Исмаил Исаков, мурунку Коргоо министри: «Кыргыз элинин башына кара булут айланып турган кезде Сооронбайдын ишин өз көзүм менен көрүп, ыраазы болгом»

— Исмаил Исакович, кечээ күнү Алайда элдин алдында Сооронбай Жээнбековду колдой турганыңызды ачык айтып, элди да колдоого чакырдыңыз. Бир аз убакыт мурун эле мурунку вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев Өмүрбек Бабанов менен чогуу барып, “Биз Исмаил Исакович менен биргебиз” деп айтты эле. Биргебиз деген сөз чогуу бир тараптабыз деген маанини түшүндүрөт эмеспи. Кечээки окуядан кийин биз да сиздин кайсыл тарапты колдой турганыңызды түшүнбөй калдык. Кимисине ишеним артып турасыз?

— Абдрахман Маматалиев “Исмаил Исакович экөөбүз ушул талапкерди колдойбуз” деп айткан жок. “Экөөбүз биргебиз” деп айтыптыр. Туура, биз ага-ини катары биргебиз. Ал менин жакшы көргөн иним болот. Вице-премьер-министр болуп иштегенде абдан жакшы иштеди. Андан жакшы иштеген вице-премьерди көргөнүм жок. Ага катары акыл айтып, кээ бир мыйзамдарды көрсөтүп да жүрдүм. Мамлекеттик саясатты мыкты алып барган жигит катары аны ар дайым урматтаймын. Мүмкүн ошонун негизинде биргебиз деп айткандыр. “Колдойбуз” деп айтканда башка сөз болмок. Өзүмдүн ырасмий позициямды элге барып өзүм айттым. Сооронбай Шариповичтин талапкерлигин колдоп койгула дедим. Себеби дегенде Сооронбай иним экөөбүз мамлекетибиздеги орчундуу күндөрдө бирге болдук. Кыргыз элинин башына кара булут айланып, экиге бөлүнө турган болуп согуш чыгып атканда, анын ишин өз көзүм менен көргөн, мен айткан тапшырмаларды так аткарган жетекчи катары, улут-улут менен дипломатиялык тил менен жакшы сүйлөшө алган дипломат катары, ошол учурда райондордо тынчтыкты сактап калган азамат катары менин купулума толуп, ыраазы болгом. Ошол кыйын кезде командир болуп жүрсөм, азыр ал киши президенттик орунга ат салышып жатса четте карап турганым аскер адамы катары да, көп жылдан бери саясатта жүргөн саясатчы катары да, ага катары да туура болбой калат деп, колумдан келген жардамымды берейин деп чечтим. Кечээ Сооронбай менен Алайга чогуу барып, жалпы кыргыз элин, анын ичинде алайлык туугандарымды Сооронбайды колдоого чакырдым. Сооронбайды колдогонумдун экинчи себеби да бар. Ал Союз мезгилинде такшалган кадр. Союз учурунда кадрларды ар бир тепкичти бастырып, андан кийин өстүрчү. Бүгүнкүдөй ракета менен учуп келген же космостон келгендер, парашют менен түшүп калгандар болчу эмес. Сооронбай совхоздун директору болду. Совхоздогу директор ошол жерде окуу, медицина тармагынан баштап, дыйканчылык, фермага чейин жооп берген адам болчу. Сооронбай аны да көрдү. Губернатор болуп бир топ жыл иштеди. Анын артынан муну басып алды деген бир да ызы-чуу чыккан жок. Анын адамкерчилиги мыкты. Адам менен тил табыша алчу мүнөзү бар. Мына ушунун баарын эске алып, Кыргызстанга Сооронбай Жээнбеков президент болуп калса жаман болбойт эле деген ой менен колдоймун, көпчүлүктү дагы колдоого чакырып кетет элем.

— Бул жолку шайлоо негизинен эки атаандаштын ортосунда боло турганы ачыкталып калды. Сооронбай Жээнбековго татыктуу атаандаштыкты Өмүрбек Бабанов жаратчу болуп турат. Эки талапкердин үгүт иштериндеги аракеттери, экөөсү шахмат ойноп жаткандай элес калтырууда. Жүрүштөрү да шахматтын жүрүштөрүндөй болууда. Сиздин оюңузча кимиси жүрүш жасоо боюнча алдыга озуп чыга алды?

— Өмүрбек Бабанов бизнесмен адам катары күчтүү адамдарды өзүнө тартканга аракет кылып жатат. Бакыт Төрөбаевди, Абдрахман Маматалиевди, бизнес чөйрөдө жүргөн жаштарды тарта алды. Бул өтө чоң күч. Бабанов тактика жагынан билимдүү кадамдарды жасап атат. Сооронбайга карата каршы биринчи жүрүшү Бакыт Төрөбаевди кошуп алганы болду. Эми Сооронбай буга каршы күчтүү лидерлердин бирин өзүнө тартыш керек. Өмүрбек экинчи абдан чоң жүрүш жасады. Биздин коңшу өлкөнүн президенти, урматтап-сыйлаган, Орто Азияда гана эмес, дүйнөлүк аренада аброю бар Нурсултан Назарбаев аксакалыбыз Бабановду кабыл алып, эки өлкөнүн ортосунда кандай мамиле боло турганын айтканы күчтүү жүрүшү болду. Менин оюмча азыр Бабановдун акциялары өсүп жаткан болуш керек. Ушул өңүттөн алганда экөөсү бири-биринен өтүп баратат. Мен Сооронбай шайлоодо утуп чыкса деген адам болгонум менен, бүгүнкү реалдуу картинаны да эсепке алуу зарыл.

— Сиз Өмүрбек Бабановдун биринчи жүрүшү деп Бакыт Төрөбаев менен биригүүсүн атадыңыз. Кечээ Сузакта Сооронбай Жээнбековду ырасмий колдой турганын, ошол киши үчүн талапкерлигин алып салганын Камчыбек Ташиев билдирип, экөөсү элдин алдына чогуу чыгышты. Бул Бабановдун биринчи жүрүшүнө каршы жүрүш болду да?

— Камчыбек Ташиев келечеги кең бала. Ал жигит Сооронбайды колдой турганын беркилерге окшоп дүң кылган жок. Ошондуктан чоң резонанс жаратпай, күчтүү кадамдардын арасына кирбей калгансыды. Бирок, кечээ күнү Камчыбек Ташиев иним “Мен талапкерлигимди Сооронбай Шарипович үчүн алып салдым. Мен элге окшоп кызмат үчүн соодалашпай, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн бириктим» деп айтканы берки экөөнө жооп болду. Анткен менен Төрөбаевдин артыкчылыгы реалдуу талапкер катары өзүнүн программасын так айтып, чогулткан акчасы Бабановдон кем калышпай турган болчу. Акча менен эсептей келгенде анын артында дагы чоң күч бар экенин билдирип койгон. Башында Төрөбаев Бабановго өтпөгөнгө даяр деген маалыматтар чыккан. Кийин келишимдерди аткарбай койгондон соң өтүп кетти деп атышат. Чоң акча каражаттын биригүүсү азыркы кезде чоң жүрүш болуп эсептелет.

— Бирок, эл арасында мындай биригүүлөр терс натыйжа дагы берип коюшу ыктымал экенин көрүп келатабыз. Айрыкча, шайлана элек туруп жогорку кызматтарды бөлүп алган биригүүлөр. Ушул өңүттөн караганда саясатчылардын соодалашып биригүүсү элдин кыжырын келтирбейби?

— Саясатта бир гана кызыкчылык деген болот. Эч качан досчулук болгон эмес. Кызыкчылыгы жок бир да саясатчы башка бирөө менен бирикпейт. Мен президент, сен премьер-министр дегенди эл арасында туура эмес кабыл алуу болушу мүмкүн. Бирок, ошондой болушу керек. Аттанып чыккандар эмнеге кетип баратканын элдер билиши керек. Бир максатка жетем деген болсоң сендеги дух башкача болот. Эгер ошол жерге барганда көрө жатабыз десең андай дух болбойт. Менин жеке оюм боюнча экөөсү туура эле кылышты. Керек болсо спикерликти сен аласың деп үчөө биригиши керек болчу. Бир команда болобуз, жыдысак да, жетсек да бирбиз деп баарын ачыктап алуу керек. Ошондо адамдар Чолпонбай дзотко төшүн тоскондой дух менен чыгышат.

— Өмүрбек Бабановдун экинчи чоң жүрүшү деп казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукканын айттыңыз. Буга чейин өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке атайын иш сапар жасап, анда мураскерликти колдой турганын билдирген. Эки талапкер коңшу президенттерди тартуу боюнча дагы бирдей жүрүш жасашты го дейм…

— Шавкат Мирзиёев президент болгонуна көп убакыт өткөн жок. Ал киши Өкмөттү жетектеп, чарба иштери менен алектенип, биздин ички саясатыбыздагы көп нерселерден тааныш эмес болушу мүмкүн. Нурсултан Назарбаев болсо такшалган саясатчы. Коңшулардын мамилеси тууралуу айтып, Бабановго ыктагандай түр көрсөттү. Өмүрбек Бабанов деле өзбек президенти менен парламенттеги фракция лидери катары жолукту. Шавкат Мирзиёев мураскерлик уланса жакшы болот эле деп Сооронбайга ыктагандай сөзүн айткан. Муну баарыбыз түшүндүк. Мен Сооронбайды колдогон адам катары Мирзиёевдин сөзү абдан жакшы болду, 30 млндон ашык эли бар өлкөнүн президенти ушинтип айтып кеткени чоң күч болот деген ой жаралган.

— Бизге чакан ГЭСтер менен бирге Нарын каскаддарын курабыз деген чехтердин компаниясы менен Өкмөт келишим түзүп, азыр ал келишимди Кыргыз Өкмөтү бир тараптуу бузууга барып жатат. Чех компаниясы ГЭС курууга адистешпегени, өздөрүнүн өлкөсүндө айнек гана чыгарганы белгилүү болуп, ал тургай банкроттук абалда экени айтылган. Банкроттук абалдагы компания 37 млн долларды төлөп берери да күмөн жараткан. Жоопкерчилиги чектелген коом менен Кыргыз Өкмөтү Өкмөттүк деңгээлде келишим түзгөнүнө биринчи кезекте ким күнөөлүү?

— Бизде Коопсуздук деген кызмат бар. Бул кызмат экономикалык, саясий, диний жана башка коопсуздуктарды көзөмөлгө ала турган орган. Алардын микроскобунан чет мамлекеттен келген ар бир компаниялар өтүшү керек болчу. Бул компания шылуун же шылуун эмес, каражаттык абалы күчтүү, булар менен иштешсе болот деген маалыматты ошол орган бериши зарыл. Ошондуктан бул келишим боюнча дагы биринчи кезекте Коопсуздук кызматты күнөөлөшүбүз керек. Президентти, премьерди ыңгайсыз абалга ошолор алып келди. Бул биринчиси. Экинчиси, Өкмөт ошол компанияны өзүнүн элчиликтери аркылуу 2–3 тараптан иликтеп чыкканга милдеттүү болчу. Азыр фамилиясы жакшы жигит Өкмөттү жетектеп олтурат. Мен аны фамилиясы үчүн гана сыйлайм. Ал жигит чехтердин компаниясы тууралуу айткан сөздөрүн баарыбыз укканбыз. Демек, ал баарын билип туруп бир кызыкчылыктын негизинде бүткүл кыргыз элин алдады. Жоопкерчиликти өзүм алам деп айткан вице-премьер алгач элге жарыялап жатканда анализдеп алайын, кийин уят болбоймунбу деп иликтөөгө милдеттүү эле. Эми бүтүндөй Кыргыз Өкмөтүн уятка калтырып, жүзүн жер каратты. Бул маалымат бүткүл дүйнөгө кетти. Туура эмес келишим болду деп коомчулук жар салып жатканына карабай келишим түзүп алышып, өлкөнүн бетине чоң көөнү сыйпап коюшту. Ушундай Коопсуздук комитетинин төрагасын, ушундай Өкмөттүн башчысын, анын орун басарын бир дагы өзүн сыйлаган мамлекеттин жетекчиси жетекчи катары сыйлабайт. Мамлекеттик этика боюнча жылмайып коюшу мүмкүн. Бирок, Кыргызстанды уят кылышты. Эки-үч күндүн ичинде баарысы “Бизди өмүр бою кечиргиле” деп элден кечирим сурап, өздөрү секин басып чыгып кетиши керек.Баарын талкалайт деп алып келген жаштар бала бакчанын балдары экен. Булар намысы бар болгон болсо, эл арасында уялбай басып жүрөйүн, башка жакка барганда баягы алдамчыларды алып келген ушулар беле дегендей мамиле жасабасын, өлкөнү уят кылбайын деп кетип калышса утушат.

— ГЭС маселеси Өзбекстандын президенти иш сапар менен келген кезде дагы көтөрүлдү. Өзбек президенти “Нарын дарыясына курула турган ГЭСтерге өзбек тарап катышат. Өзбекстансыз ГЭС курулбай турган болду” дегендей сөзүн айтты. Буга чейин деле өзбек тарап ГЭСтердин курулушуна каршы болуп келген эмес беле. Өзүбүздүн суу ресурсубузга башка өлкөнүн макулдугусуз эч нерсе кура албай турган болсок, эгемендүү өлкө болгонубуз кайсыл?

— “РусГидро” менен келишимдин жокко чыкканынын дагы бир себеби Өзбекстандын чоң таасири тийди. Раматылык Ислам Каримов ГЭСтин курулушуна каршы болуп, эл аралык чоң жыйындарда маселе көтөрүп, Россияны да көндүргөндөрдүн бири болгон. “РусГидро” менен келишим түзүлүп жатканда бир топ депутаттар каршы чыкканбыз. Келишимдин ички мазмунунда Кыргызстандын кызыкчылыгын коргобогон талаптар бар болчу. Коңшу мамлекеттердин позициясын тактап албаганбыз. Бир тарабынан өзбек президентинин айтканы туура эле. Экинчи тарабынан коомчулукта өзбек тарапты карап калат экенбиз деген сөз жаралды. Чындыгында өзбектер менен бирге ГЭС курсак жаман иш болбойт. Негизгиси келишимде эмне жазылат, тизгинди карматып койбойбузбу деген маанилүү. Ким эмнеге ээ экенин, сууну колдонуу эрежелери кандай болорун тактап, эки тараптуу карала турган болсо эмне үчүн курбашыбыз керек?

— Исмаил Исакович, сиз депутат болуп турганыңызда чек ара маселесин көп көтөрүп жүргөнсүз. Бул тармакты да жакшы билесиз. Кечээ жакында эле Өзбекстан менен чек арабыздын 85 пайызы такталып, чечилип калганы жар салынды. Бирок, кандай болуп чечилгени ачык айтыла элек. Бүдөмүк бойдон калууда. Бүдөмүк болуп жатканында сыр бар эмеспи? Үзөңгү-Кууш дагы жашыруун кетип калган эмес беле.

— “Шылуун” чехтер менен келишим түзүп алып, мунун чуусу көпкө чейин уланат. Себеп дегенде тигилер жасачу иштерин жасап, чөнтөктөрүн толтуруп алышты. Аскар Акаевдин учурунда ушундай көрүнүштү өзүбүз баштап алганбыз. Ошол туура эмес жолду бүгүнкү күнгө чейин оңдой албай жүрөбүз. Чек ара маселеси боюнча маселе эчак эле баары чечилген. Эгерде чечилген маселени мыйзам чегинде алып кеткенибизде бир да маселе көтөрүлмөк эмес. 1992-жылы Өзбекстан менен түбөлүк достук деген келишим түзгөнбүз. Ошол келишимде алар “Биз силердин бүгүнкү чек араңарды тааныйбыз, сыйлайбыз, бузбаганга кепилдик беребиз” деп жазып коюшкан. Демек, эч кандай маселе болбош керек. Ал эл аралык келишимдер БУУда жатат. Шылуундук кызыкчылыкты көздөгөндөр ошол жерге кирип алышып, баарын өзүбүздүкүлөр жок кылышты. Азыр андан кантип чыгуунун айласын таппай жатабыз. Биз бир гана нерсени чечишибиз керек болчу. Кээ бир жерлерде эки өлкөнүн жарандары аралашып жайгашып калган. Ошолордун гана маселесин чечип, калган маселени карабайбыз, алар эбак чечилген дешибиз керек эле. Мындан сырткары анклавдар маселеси каралууга тийиш болчу. Ал жерде жашаган эл кандай жол менен кирип чыгуусун чечип алалы, эл кыйналбасын деген маселени караш керек эле. Ушунун үстүндө гана иштегенде чек ара маселеси жаралмак эмес. Өзбекстан өзүнүн чек арасын эч кимден сурабай эле коргондоп алды. Биз тарап унчукпай олтурганда ушундай мамиле жасай берсек боло берет экен деп жыла берди. Азыркы абал ошентип жаралды. Абдрахман Маматалиев вице-премьер болуп турган кезде чечкиндүү иштерди баштады эле, үзүрүн эми берип жатат.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *