Кадыр Кошалиев, ТЭКтин төрага орун басары: «Элдик Курултай – элди уят-намыска чакырган, бириктирген, бир багытка салган руханий институт болот»

— Кадыр мырза, айрым маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда коомчулуктун демилгеси менен апрель айында Элдик Курултай өтөрү айтылууда. Сиз Курултай маселесин көптөн бери көтөрүп келе жаткан демилгечи жана уюштуруу комитетинин мүчөсү катары айтсаңыз, Курултайды уюштуруу иштери кандай жүрүүдө, качан, кайсыл жерде, кандай форматта өтөт?

— Туруктуу Элдик Кеңешке кирген партия, уюм, коом жана жеке адамдардын демилгеси менен февраль айынын башында эле Жалпы Республикалык 3-Элдик Курултай жаз айларында өтөрү кабарланып, коомчулуктан ой-сунуштарды күтөрүбүздү билдиргенбиз. Эки айдан бери коомчулук Курултайды өткөрүү боюнча ой-пикирлерди, долбоорлорду Уюштуруу комитетине мүчөлөрдү сунуштап жатышат. Уюштуруу ишинин башына жаштардан Айбек Бусурманкуловду шайладык. Жаңы күчтөр, жаңы адамдар келип кошулууда. Курултай качан, кайсыл жерде өтөрүн жакынкы күндөрдө жарыя кылабыз.

— Элдик Курултайдын делегаттарын тандоо тууралуу ар кандай пикирлер айтылып келүүдө. Ошондуктан канча делегат катышат жана алар аймактардан кантип тандалып алынат?

— Аймактардан келе турган делегаттарды тактоо, тандоо жүрүп жатат. Андан сырткары ар кайсы коомдук-саясий күчтөргө, уюмдарга, илимий-чыгармачылык мекемелерге өкүлчүлүктүн квотасы бөлүнүп, алар да өз өкүлдөрүн такташууда.

— Сиздер тарабынан Элдик курултай идеясы көптөн бери эле көтөрүлүп келатат. Бирок бийлик тарабынан көңүл бурулбай келүүдө. Айтайын дегеним, атайын мыйзам болбогондуктан, Элдик курултайдын чечими канчалык деңгээлде легитимдүү болмокчу?

— ”Элдик Курултай жөнүндө” мыйзам кабыл алынбагандыктан, биз бул ишти коомдук демилге катары алып келе жатабыз. Эгер мыйзамы кабыл алынганда уюштуруу, каржы, юридикалык маселелери иретке түшөт эле, ким каалаган киши эле Курултай өткөрөм деп чыкпастан, мыйзамдын чегинде, делегаттарды тандоо да такталган критерий-талаптардын негизинде жүрмөк.

ЖКнын мурдагы чакырылыштагы депутаттары 2012-жылы мыйзамды биринчи окуудан 67 добуш менен өткөргөн боюнча кайра кайрылбай кете беришти. Азыркы чакырылыштын депутаты И. Өмүркулов дагы жаңы долбоор жазып, аны өткөн жылы шайлоонун учурунда “жел чыгаруу” максатында жарыялап койгон бойдон кабыл алуу аракети байкалбайт. Курултайда мыйзамдаштыруу маселеси кайрадан көтөрүлөт. Азыркы коомдук демилге катары өткөрүлүп келе жаткан Курултайлардын чечимине да бийлик кулак салууга тийиш, анткени ал жерде элдин үнү жаңырып, топтолгон көйгөйлөр көтөрүлүүдө.

— Элдик Курултайда кандай маселелер талкууланмакчы?

— Эгемендик жылдары топтолгон түйүндүү маселелердин баары эле системалуу көтөрүлөт го. Ушул сурооңуз боюнча да биз маселени ачык калтырып, элдин пикирин эске алып жатабыз. Мисалы, мен атуул катары “Өлкө тагдыры-эл тагдыры: өнүгүүнүн өз жолуна түшөлү”, — ​деген жалпы теманы коюп, анын коомдук-саясий, укуктук, социалдык-экономикалык, руханий өңүттөн карап, жакшылап талдап тийиштүү жыйынтыкка келип, өнүгүүнүн туура багытына түшүшүбүз керек деген ойду сунуштап жатам. Курултайга байланыштуу тигил же бул маселелерге ачыктык киргизүү үчүн Элден түшкөн сунуштардын негизинде Уюштуруу комитети жакында маалымат жыйынын өткөрөт.

— Сиздер өлкөдөгү баардык бийлик буктары, Президент, Жогорку Кеңеш, Сот бийлиги баш болуп, Элдик Курултайга жыл сайын отчёт берип турушу керек деп келесиздер. Мындай сунушка аталган бийлик бутактары кандай көз карашта жана кайра эле мыйзамдуулук маселеси кандай болуп калат?

Курултай — ​элдин нарктуу, салттуу, ыйгарым укуктуу, өкүлчүлүктүү жыйыны катары бийлик бутактарын багыттоочу жана көзөмөлдөөчү жамааттык Эл башкаруу ишин жөнгө салат. Эл — ​бийликтин ээси экенин аныктап турган, республикалык жана жергиликтүү маанидеги көйгөйлүү маселелерди талкуулап, алар боюнча чечим кабыл алуу үчүн эл өкүлдөрү катышкан жыйын катары коомдук-саясий системага Элдик Курултай институтун киргизүү менен биз:

  • Аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийликтерине татыктуу кадрларды тандап бекитүүгө;
  • Бийликтин ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгын канааттандырууга багыттоого;
  • Бийлик бутактарынын күндөлүк ишмердүүлүгүнө кийлигишпей көзөмөл салууга;
  • Бийлик бутактарынын башчыларынын отчётун угуу менен жоопкерчиликти пайда кылууга;
  • Эл арасында улуттук нарк-насилди, каада-салтты, үрп-адатты, жакшы жөрөлгөлөрдү, бийик моралдык-нравалык сапаттарды калыптандырууга, ал эми жосунсуз жоруктарды, ысырапкорчулукту четтетүүгө өбөлгө түзүп, башка элдердин да жакшы өрнөктөрүн пайдаланып, жаратмандыкка жана өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик идеологияны түптөөгө;
  • Жыйынтыгында элдик бийликти жана адилеттикти орнотууга жетишебиз.

Курултайдын чечимдери императивдик күчкө ээ. Улуу Курултайдын чечимдери бүткүл республиканын, ал эми жергиликтүү Курултайлардын чечимдери тиешелүү аймактын бардык мамлекеттик, коомдук уюмдары, жеке жарандары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылышы мыйзам чегинде бекемделиши керек болууда. Элдик Курултай — ​саясий эле эмес, эң оболу элди уят-намыска чакырган, акыл-эс, күч-кубатын бириктирген, ичинен тазалап, бир багытка салган руханий да институт.

— КРнын мурдагы экс-жетекчилерин Курултайга чакыруунун кандай зарылчылыгы бар эле?

— Уюштуруу комитетинин жыйынында бул маселе каралып, Кыргызстандын эгемендик жылдары иштешкен экс-президенттерин, экс-спикерлерин, экс-премьер министрлерин чакыруу керек деген пикир үстөмдүк кылган. Анткени, азыркы туташ кризиске кептелгенибизге алардын ар биринин “салымы” бар эмеспи. Кеч да болсо алардын ишмердүүлүгүнө баа берүү зарыл деп эсептейбиз. Бери болду дегенде алар элден кечирим сурап, жеп-ичкендерин кусуп берүүсү шарт. Ал эми аларга карата Курултай кандай жаза чектейт, кечирим береби же атууга кетсин дешеби аны делегаттар добуш берүү менен чечиши керек.

— ТЭК жаңы президент С. Жээнбековдун ишмердүүлүгүнө кандай баа берет жана кызматташуу планы барбы?

— Салыштырмалуу жаңы эле ишмердүүлүгүн баштаган Президент С. Жээнбековдун ишине баа берүү али эрте деп ойлойм. Ошого карабастан коомчулук андан өз алдынча чечкиндүү аракеттерди күтүүдө. Элде ишеним азырынча бар, анткени ал 8-февралдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы күрөшүү, Сот системасын реформалоо тууралуу саясый эркин билдирди. Чындап мамлекет, эл үчүн ак иштеген жетекчилер менен кызматташуу аздык кылат, жакындан колдоо керек. Азыркы Президент С. Жээнбеков кыргыз көчүн кайда алып барат, кеп ошондо…

Маектешкен Эмилбек Момунов

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *