Кабулдагы жардыруудан кеминде 40 киши өлдү

Кабулдун борборундагы жардыруудан кеминде 40 киши өлүп, 65и жарадар болду. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө “Талибан” кыймылы алды.

Ооган бийлигинин маалыматына караганда, калаа борборунда дүрмөттөлгөн машине жарылгандан кийин жоочулар имараттарды аткылай башташкан. Коопсуздук күчтөрү ал жерди дароо курчоого алышкан. Кол салуу Кабулдун дипломатиялык аймагында болгон.

The New York Times гезитинин өз булактары билдиргендей, өлгөндөрдүн арасында алты аскер кызматкери бар. “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү жоочулар Ооганстан Коргоо министрлигинин имаратын бутага алышканын кабарлашты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *