“Кайда барсаң Мамайдын көрү”

Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин башчысы Арстанбек Ибраевге Ак-Талаа районундагы Нарын дайрасына курулчу көпүрөнүн 35 миллион сом акчасын кызмат абалынан пайдаланып максатсыз которуп салган коррупция жыттанган жоругу үчүн кылмыш иши козголуп, камалганына аз эле болду. Учурда мамлекет 35 миллион сомго чыгым болуп, акчадан же көпүрөдөн жок отурат. Эми болсо бошогон орунга 2010-2013-жылдары Бишкек-Ош автожолун жетектеп турганда коррупциялык схема түзгөн де­лип кылмыш иши козголгон Шабданбек Иманкулов келгенин маалымат каражаттары коңгуроо кылып кагууда. Мындан улам, өкмөт башчы Сапар Исаков бул адамга кандайча ишеним артып жатат деп таң калгандар арбын. Мындайды “кайда барсаң Мамайдын көрү” деп койчу беле?

Булак: Фабула 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *