Кадамжайда мурдагы аялына 8 жолу бычак сайган киши 9 жылга эркинен ажыратылды

Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну мурунку аялын өлтүрүүгө аракет кылгандыгы үчүн 9 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди 20-октябрда Жогорку Соттун коллегиясы кабыл алды.

Бул иште айыпталуучу катары Кадамжай районунун туулганы, 1983-жылы туулган, мектепте 8-класска чейин окуган, мурда соттолбогон, Ак-Турпак айыл аймагынын Өрүкзар айылында жашаган К.Түгөлбай кармалган. 2017-жылдын 1-ноябрынан бери ал камакта жатат.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Түгөлбай 1985-жылы туулган  З.А. үйлөнгөн, алар үч балалуу болгон. Бирок пикир келишпестиктен улам ажырашууну чечишкен. Ажырашкандан кийин Зарина балдарды тарбиялоо укугун мыйзамдаштыруу үчүн сотко кайрылат. Бирок окуянын мындай өнүгүшү Түгөлбайга жаккан эмес жана ал аялын өлтүрүүнү чечет.

Ошентип, 2017-жылдын 31-октябрында саат 18:30 чамасында мурунку жубайлар Халмион айылындагы Баяман-баатыр базарындагы ашканалардын биринде жолугушушкан. Сүйлөшүү учурунда экөө айтыша кетишкен, ал учурунда Түгөлбай чайнекти колуна алып, аялын башка урган. Андан кийин өзү менен кошо алып келген ашкана бычагын алып чыгып, аялын көкүрөгүнө жана курсагына ура баштайт. Бул учурда жакын жердеги адамдар келип, күйөөсүн сүйрөп кетишкен. Натыйжада, аял 8 жолу бычак жеген, бактыга жараша аман калган.

Кылмыш ишинин материалдарын карап чыгып, Кадамжай райондук соту 2019-жылдын 6-августунда аны Кылмыш-жаза кодексинин 39-130-беренесинин 3-пунктунун 2-бөлүгү (“өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө аракет кылуу”) боюнча күнөлүү деп таап, 6 жылга эркинен ажыраткан.

Бирок Кадамжай районунун прокурорунун улук жардамчысы апелляциялык арыз менен облустук сотко кайрылган. Прокуратура биринчи инстанциядагы сот мыйзамсыз жана негизсиз чечим чыгарды, катаал жазалоону суранды.

Баткен облустук сотунун соттук коллегиясы материалдарды карап чыгып 11 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Чечим 2019-жылдын 22-октябрында кабыл алынган.

Түгөлбайдын адвокаты тарабынан кассациялык даттануу келип түшкөн, ал облустук соттун чечимин жокко чыгарып, райондук соттун чечимин күчүндө калтырууну – башкача айтканда, 6 жылга эркинен ажыратууну сураган. Мындан тышкары, жактоочу өзүнүн кардарына карата мунапыс мыйзамын колдонуп, жазаны жеңилдетүүнү өтүнгөн. Ошондой эле Түгөлбай мурунку аялына моралдык жана материалдык чыгымдын ордун толтурганы белгилүү болду. Адвокат мындан тышкары, тараптардын жараканына байланыштуу процессти токтотууну суранган.

Баткен облусунун прокуратурасынын бөлүм башчысы М.Б. экинчи инстанциядагы соттун чечимин негиздүү деп эсептеп, күчүндө калтырууну суранды.

Иштин материалдарын карап чыгып, Жогорку соттун соттук коллегиясы (судьялар Ж.Мамбетала, И.Гилязетдинова жана Н.Бакирова) өкүмдү өзгөртүп, Түгөлбайды 9 жылга эркинен ажыратышты.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *