Италияда соода- сатык жүргүзгөн түйүндөр убактылуу жабылды

Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте коронавирустун күч алгандыгына байланыштуу дарыканалар, азык-түлүк саткан дүкөндөрдөн тышкары бардык соода-сатык жүргүзгөн түйүндөр убактылуу жабыларын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Азык-түлүктөрдү мурдагыдай эле буюртма берүү менен үйгө чейин жеткирүү кызматтары иштеп жатканын кошумчалады премьер.

Учурда статистикалык маалыматтарга таянсак, Италияда вирусту жуктуруп алгандардын саны 12 миң 462, каза болгондор- 827, сакайгандар- 1045. Мындай көрсөткүч менен Кытайдан кийин эле Италия турат.


Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *