Качанкыга чейин саясый туткундар мыйзамсыз камалып жата беришет?…

Ушул күндөрү коомчулуктун түрдүү катмары менен саясый активист, укук коргоочулар алдыдагы 8-ноябрь «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө» карата камактагы саясый туткундарга президент ырайым берүү жарлыгын чыгарса» деген сунуштарды байма-бай көтөрүшүүдө. Эгерде өлкө башчыбыздын бул ишти ишке ашырууга эрки жетсе, камактагы саясый куугунтуктан жапа чеккен Талгарбеков, Текебаев, Жапаров, Кадыров, Асанов, ж.б. бир катар саясатчылар эркиндикке чыгышмак. Ал эми мунапыс мыйзамы ноябрь, декабрь айларында кабыл алынары, саамалык ишке ашса, абактардагы жеңил-желпи жаза менен отурган миңдеген жарандарыбыз эркиндикке чыгышы күтүлүүдө. Биз айрым инсандарга «өлкө башчыбыз саясый туткундарга ырайым берип, мунапыс жарыялашы керекпи?» деген суроо менен кайрылдык.

Токтайым ҮМӨТАЛИЕВА, укук коргоочу:

– Мунапыс процессин мен дайыма колдойм. Кечиримдүүлүк – бул эзелтеден бери менталитетибизде жана салттык өзөгүбүздө да бар. Диний тараптан карасак да ыймандуулук – кечиримдүүлүк менен тең жүрөт. Саясый мунапыс азыркы кырдаалда абдан керектүү нерсе. Мен өлкөбүздөгү бул теманы тээ июнь айында БУУга жана абройлуу эл аралык укук коргоо уюмдарына кайрылуу менен көтөргөм. Адилетсиз жагдайда камакта отурушкан айтылуу Талгарбеков, Текебаев, Жапаров, Кадыров, Кунакунов, Асанов баштаган саясатчыларыбыз боюнча жалпы 32 кишинин үстүнөн Варшавада болгон ОБСЕнин чоң жыйынында бийликке жана эл аралык коомчулукка, бир катар өлкөлөрдүн элчиликтерине, Европарламенттин өкүлдөрүнө англис жана орус тилдеринде кайрылуу кылдым. Азыр коомчулук тарабынан байма-бай көтөрүлүп жаткан саясый туткундарды бошотуу боюнча көпчүлүктүн тилегин аткарыш президентибиздин парзы деп ойлойм. Кечиримдүүлүк бул сотторго кысым көрсөтпөй, бийликтин акыйкаттуулукка жол ачуусу. Камакта отургандарга ажобуз айкөлдүгүн көрсөтүп, ырайым кылса өздөрүнө, бүгүнкү бийликке утуш гана болмок.

Кубатбек БАЙБОЛОВ, генерал-лейтенант:

– Негизи, мыйзам боюнча ырайым – жазаны өтөп жаткан адамдын түз, жеке кайрылуусу менен гана ишке ашчу нерсе. Мен билгенден саясый куугунтуктун белгилери орун алган кылмыш иштердин негизинде соттолгон белгилүү саясатчылар андай кайрылуу жолдогулары келбейт. Ал эми мунапыс башка маселе. Көп жылдар мунапыс орто эсеп менен жыл сайын, айрым жылдары эки мертебе өткөрүлүп келген. Эсимде, бир жылдары депутат кезимде бул саясатты сындаган элем. Бирок, азыр өткөн режимдин саясый курмандыктарын эске алып, мунапыс жарыяланса туура эле болмок. Атүгүл саясый өңүттөн козголуп, «сүрсүтүлүп», илинип коюлган кылмыш иштери, маселен, ошол эле Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов баш болгондордуку да мунапыста эске алынышы керек. Мыйзам боюнча мунапыс конкреттүү адамдарга эмес, кылмыштын түрлөрүнө кабыл алынат. Демек, эгерде кабыл алына турган болсо, анда жогоруда аталган жарандар күнөөлөнгөн статьялар каралууга тийиш. Мунапыска адатта оор кылмыш түрлөрү киргизилбейт, бирок, тарыхта кабыл алынган учурлар болгон. Өткөн режим учурундагы калпыс каралоонун кеңири орун алгандыгын эске алып, кеңири мунапыс болсо болмок да…

Акин ТОКТАЛИЕВ, укук коргоочу:

– Саясатты анчейин түшүнбөгөн айрымдар жогорудагы аттары аталган саясатчылар жана башкалар «мыйзамдуу соттолушкан го, жаңылып калышса керек, буларга президент тарабынан кечирим берилип, боштондукка чыгышса болмок» деген жакшы ойлорун айтып жатышат. Эгер Жогорку Кеңеш, президент тарабынан камактагыларга мунапыс берилсе, анда саясатчылар орусча айткандай, «политический труп» болуп калат. Анда эч бир саясый ишке мындан ары кийлигише албай калышат. Ошондуктан, саясый туткунда жаткандардын бир гана жолу бар – алардын кылмыш ишин прокуратура менен сот кайрадан карап чыгып, акташ керек. Себеби, булар мыйзамсыз саясый буйрук менен камалган. Коомчулукка зыян келтиргендей эч бир кылмыш жасашкан эмес. Эртели-кеч саясый туткунда жаткандар каалайбызбы-каалабайбызбы акталышат! Ага жеткирбей туруп ажо Сооронбай Жээнбеков ал алдында кадыр-баркка ээ болоюн десе, анда алдын ала чара көрүп, кылмыш иштерин каратып чыгышы зарыл. Жээнбеков камактагы саясатчылардын мыйзамсыз соттолуп кеткендерин өзүделе жакшы билет. Негедир аларды бошотконго саясый эрки жетпей атабы… Болгону билмексен, укмаксан жана көрмөксөн болуп, «саясатчыларды түрмөдөн чыгарып жиберсем, оппозиция күчөйт, андан көрө тынч иштей берейин» деген кайдыгерлик мамиле жасабашы керек. Тескерисинче, коомчулукта айтылган ичкич-жегич милиция, прокурор, соттор менен күрөшүү болсо элдин талабы аткарылмак. Себеби, аларды четинен камай баштаса, анда прокурор менен сотгор ажонун тилин албай, саясый заказдарды аткарбай, жумуштан кете башташат. Ажо укук коргоочулардын жана адвокаттардын арыз жазгандарын көзөмөлгө албайт, ошондуктан коомчулукта өтө чоң нааразычылыктар болуп жатат. Карапайым адамдардын укугу корголбой, мыйзамды одоно бузуу жолу менен миңдеген бей-бечера адамдар саясатчыларга окшоп соттолушууда. Жеке эле саясатчыларга көңүл бурбай, түрмөдө камалып жаткандарга, парламент менен президент тарабынан чоң комиссия түзүп, ревизия жасаш керек. «Адамдар туура камалдыбы же чын эле күнөөсү барбы?» деп. Менин тажрыйбама караганда, учурда түрмөдөн жазасын өтөп жаткандардын 75-80%ын чыгарыш керек. Аларды бекер бакпай, алар үй-бүлөсүнө барып, үйүндөгүлөрүн баксын. Негизи мен укук коргоочу катары ажого сунуштайт элем: «Сооронбай Шарипович, кеч болуп кала электе саясый туткунда жаткандарды тез арада түрмөдөн чыгарып, саясый заказ аткаргандарды жана аларга буйрук бергендерди жоопко тартыңыз» деп. Качанкыга чейин саясый туткунда жаткандар мыйзамсыз камалып жата беришет?

Ийгилик Болсунбаев

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *