Качыке Эсенканов, Жогорку соттун судьясы: “Жаңы кодекстердин ишке кириши менен мурдагы эски укуктук жоболордон бошондук”

Соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу жана коррупцияга каршы – Кыргызстанда жасалчу иштердин эӊ артыкчылыктуу багыты экендиги белгилүү. Акыркы жылдары көп иштер аткарылды. Мисалы, соттук-укуктук реформаны жөнгө салган негизги кодекстер жана бир нече мыйзамдар кабыл алынды. Сотторду тандоо боюнча кеңеш түзүлдү жана судьялык кадрлардын курамын жаңылоо жүрүп жатат. Ушуну менен катар эле 2019-жылдын 1- январынан тартып жаңы кодекстер менен мыйзамдар күчүнө кирди. Элдин сот тутумуна болгон ишенимин арттырууда жаңы кодекстер менен мыйзамдардын ролу кандай. Мына ушул туурасында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Качыке Эсенканов менен маектештик.

-Жаңы кодекстердин күчүнө кириши менен жарандардын укугу канчалык корголот?

– Кыргыз Республикасынын 2010-жылы кабыл алынган Конституциясында сот тармагы боюнча жарандык, жазык иштери боюнча жаңы жоболор камтылган. Ошонун негизинде иштеп жаткан мыйзамдарга өзгөртүү, толуктоо киргизүү каралган болчу. Атайын жумушчу эксперттик топ түзүлүп, жаңы кодекстер иштелип чыкты. Былтыр жарандык кодекстер ишке кирсе, быйыл 5 кодекс күчүнө кирди. Бул сот-укуктук реформанын алкагында жасалган иштер десек болот. Анын өзгөчөлүгү буга чейин арыла келе албай жаткан мурдагы, советтик, укуктук жоболордон бошондук. Биз кол койгон кээ бир эл аралык актылардын талабы дагы аткарылып жатат. Алсак, жарандардын укугун коргоо кеңейтилүүдө. Ошондой эле мурда жаза берүү репресивдик ыкма катары болсо, эми алар гумандаштырылды.

-Демек, жаңы кодекстер күчүнө кирери менен кылмыштуулук жоюулабы?

– Катуу жаза менен кылмыштуулукту жое албай турганыбызды тарых деле тастыктаган. Кылмыштуулукту жоюунун милдети жазалап эле коюш эмес, кылмыштын бетин ачып реакция кылуу. Ошол себептен гумандаштыруу болуп жатат.

-Кодекстердин аталышы менен мүнөзү дагы бөлүштүрүлдү десек болобу?

– Мурда Кылмыш-жаза кодекси деп койчубуз, анын айрымдары жоруктарга өттү. Алар эми кылмыш болуп эсептелинбейт. Бул соттолду дегендердин санын азайтат, тарбиялык мааниси дагы бар. Анткени Пробация институту адамды жазалап эле койбостон, эмне үчүн кылмыш кылды, себебин аныктап, экинчи кылбаш үчүн кандай чараларды көрүш керек экендигин аныктайт. Тагыраак айтканда, экинчи кылмышты болтурбоого аракет кылат. Мурда жазалап коюп эле чектелчи да. Бул Жазык кодексинин жетишкендиги десек болот. Уурулуктун мурда эки же андан көп уурдоо деген квалификациялык белгиси бар эле. Ошону менен эле көп жылдарга соттолчу. Майда кылмыштарга бир нече жыл берилип, чоң уурулукка жеңил жаза берилип калчу. Анткени, мыйзам ошондой болчу. А бирок буга сотторду күнөөлөшчү. Азыр анын бардыгы алынып салынды.

-Тергөө судьясы дагы кирип жатат. Анын өзгөчөлүгү жана жоопкерчилиги туурасында токтолсоңуз?

-Тергөөнүн ишине көзөмөл күчөтүлдү десек болот. Мурда прокурор эле көзөмөл кылса, азыр тергөө судьясы тергөөчүлөрдүн ишине контролдук кылат. Мурда иш козголгондон кийин, кылмыштарды каттоо китебине жазылып, тергөө кайсыл стадияда экендигине көзөмөл жок болчу. Азыр болсо Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине киргизилип, тергөө кандай жүрүп жаткандыгын кызыктар тарап көргөнгө мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми алардын жоопкерчилигине токтолсок, тергөө судьясы бардыгын эле көзөмөлдөйт деп айтуудан алысмын. Кандай тергөө амалдарына көзөмөл жүргүзүлөөрү мыйзамда так аныкталган. Мисалы, баш коргоо чарасын тандоодо тергөө судьясы чечим чыгара алат. Мурда баш коргоо чарасын тандоодо тараптар катыштырылбастан эле, кабинетте чечилип калчу.

-Азыр болсо тараптар дагы катышат. Жаңы мыйзамдардын күчүнө кириши менен абакта жаткандардын, жаза өтөп жаткандардын иши сотто кайра каралышы мүмкүн деп жатышат. Ал кандай ишке ашат, механизмдери кандай?

– Абакта жаткандардын материалдары, эгер алардын соттолгон беренелеринде жеңилдиктер каралса, түзөтүү мекемелери сунуш келтирет. Ошол иш кайсыл райондо каралып, токтоп калса , ошолор карашат. Мисалы, иш облустук сотто болсо анда ошол
жакта, же болбосо Жогорку сотто каралса, анда ал жакта. Жаза аткаруу кызматы 3  иштерди карап, сотко өткөрөт, соттор 6 айдын ичинде карап жыйынтык чыгарышы керек. Бул иштер, мыйзам караган мөөнөттө каралып бүтөт.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *