Из кубарлар сокулуктагы сойкулардын уюгун иликтешти

ИИМдин Чуй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Сокулук районунун борборунда сойкулуктун уюгун ачыктаганы маалым болду. Бул боюнча из кубарлар атайын рейд жургүзүшкөн. Сойкулуктун бетин ачуу үчүн атайын соода кылып, ал жерде интимдик кызматтар көрсөтүлөрүн тактоо учун операция учурунда белги салынган акчалар менен далил боло турган буюмдар алынгандыгы айтылат. Ал сойкулуктун уюгун 52 жаштагы аял уюштургандыгы аныкталып, ага кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш иши боюнча дагы иликтөө журуп жатат. Негизи буга чейинки маалыматтарда Сокулукта сойкулардын бир эмес, бир нече уюгу бар экендиги, аларды укук коргоо тармактарында иштеген жооптуу кызматтарда иштеген кызматкерлери “крыша” болуп келишкени да ачыкка чыккан. Андыткан сойкулардын уюгун таптакыр жоюп, жок кылып жиберүү маселеси өтө кыйынга турар…

Булак: “Багыт

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *