Качкын Булатов: “Мазасы кеткен «Макмалалтын» же комбинаттагы уурулардын үстөмдүгү бүтөбү?”

«Макмалалтын» комбинатынын айланасындагы чуулгандуу жаңжалдарга жакында чекит коюлбай калды көрүнөт. Анткени, уурулардын ордосуна айланган комбинаттагы бир ууру топ кеткени менен анын ордун  кайрадан экинчи ууру топ басып, кызмат абалынан пайдаланган кыңыр иштер дайыма жүрүп келүүдө. Уурулукка шарт түзүп, өз көмөчүнө күл тарткан туугандардан топ-топко бөлүнүп, жергиликтүү кландар бирин кетирсе, кайрадан эле экинчи топ уурулук жүргүзгөн участканы ээлеп, мындай көрүнүш таң калычтуу деле болбой калды. Акыркы жылдары уурулук фактылары ачыкка чыкандыгына карабай, «Макмалалтын» комбинатынын жетекчилери шапке алмаштыргандай эле алмашылып, кызмат орундары сатылып келген. Ортодо көзөмөлсүз ири акчалар уурулардын пайдасына түшкөн. Эгерде баам салсак, ар бир мөөнөт мастери, мөөнөт начальниги бири калбай өз үлүштөрүн алып калууга кызыкдар. Чындап келгенде, таза иштеген, алтынга суук колун салбаган бирөө дагы жок. Жетекчи алмашары менен комбинатта команда түзүү адатка айланган, ал эми командага кирбей калгандар арыз жазып, “дежурга” айланган жергиликтүү активист адамдарды баштап, депутаттарды, ал тургай КРнын ЖКнин депутаттарын, Ак Үйдөгү чиновниктерди пайдаланып, чагымчылык ыкмасы аркылуу же кызматка кайра бекитилчү же болбосо, жетекчинин уурулугун ачыкка чыгарып, кызматтан кетүүгө мажбур кылышчу. Анткени, уурулук “салтка” айланып, качан болбосун кызматка жаңы келген жетекчи уурулукка баш-оту менен кирип келген. Уурулукка киришкен учурду бат эле далилдесе болот, себеби бул маалда комбинаттан алтын уурдалып, кирешеси жокко учурап, ири чыгымдарга кириптер кылат. Ушундан улам «Макмалалтын» комбинатына жетекчилик көпкө кармалган эмес. Айрыкча, акыркы эки жылдын ичинде уурулук күч алып, «Кыргызалтын» каржылык кыла албай, банкроттук абалга кептелген. Өтө ири каражатты зыянга учураткан үчүн үч жетекчи алмашкан. Ошондой болсо да, бир дагы жетекчинин кылмыш жазасын албагандыгы өзүнчө парадокс. Алар кылмыш жазасын албагандыктан уурулук кылган тармакты тейлеген эргулдар жумуштан четтетилип тим болушкан. Максат уулу Улан менен Арзыбек уулу Нурлан алтын талашып мушташканын райондун тургундарынын баары билип, милицияга ишти өткөрбөй, акча менен жапканын кантип унутуп калды экен? Чындыгында, мыйзам сакчылары комбинаттагы уурулук боюнча козголгон кылмыш иштердин бирөөсүнүн дагы бетин ачпай, уурулар менен кол кармашып келгени чындык. Алар миллиондогон каражатты “ынтымакта” бөлүшүп, уурулардын бетин ачпай, кылмыш ишти жаап келишүүдө. Мыйзам сакчыларынын дагы кекиртектери куурап турганы шексиз. Ошондуктан, ушул убакка чейин бир дагы кылмыш иш аягына чыга элек. Баарынан таң калычтуусу, ошол арызданып жүргөн  алтын “чайкоочуларынын” кызматта отурган мезгилдеринде өзүлөрү ээлеген участкаларда атайын трубалардын ичине алтынды тосуучу тор (“колбаса” деп аталуучу) алтынды кармагычтарды орнотуп алышканы жалганбы? Бир кармагыч аркылуу алар беш, он килограммга чейин алтынды алып чыгышчу. «Кыргызалтындын»  жаңыдан кызматка келген жетекчиси А.Алымбеков, ошондой эле жаңыдан кызматка отурган «Макмалалтындын» жетекчиси К.Дыйканов, коопсуздук кызматтын жетекчиси Н. Канымбетов үчөө уурулукту жоюу максатында орчундуу участкалардагы мурунку уурулук кылып жүргөн темир түтүктөрдөгү тосмолорду (уловитель) таап, ал түтүктөрдүн ордуна титан түтүктү коюшуп, ууруларга бөгөт коюштү. Ошо участканы тейлеген уурулук кылганга шектелген он эки адамды кызматтан четтеткенде уурулук толук токтогон. «Макмалалтындын» жаңы жетекчилиги А.Алимбековдун уурулыкка тиешеси жок болгон үчүн,  алдыга койгон план-милдеттенмелер аткарылып, жумушчулар айлык маянасын убагы менен алып, ал эмес сыйлыктарды дагы алышты, бул далилдүү факты. Мурда ар ай сайын он беш килограммдан кем эмес алтын уурдалып келген. Ал эмес генерал Токтокучук Мамытов дагы мындай көрсөткүчкө жеткен эмес. Уурулуктун кесепетинен «Кыргызалтын» киреше албастан, жүз элүү миллион сом зыянга учураган. Уурулуктун кесепетинен олуттуу зыянга учурап турганда жергиликтүү депутаттар эмне үчүн үн катпай жүргөн же ошо уурулуктун ичинде болгон эмеспи? – деген суроо туулат. Буга чейин Максат уулу Улан менен баарлашканымда кайра кызматка бара тургандыгы тууралуу айтып, ооз ачкан эмес. Эми болсо ал арызданып жүрөт, чындап келгенде Максат уулу Улан кедей эмес байлардын катарындагы элдин оозуна алынган жигиттердин бири. Анын Бишкекте чоң-чоң тамдары, татынакай джип автомашинасы, алтын саткан күркөсү дагы бар. Албетте, айта берсе сөз көп, бирок, ушундай мамлекетке ири зыян алып келген жетекчилерди кылмыш жообуна тартып, жоопкерчиликти күчөтүү өкмөттүн жана тергөө органларынын иши эмеспи. Ал эми Максат Улан кылаарын кылып туруп, оозун кургак чөп менен аарчып, акыйкат издебесе жакшы болмок. Миңге жакын жумушчулардын, ошол эле Тогуз-Торонун бюджетин тузгөн «Макмалалтын» комбинатына ири зыян алып келип жүргөн зыянкечтердин акыйкат издеп жүргөнү арийне акылга сыйбаган көрүнүш.

Укук коргоочу Качкынбек БУЛАТОВ

Булак : “Искра”

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *