Италияда коронавирустан көз жумгандардын саны 600дөн ашты

Италияда коронавирустан  көз жумгандардын саны 631ге жетти. Ал эми бир күндө көз жумгандардын саны 168 адамды түзөт. Жалпы бул вирусту 8514 адам жуктуруп алган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

“Бүгүнкү  күндө бул илдеттен айыккандардын саны 1004 адамды гана түзөт. Ошондуктан бир күндө 168 адам көз жумуп жатат, бирок мен айта кетишим керек, коронавирус  өлүмдүн эн башкы себеби эмес” – деп билдирди укук коргоо Департаментинин башчысы Анджело Боррелли.

Эсиңиздерге сала кетсек, былтыр декабрь айынын аягында Кытай бийлиги Ухань шаарында өпкө оорусунун күчөшү тууралуу айтып чыккан. Бул коронавирустун жаңы түрү –  COVID-19 экени аныкталган. Учурда  коронавирус илдети дүйнөнүн туш-тарабына жайылууда.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *