Каган Барс бек- кыргыз мамлекет башчысы

Барс бек каган VII кылымдын акыркы чейрегинен – VIII кылымдын башталыш мезгилинде Борбордук Азиядагы саясий кыйчалыш доорунда мамлекетибиздин эгемендүүлүгү үчүн күрөшкөн, өрнөктүү өмүр жол баскан, азырынча Орхон-Енисей жазма тарыхый булактарда алгачкы ирет ысымы даана кездешкен кыргыз мамлекет башчысы болгон.

Ошол учурдагы тарыхый кырдаалга көз чаптырсак, VII кылымдын аягында Борбордук Азияда көктүрктөрдүн (1-Көк түрк кагандыгынын – 552-630-жж.) кайрадан күчүнө келип, бийлигинин орнотулушу, башка элдер менен бирге эле кыргыздар үчүн да кооптуу болгон. 689-ж. көктүрктөрдүн Кутлуг Чор Элтериш (681-693-жж. башкар-ган) каганы өкүмдары Баз каган болгон тогуз-огуздарды баш ий-дирип, Таң (Кытай) империясына сокку урган. Булар Борбордук Азияда Түрк мамлекетинин кайрадан күч кубатына келип, күчөшүнүн белгиси жана 2-Көк түрк кагандыгынын башталышы болгон. Ошол эле жылдары кыргыздардын мамлекетине көктүрктөрдүн кол башчысы Капаган (түрк тарыхий изилдөө-лөрдө Капкан – Д.С.) жортуулга барып ийгиликсиз кайткан . Алар менен бирге кыргыздар да бул аймакта саясий үстөмдүккө жетишиш үчүн активдүү күрөш жүргүзө баштаган эле.

Белгилүү тарыхчылар Владимир Мокрынин менен Владимир Плоскихтин маалыматтары боюнча ошол эле 689-ж. кыргыз элинин башчысы Барс бек Борбордук Азиядагы күчтүү мамлекеттердин бири катары өзүн каган деп жарыялоо менен Ынанчу Алп Билге деген салтанаттык ылакап аталышты кабыл алган . Муну чечмелей турган болсок, Ынанчу (упап) – ишеничтүү, Алп (а1р) – эр жүрөк, баатыр, кайраттуу жана Билге (bilga) – билимдүү акылман, кеменгер адам болгонун көрөбүз. Ал эми жаш түрколог Нурдин Усеевдин жаңы түшүндүрмөсү боюнча анын аталышы “Элиг Бөрт Опа Барс” – мааниси: элүү, орто жаш-тагы, өгүздөй күчтүү Барс . Ушул маалыматтан биз, Барс бек өлгөн 711-жылы 50 жашта болсо, анда ал 661- жылы төрөлгөн деген жыйынтык чыгарсак туура болчудай.

697-жыл Капаган (Мочжо Бег Чор – 692 же 693 -716 жж. башкар-ган) каган жана ханзада Билге (ал кезде 14 жашында тардуш эли-нин шады) чыгышта Сары дарыя, Шан – Тун өрөөнүнө (кебетеси, батыштагы Мавераннахр та-рапка, башкача айтканда Жүзак менен Самарканддын ортосун-дагы – Д.С.), Темир Капыга чейин жана Көгмен (Енисейдеги -Д.С.) тоолорунун ары жагындагы кыргыз өлкөсүнө чейин 25 жолу жортуулга чыгышып, 13 салгылаштын жыйынтыгында, сепаратисттик иштерге алектенип жаңылыштык кетирген түрктөргө тууган калктардын бири болгон түргөш каганы өлтүрүлгөн. “Ата бабабыздар ээлеген жерлер, дарыялар ээсиз калбасын деп, -айтылат Билге каганга (716-734 жж. башкарган) арналып 735 – ж. тургузулган эпитафияда, аз калкын (башкача айтканда кыргыздардын башкаруучу уругунун – Д.С.) тартипке келтирип уюштуруп Барс бекке бердик. Хакан наамын ага биз бердик. карындашыбызды ханыша кылып берген элек”. Мындан көрүнгөндөй кыргыздардын өкүмдары Барс бекке 2-көктүрктөрдүн мамлекетин жаратуучусу жана даңазалуу каганы Кутлуг-Чор Элтериш. кагандын кызын аялдыкка беришип, дагы бир жолу, эми булар тарабынан «каган» титулу тартууланган. Демек, ага чоң ишенич көрсөтүлүп “аянычтуу ахвалга дуушарланган түргөш жана аз (кыргыздардын башкаруучу уругунун – Д.С.) калктарына” да жетекчилик кылуу тапшырылган . Муну менен алар кыргыздарды өзгөчө жакын тууган катары эсептешип мамлекетинин  көк түрктөргө тең аталыгын таанып , өздөрүнө өнөктөштүккө келтирүү аракетин кылышкан. Кийин бул жагдай сепаратисттик аракети үчүн өлтүрүлгөн, ушул эле Барс бектин уулуна бийлигин улантууга мүмкүнчүлүк бериши менен ырасталат.

24 жыл кагандык кылган, Капагандын ашкере тынымсыз талоончул чаап алуучулук жортуулдары менен бирге өзгөчө кийинки мезгилдеги ийгиликсиз тышкы саясат жүргүзө баштаганын көрөбүз. Анын 700-ж. Таңгут мамлекетине, 701-ж. батыштагы алты аймактуу Согдуга (Самар-кандка чейин), 703 – ж. бир тууган басмыл Иди-Кут коомуна жана 705-ж. Табгач (Кытайдагы Таң династиясына) мамлекетине жасалган жортуулдары ага аброй алып келбеди . Себеби, 731-жылы көктүрктөрдүн колбашчысы Күлтегинге арналган эстеликте айтылгандай, “барган жерде сениң (Капагандын – Д.С.) жакшылыгың болбоду” делет. Натыйжада түрк эли өз каганына каршы көтөрүлүп чыккан эле. Ушундай кырдаалда тышкы коншулаш мамлекеттер: Таң империясы, Түргөш жана Кыргыз кагандыктары да өз ара биримдикке умтулушуп Капаганга каршы коалиция түзө башташышат. Бул үчилтикте негизги ролду кыргыз каганы Барс бек ойногон. Ал 707 ж. Капаган менен салгылашып жаткан Таң императоруна өзүнүн элчисин жиберген.

Алтын-Көл II (Е 29) жазма эстелигинде түрколог Сергей Кляшторныйдын пикиринде Барс бек кагандын 38 жаштагы Инанчу Алп Саңун лакап ысымга татыган Эрен Улуг деген эгиз инилеринин бири, төрт жолу сыртка элчиликке барып кайра келгенден кийин, Тибет каганына элчи болуп кетип, кайра мамлекетнине кайтпаганы жазылган . Ал эми Уйбат I (Е 30 ) жазма эстелигинде Чаб Шатун Таркан аттуу адамды элчи катары түргөштөрдүн өкүмдары Кара Канга жиберилип, кайра элине кайтпаганы жазылган. Бул акыркы элчини Барс бек тарабынан жиберилгенин ошол эле окумуштуу С. Кляшторный аныктаган.

Кытай булактары да бул маалыматты ырастайт: «Хягас (кыргыз – Д.С.) күчтүү мамлекет болгон. Аймагы боюнча Дулгас (Тукюе – көктүрктөр -Д.С.) ээликтерине барабар эле. Дулгас (Тукюе) ордосу өз кыздарын алардын башкаруучуларына (аялдыкка -Д.С.) беришчү. Аймагы чыгышта – Гулигани (Байкал көлүнүн жаны – Д.С), түштүктө – Тибет (тагыраагы Чыгыш Түркстан – Д.С.), ал эми түштүк батышта Гелолуга (болжолдуу  Жети-Суу – Д.С.) чейин жеткен». Мындан биз кыргыздардын көк-түрктөр менен теңтайлаша алган күчкө ээ болгондугун көрөбүз.

Барс бек каган Көктүрк каганаты үчүн эң негизги коркунуч туудурган башкаруучу  болгон. 732-жылы өлгөн көктүрк кошун башчысы Тонукукке арналган эпитафияда бул жагдай ачык сүрөттөлөт: «…Табгач (Таң ди-настиясы – Кытай императору – Д.С.) каган жообуз эле, он ок элинин (түргөштөрдүн) каганы жообуз эле. Артыкча кыргыз күчтүү каган жообуз болду» .

Кыргыз башчысына көктүрктөр өз каганынын кызын берүү менен аны тынчтык мамиледе болот деген үмүттөрү ордунан чыкпады. Барс бек Көктүрк кагандыгы менен атандашуу саясатын уланта берген. Ушул максатта Барс-бек түргөштөр жана Таң империясы менен коалиция түзүүгө макулдашкан. Бул жөнүндө тарыхый булакта мындай маалымат бар: «ал үч каган сүйлөпгүп, Алтын-Жышта кезигели дешкен…» . Мындай жагдай, көктүрк кагандарын абдан тынчсыздандырган. 709-ж. же 710-ж. Эзгене жетектеген кыргыз элчилери Мавераннахрдагы (Жети-Суу) түргөш каганынын кабыл алуусунда болущкан . Түргөштөр бул мезгилде арабдар менен согушуп жатышкан, андыктан алардын көктүрктөргө каршы коалицияга кошулушу кыргыздар үчүн дипломатиялык чоң жетишкендик болгон. 707, 709, 711-жж. болсо кыргыз элчиликтери Таң падыша сарайына барышкан.

Таң империясынын коалицияга реалдуу түрдө кошулушу ачыкталбагандыктан, Барс бек 710-ж. Таң династиясынын душ-маны болгон Тибет мамлекетине өзүнүн элчиси Эрен Улугту ты-мызын жиберүүгө аргасыз болгон. Бул кабар дароо Таң импе-раторуна угулуп, аны бушайман кылган.

Барс бектин мындай саясий аракетинен өзгөчө кооптонгон көктүрктөрдүн даңазалуу аскер башчысы Тонукук жана ханза-далар Култегин менен Билгенин (шад Могилян) жетекчиликте-ринде кыргыздарга дыкаттыкта даярдалган чоң кошун менен кыш мезгилинде күтүүсүздөн кол салууну чечет. Тонукуккө арналган таш эстеликтеги жазууларда ал мындайча сүрөттөлгөн: «жоолашалык – дедим. Көкменде жол бирөө эле, суук дегенди эшитип, …ал жерди билген киши издеттим…түздөгү аз (кыргыздардын курамындагы – Д.С.) элинен жерди билген бирөөнү таптым… «Аны (Тува жергесиндеги дарыянын аты – Д.С.) суусун бойлой барсаң бир аттык жол калат. Ал жол менен барсаңар ынанымдуу деди. Ойлондум, каганымдан өтүндүм, кол жөнөттүм… Аттангыла! – дедим. Актермелди кечип атка миндирип, карды жиреп, жогору аттарды жетелеп, жөө жыгач (таяк) тутуп алдыдагы кишилер карды жиреп, чердүү чокуну аштык, кыйналып жатып он түн дегенде тоо этегине бардык. Жол көрсөткүч сапардан (балким атайлап -Д.С.) жаңылгандыктан мууздалды. Кыргыздарды уйкуда бастык… Каны колу (аскери) чогулду… Согуштук, жанчтык, Каганын өлтүрдүк. Каганга кыргыз эли баш ийди…» . Бир нече күн айыгышкан салгылашта, көктүрктөрдүн аскерлеринин көпчүлүк болгондуктан каган Барс бек баатырлык менен майданда курман болгон. Ошол жараянда көктүрк ханзадасы алп денелүү ат көтөргүс (анткени, ал катышкан салгылаштарда минген даңазалуу аттардын сегизи мерт болгону маалымдалат азалуу аттардын сегизи мерт болгону маалымдалат аталган таш жазууда) Култегиндин минген жылкысы “Байкурундун ак айгырынын жамбашы сынды” делет ага арналган эпитафияда.

Бул жортуулдун натыйжасында кыргыздар жеңилүүгө дуушар болгон. Ошондой болсо да көктүрктөр кыргыз мамлекетин биротоло жойгон эмес. Согушта каганын өлтүрүп, аз кыргыз журтун ээсиз кылбасак деп, элин курап, башчы дайындап келдик делет, Култегинге багышталып орнотулган таш жазуу эстеликте. Изилдөөчүлөр Виктор Бутанаев менен Юлий Худяковдун маалыматында көктүрктөр Кыргыз мамлекетинин башына Барс бектин түрк каншасынан төрөлгөн уулун, ханзада Билгенин жээнин коюшкан . Кытай окумуштуусу Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулунун маалыматында анын ысым аталышы Кутлуг Билге Каган болгон, ал 11 жыл кыргыз мамлекетин башкарган. Өзүнүн атасынын көктүрктөргө болгон саясатын уланткан. 718-жылы Көктүртөр менен Таң падышалыгынын согуш окуясында кыргыз каганы өзүнүн кошууну менен акыркылардын тарабында салгылашып, абдан баатырлык көрсөткөн. Ошондуктан, Таң падышалыгы жагынан: “Айтканынан жазбаган, беттеген жагынан кайтпаган” кошуун деген даңазага татыган.

Дөөлөтбек Бекиш уулу САПАРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору.

(Уландысы бар)

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *