Италия менен дипломаттык паспорт ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралу Мыйзамга кол коюлду

Алмаз Атамбаев «2016-жылдын 30-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык паспорт ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды КР Жогорку Кеңеши 2016-жылы 19-октябрда кабыл алган.

Бул Макулдашуу жарактуу дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн башка Тараптын мамлекетине кирүү, чыгуу, транзит жана жүргөндүгү үчүн жүз сексен (180) күн ичинде 90 күнгө чейин виза алуу талаптарынан бошотууну карайт.

Аталган Макулдашууну ратификациялоо Кыргыз Республикасынын жана Италия Республикасынын жарандарынын – дипломаттык паспорт ээлеринин өз ара катташуусун жеӊилдетет жана эки өлкө ортосунда эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеӊейтүү менен  саясый-экономикалык жана консулдук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө болот.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн тартып күчүнө кирет.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *