Кадамжайда үч жашар кызды сабап салган өгөй ата кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Кадамжай районунда үч жашар кызды сабаган өгөй атанын үстүнөн кылмыш иши козголду. Бул жөнүндө ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 2014-жылы туулган кызды апасы ооруканага ит тиштегенин айтып кайрылган. Иттин тырмагынын издеринен тышкары, наристенин денесинен башка тактар дагы аныкталды. Терең териштирүүнүн жүрүшүндө аял бир күн мурда кызын өгөй атасына таштап кеткендигин моюндады.

– Өгөй ата кызды адегенде сабап, мунусун жашыруу максатында иттин тырмактары менен аймаган. Аял азыр күйөөсүнө каршы арыз жазды. Кыйноо беренесине ылайык кылмыш иши козголду,- дейт ички иштер министрлигинин өкүлү.

Баса, жакында эле Ош шаарында апасы кепкир менен урган эки жашар бала каза тапты. Анын апасына “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иш козголду. Узаган жылда жаш балдарга карата 11 кылмыш жасалган.

Булак: «Майдан.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *