Кадыр Кошалиев, коомдук ишмер: “Акаевди кустуруш керек!”

-Белгилүү коомдук-саясий ишмер Феликс Кулов мурунку президент Аскар Акаевдин Кыргызстанга кайтып келүүсүнө шарт түзүп берүү демилгесин көтөрүп чыкты. Сиздин оюңузча революциялык жоол менен тактан түшүрүлгөн Аскар Акаевдин кыргыз жергесине кайтып келүүгө моралдык укугу барбы?

– Азыр качып жүргөндөрдүн баарына бирдей шарт койгон туура болот. “Келсин, элден кечирим сурасын, өзүңө өлбөгүдөй оокат калтырып, калганын бюджетке төгүп берсин”- деген талапты президент демилгелеп же Курултайдын чечими аркылуу, же кадыр-барктуу аксакалдардын тобу демилгелесе көптөгөн машакаттардан кутулуп чиеленишкен маселелер чечиле баштамак! (А.Акаев, К.Бакиев, Д.Үсөнов, А.Шадиев, Ө.Бабанов ж.б)

Ушундай эле шартты кылмыш иши козголгон жана козголо элек элдин мүлкүн талап тоногон жемкорлорго (Ж.Сатыбалдиев, С.Исакаов, Кулматов, Ибраимов, Артыкбаев, Раим Матраимов, ж.б) карата да колдонсо болот.

Бирок, бул маселени парламент көтөрүүгө духу жетпейт, анткени ал жерде акчаны кудай кылып алган, элдин эсебинен байыган олигархтар олтурат.

Аларга да иш козгоп жеп ичкендерин бюджетке кустурууну башташ керек.

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *