Италия таажывирустан курман болгондордун саны боюнча Кытайдан да ашып кетти

Италияда таажывирустан улам каза болгондордун саны 3405ге (бир суткада 427) жетти. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.

Таажывирус пайда болгон Кытайда 3245 адам инфекциядан улам көз жумган.

Италия таажывирусту жуктуруп алгандардын саны 41 035ге жеткен. Сакайып кеткендер дагы аталган сандын ичинде.

Белгилей кетсек, таажывирус 2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытай бийлиги Ухань шаарында өпкө оорусунун күчөшү тууралуу айтып чыккан.

31-декабрда Кытай бийлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунуна белгисиз пневмония тууралуу маалымат берген.

11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жаңы типтеги таажывирусту “пандемия” деп жарыялаган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *