгон күнү ИИМ министри Нарында, орун басары Балыкчыда, дагы бир орун басары ОДКБ алкагында өткөн машыгууга кетиптир. Бул атайын жасалган кадам болбоптурбу? Сурап көрдүңүздөрбү?

– Мен өзүм ушул маселе боюнча ИИМ министрине урматтуу министр, сиз Солтон-Сарыда жүрүпсүз, орун басарыңыз Балыкчыда жүрүптүр. Силер атайлап жасаган жоксуңарбы?” деп суроо бердим. Иликтеп көргөнүбүздө атайлап жасалган эмес, окуя ушундай нукта болуп кетет деп дагы ойлобоптур. Министр өзү Солтон-Сарыдагы ызы-чууга өзү барыптыр. Бүгүн булар атайлап кетип калышкан деген ар түрдүү пикирлер жаралышы мүмкүн. Биз иликтеп көргөндөн кийин андай эмес деген ойго келдик.

– Операция ийгиликсиз болгону үчүн ИИМ министри менен УКМКнын төрагасынын жоопкерчилиги каралсын деген чечимге келе алдыңыздарбы. Эки жетекчи жоопкерчилик тартыш керекпи?

– Комиссияда көп талаш-тартыш болду. Көпчүлүгү “Муну Жогорку Кеңеш чечсин, биз жоопкерчилиги каралсын деген ойду айта албайбыз” деген ойго келишкен. Мен ага каршы чыктым. Баарына түшүндүрүп, жоопкерчилигин караттырышыбыз керек деп өзүмдүн расмий сунушумду бергем. Бүгүн баарынын жоопкерчилиги каралды. Бирок, конкреттүү фамилияны жазган жокпуз. Себеби, ал жерде бир эле Жунушалиевдин, Опумбаевдин иш аракети каралган жок. Окуяны комплекстивдүү карап чыктык. Алардын орун басарлары катышкан окуялар бар. Ошондуктан, УКМК жана ИИМдин кызматтык адамдарынын жоопкерчилиги каралсын деп жалпылап жаздык. Өзүмдүн жеке оюм боюнча бул эки жетекчи кызматтарынан кетиши керек. Булар мындай окуя болуп кетет деп ойлошкон эмес. Бул өтө чоң кемчилик. УКМК менен ИИМ ушундай кырдаал болуп калса, тарапташтарын кантип тособуз, алардын санын кантип азайтабыз дегенди ойлогон да, пландаган да эмес. ИИМдин 91 кызматкери ар кандай жаракат алышты. Атамбаевдин тарапташтарынан жаракат алып кайрылгандар аз болгон. Ушундай милициянын кереги барбы? – деген суроону да койдум. Милиция көчөгө чыккандай эле барышкан.

Атайын кийим кийбеген, курал болгон эмес. Милициянын ушундай абалда барганына түздөн-түз жетекчи күнөөлүү. Булар дайым даяр турушу керек. Атайын формасы жок барып, көпчүлүгү ыргытылган таштан жабыркаган. Милициябыз дагы таш ыргыткан тарапты таш менен урушкан. Бул дагы кемчилик, мыйзам бузуулук.

– Мурунку президент, мурунку кол башчыны кармоо учурунда эмне үчүн аракеттеги президент эс алууга чыгып кеткен? Эмне үчүн УКМК менен ИИМдин биргелешкен планы түзүлбөгөн? Эл арасында айтылгандай, мен Атамбаевди кармасам чин алам деген кызганыч болгон деген чындыкка жакыныраак болуп жатабы?

– Бирөөнү суракка алып келет экен, эс алууга чыкпай олтурайын деп президент эч жакка чыкпай олтурушу керек деген логикага туура келбеген көрүнүш. Атамбаевди болгону күбө катары гана чакырып, булар ушинтип көрсөтмө берип жатат, келип жооп берип кой деген аракет болгон. Буларда камайбыз, келсе тыгып коёбуз деген план болбогон. Эртең алып келет экен деп кабинетте олтура берген туура эмес. Президенттин өзүнүн графиги, иш планы болот! Ошондуктан, атайлап эс алууга чыгып кеткен деген сөз суу кечпейт. Бир эмес үч жолу чакырууга каршы болуп “Мен колхоздун кою эмесмин…” деген сөздөрдү айтып жатса, мыйзам чегинде алып келгиле деп баардык адам айтат.

– Атамбаевдин тарапташтары Жээнбековду “саткын” дегенге чейин барышты. Президент кылып жетинчи кабатка алып келген адамды сатып кетти дешти. Жээнбековдун аракети туура болдубу?

– Азыркы президенттин кадамы абдан туура, мыйзам чегинде болду. Сөздү ар кандай кылып бурмалап айтса боло берет. Адамдын оозун эч ким тыя албайт. Жээнбековго саткын деген сөз жукпайт. Сооронбай Жээнбеков шайлоо учурунда “Биринчи кезекте коррупционерлер менен күрөшөм” деп айтып жүрдү. Шайлоодон утуп келгенден кийин “Мен Конституциянын, мыйзамдардын талаптарын так аткарам” деп ант берди. Берген антын аткарыш үчүн коррупционерлер менен күрөшүүгө барышы керек болду. “Жакын тууганым, досум экенине карабайм” деди. Камалгандар Батукаевди чыгарууга Атамбаев түз көрсөтмө берген деп айтып жатса, эмне кылыш керек эле? Мен президентмин, Атамбаевди камагыла деп түз көрсөтмө берген жок. Тергөө иликтеп, көрсөтмөлөр ошол кишиге барып такалып жатса, чакырып сураш керек да. Атамбаев өзү суракка келип, берилген суроолорго жооп берсе, бүгүн УКМКда эмес, өз үйүндө жакшынакай болуп бала-чакасы менен олтурмак. Өлүм болмок эмес, жоокерлер барымтада кармалмак эмес, тегерегиндеги балдары камалмак эмес. Тегерегинде жүргөндөрдү өзү күчөтүп албадыбы. Демек, күнөө бир эле адамда болуп жатабы. Эл алдында берген антын аткара турган киши дүйнө коомчулугуна чыгып кеткен маселени көмүскөдө калтыра албайт.

– Каза болгон офицер Үсөн Ниязбеков өз өлүмү менен Кыргызстанды башаламандыктан, түндүк-түштүк болуп бөлүнүп кетүүдөн сактап калды. Эгерде анын ордуна Атамбаевдин жанында жүргөндөрдүн бирөөсүнө ок тийгенде, окуя башка нукка кетмек. Башаламандык токтомок эмес. Ушул боюнча пикириңиз кандай?

– Туура баамдагансың. Окуяны терең караганда, Ниязбековдун өлүмү ошондой эле болду. Эгерде Атамбаевдин тегерегиндегилердин бирөө ок менен жарадар болгондо, мамлекеттүүлүккө чоң зыян келмек дагы, түндүк-түштүк болуп бөлүнүүгө терс таасирин берет эле. Атамбаевдин арам ою элди региондук бөлүнүүгө түртүп, мамлекеттеги стабилдүүлүктү бузуп болсо дагы Сооронбай Жээнбековдон өч алуу болгон. Ошол максатына жетпей калды. Булардын максаты ошол болчу. Нормалдуу адам үйүнө таш төктүрүп, ар бир кабатына темир торду орнотуп, өзүнө түрмө кылбайт да. Келсе келсин тагдыр кандай болсо көрөрмүн деп ойлойт, нормалдуу адам. Демек, ал өзүнүн күнөөсүн билген, баары далилдене турганы ачык-айкын болуп калган. Ниязбековдун өлүмү Кыргызстандын биримдигин, мамлекеттүүлүгүн, тынчтыгын сактап калды. Кечээ эле өзүнүн кол алдында “честь” берип жүргөн офицерин аткан чоң кылмыш.

– Атамбаевде акча көп, керек болсо УКМКнын имаратынан уурдап кетүү пландары түзүлүп жатат. УКМКда Абдил Сегизбаевдин адамдары олтурат. Алар акча менен көп маселени чечип коюшат деген сөздөр эл арасында айтылып жатат. Ушул сөздөрдү реалдуу ишке аша турган версия деп атоого болобу?

– Муну жокко чыгара албайбыз. Чындыгында Атамбаевде акча каражат көп. Эң негизи чогулткан каражаттарын былк эттирбей сактап калганга жетишти. Сактап калганга ким жардам бергени кийин иликтенип чыгат. Ошол акчалар Кыргызстандын стабилдүүлүгүн бузууга, өзүн түрмөдөн алып чыгып кетүүгө жумшалышы мүмкүн дегенди жокко чыгарыш керек эмес. Сегизбаевдин адамдары УКМКда дагы деле иштеп жатышат. Мен дагы бир нерсени баса белгилеп кетейин. Азыр Батукаевдин чыгарылышын башка нукка бурганга аракет кылышты. Батукаевди Жаныш Бакиевге алмаштырмак болгонбуз деген менин оюмча бул дагы Сегизбаевдин планы. Мурун мындай сөз жок эле да. Бул карапайым элдин аң-сезимине ойногон идеологиялык куралы. Кээ бирөөлөр “Жаныш менен алмаштырам десе жакшы ой болгон турбайбы” деп ойлошу мүмкүн. Эгер кылмыш ишибиз билинип калса, ушинтип айтабыз деп мурун эле даярданган болсо керек. Бирок, Жаныш түрмөдө олтурган жок. Батукаев менен алмашам десе, Жаныш Россияда түрмөдө олтурушу керек эле. Аны ким кармамак? Чечен элинин баары бандит эмес да. Эркин жүргөн кишини кантип кармап алмаштырабыз?-деп айтмак.

– Азыр ИИМ министри Кашкар Жунушалиев менен анын мурунку орун басары Курсан Асановдун тиреши катуу талкуу болуп жатат. Кашкар Жунушалиев өзү “Атамбаев менен сүйлөшүүнү мен жүргүзгөм. Курсан Асанов кийин гана пайда болуп калды” деп айтып жатат. Жоголгон “сыйкырдуу” пакет көп суроолорду жаратууда. Анда Атамбаевдин банктагы эсептери болушу мүмкүн деп да айтылып жүрөт. Эки генералдын ушул окуя боюнча айткандары кандай болду?

– Бул боюнча өзүм баарын тактап чыкканга аракет кылдым. Биринчи Атамбаевдин үйүнө спецназ менен Кашкар кирген. Атамбаевдин өзү менен эки жолу сүйлөшкөн. Спецназ үйгө киргенде Атамбаев “Ким жаныңарда?” деп сурайт, “Министр” дегенде, “Чакыргыла” дейт. Кашкар барып “Урматтуу Алмазбек Шаршенович, биз сизди кармаганы келдик. Каршылык кылбай колго түшүп бериңиз” дегенде, Атамбаев “Өз элиңе мактанайын деп келдиңби” деген сөздү айтат. “Мен 30 жылдан бери кызмат кылып келатам. Мурунку бийликке, сизге да кызмат кылгам. Азыркы бийликке да кызмат кылам. Бул менин милдетим. Мен сизге 15 мүнөт убакыт берем” дегенде, 2 саат сурайт. Бул убакытты элди топтогонго сураган болсо керек. “Максимум 15 мүнөт” дегенде, жарым саат дейт. Ага да макул болбой 15 мүнөт дегенде, “Макул, мен сүйлөшүп алайын” деген. Ошондон кийин Курсан Асанов пайда болот. Анын пайда болушун дагы тергөө органдары алып чыкса керек. Кундуз Жолдубаеванын телефонунда экөөнүн сүйлөшкөнү жазылып калган. Ошонун негизинде Асанов келет да, спецназдын командирине чөнтөк телефонун тартасың деп берет. Командир телефонго тарта баштайт. Курсан келген учурда Кашкарлар чыгып кеткен болот. Себеби, сүйлөшүү жүргүзгөндө башындагы “противогазды” чечип сүйлөшкөндүктөн, көздөрү ачышып кетип, орун басары Орозалиев экөөсү басып кетишет. Караса эле, Курсан кирип бараткан болот. УКМКга жаңыдан орун басар болуп барган Санжарды “Сен да киргиниң” дейт. Ошентип Курсан менен Санжар киришет. Санжар пакеттин ичинде планшет, блокнот бар экенин көрөт. Пакетке анча маани бербептир. Комиссиянын олтурумунда Курсандын өзүнөн “Атамбаев менен сүйлөшкөнгө министр сага санкция берди беле?” деп сурадым. Протоколдо жазылып калган. “Берген эмес” деп жооп берген. Сүйлөшүүнү министр өзү жүргүзсө сен кантип кирип бардың? Сенин кандай акың бар?-деген суроомо кандай жооп берген болсо, ошондой жазылды. Ал “Булар сүйлөшө алат беле” деп кемсинткендей айтып жатпайбы. Курсандын мыйзамдарды сактабаганы, атылган куралдарды кармап, патрондорду алып жатпайбы. Сен эмнеге кол менен кармадың, тергөө кабыл алыш керек эле го? – десем, “Мен тегеректегилердин коопсуздугун сактайын дегем” деп мага жооп берген. Тегеректе сенден башка ким бар эле?-десем,“Мени атып коёбу деп ошенттим” деген. Пакетти эч кимге көрсөтпөй, артына катып алып чыкканын видео тасмадан көрдүк. Анын ичинде эмне болгонуна көп басым жасаган жокпуз. Бул тергөөнүн иши. “Сени балаңды качырды деп Маалымат каражаттарына чыгып жатат, ушул чынбы?” деп сурасам, толкунданып кеттиби “Исмаил Исакович, менин балама чейин неге киришесиз…” дегенде, мен тактайын деп атам дегенде гана “Жок, ал окууга өткөн. Ошол үчүн кетти” деди. Бирок, андан кийин прокуратуранын өкүлдөрүнөн “Курсан Асанов баласын качырбаганын айтты эле. Силерде кандай маалымат бар?” деп сураганымда,“Баласы чындыгында качып кеткен” деп айтышты. Мунун кайсынысы чын же жалган экенин тергөө аныкташы керек. Курсандын, прокуратуранын өкүлдөрү айткан жооптору комиссиянын чечимине жазылып калды. Жеке өзүм пакеттеги планшетте чындап эле Атамбаевдин чет өлкөдөгү банктардагы акчаларынын эсеби бар болушу мүмкүн деген ойдо калдым.

– Атамбаевди соттук-психиатриялык экспертизадан өткөрүү күндүн темасына айланып жатат. Анткени, Алмазбек Атамбаев жаш кезинде Чым-Коргондо дарыланган деген маалыматтар айтылып келет. Мурунку президент өзү экспертизадан өтүүдөн баш тартты. Бул моралдык басым эмеспи? Же чын эле экспертизадан өткөрүү туурабы?

– Ар бир шектүүнү экспертизадан өткөзүш керек. Атамбаев өзү баруудан баш тарткан турбайбы. Бул өзүнүн эрки, эч ким колунан жетелеп зордоп алып барбайт. Карамушкина менен Кодуранова барып өтүшүптүр. Атамбаев дагы барып, текшерүүдөн өтүп койсо жакшы болмок. Барбай койгону эл арасында ар кандай пикир жаратканга жем таштап коёт. Себеби, коркуп жатат, жакын досу Туйгунаалы Абдраимовдун айткан сөзү чындык экен деген ой жаралышы мүмкүн.

Маектешкен: Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *