Кайра куруу жана Масалиевдин күтүүсүз келиши

Бүт оордук биринчи иретте идеологиялык кызматкерлерге түштү. Кайра куруунун маңызын элге туура түшүндүрүп, калың массага жеткирүү зарыл болчу. Медеткан Шеримкулов жана ал башкарган бөлүм дайыма коомдук өзгөрүүлөрдүн башатында болуп келген. Алар мезгил ыргагына жараша өз иштерин кыйла активдештиришип, мурдагыдан да жандуу иштегенге өтүшкөн. Апрель пленуму (же “апрель тезистери” – Генералдык секретарь Горбачевдун пленумдагы сөзүн тамашалай Лениндин каттарына салыштырышкан!) болгондон мурдараакта эле, Медеткан Шеримкулов өзүнүн ички туюму менен коомчулукта жакында чоң өзгөрүүлөр болушу мүмкүн экендигин сезген… Буга ал ичтен даяр болчу, ошондуктан кубана кабыл алды. Анын үстүнө, ичинен былгып, сасый баштаган коомдук атмосфера абаны тазалоочу желаргыга муктаж болуп турган…

1985-жылдын жазы Кыргызстанда коомдук маанайдын да кескин өзгөрүшү менен коштолгон. Айланадагы бардык нерселерден коомчулукта жакын арада эле чоң өзгөрүүлөр болору ачык сезилип, ал өзгөрүүлөр сөзсүз келе турган мезгил агымындай күтүлө баштаган. Адамдар да мурдагыдай кысылбай, өздөрүн эркин сезишип, газеталар да эл арасында абдан популярдуу болуп бараткан. Бара-бара мурдатан жашырылып келген көптөгөн көмүскө фактылар жалпы коомчулуктун энчисине айланды.

Ушунун баарына ошол жайкы күндөрдүн биринде эл арасында чыккан айың кептер кошул-ташыл болду. Атайын кызматтар караңгы түнгө карабай, Ысык-Көл обкомунун биринчи секретары Абсамат Масалиевди Ашматы аркылуу Москвага алып кетишиптир дешти. Дал ушундай детективдик стилде жасалыптыр!..

Сыягы, Москва республика жетекчилиги тоскоолдук кылышат деп кооптонсо керек. Ошондуктан ушинтип жашыруун жана тез арада аракет кылууга мажбур болушкандыр?! Чын эле бир нече күндөн кийин Абсамат Масалиевдин КПСС Борбордук Комитетинин инспектору болуп дайындалганы расмий жарыяланды!

Бийликтин ички, жашыруун сырларын жакшы билишкендер дароо эле Москва Абсамат Масалиевди Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретарлыгына даярдап жатканын болжолдошту. Масалиев өндүрүштүн эң төмөнкү тепкичтеринен баштап чоңойгон кадр болчу. Медеткан Шеримкулов агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы болуп турган чакта, Масалиев Борбордук Комитеттин өнөр жай бөлүмүн башкарчу. Алар 1979-80-жылдарда Ысык-Көл областында да чогуу иштешкен. Абсамат Масалиев – обкомдун биринчи секретары болсо, Медеткан Шеримкулов – обкомдун идеология боюнча секретары болуп иштеген. 1980-жылы Медетхан Шеримкулов Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин бөлүм башчысы болуп кеткен.

Медеткан Шеримкулов Масалиевди өзүнүн мурдагы коллегасы жана иштиктүү, чынчыл партиялык кызматкер катары билчү. Сыягы, алардын ортосунда мурдатан эле бирин-бири өтө урматтаган, ишеничтүү мамилелер жаралса керек. Жаңы биринчи секретарь Абсамат Масалиев Медеткан Шеримкуловду абдан жооптуу кызматка чакырганынан улам эле, аны канчалык жогору баалагандыгын баамдоого болот.

1985-жылдын 3-ноябрында жакында эле пайдаланууга берилген жаңы Өкмөт Үйүндө Кыргыз ССРинин Компартиясынын кезексиз Пленуму болду. Пленумда КПСС Борбордук Комитетинин секретары Георгий Разумовский катышып, 45 мүнөткө созулган докладда “Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин партиялык уюмунун иши жөнүндө” аттуу доклад жасады. Доклад мазмуну боюнча жалпысынан оң баада болсо да, айрым сын пикирлер жана каалоолор да айтылды. Турдакун Усубалиевдин эмгеги да татыктуу бааланды. Жыйырма төрт жыл бою республикада байкаларлык өзгөрүүлөр орун алып, буларда биринчи секретардын да салымы бар экендиги белгиленди. Сөзүнүн аягында Разумовский пенсиялык куракка жеткендигине байланыштуу Турдакун Усубалиевди кызматтан кетирүү сунушун жарыялады. Андан соң сөз Турдакун Усубалиевге берилип, ал өз жетекчилиги тушунда жасалган иштер тууралуу кеңири баяндады. Бул сөздү анча деле көңүл коюп угушкан жок. Баары чечүүчү моментти күтүп жатышкан. Экинчи маселеге кезек келди: бошогон орунга Абсамат Масалиевдин кандидатурасы сунушталды. Анын өмүр баянынын абдан тегиз экендиги көзгө урунду. Эмгек жолун шахтёрлуктан баштап, жумушчу табынан өсүп чыгып, Компартиянын Областтык комитетинин биринчи секретарлыгына жеткен.

Медеткан Шеримкуловду Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин партиялык көзөмөл комиссиясынын төрагалык кызматына дайындоо алдында, жаңы биринчи секретарь Абсамат Масалиев адегенде Шеримкуловдун мурдагы тажрыйбасын эске алып, идеологиялык маселелер боюнча секретарлык орунга дайындагысы келгенин, бирок, регионалдык факторду да эске алууга туура келгендигин айткан. Турдакун Усубалиевдин нарындык жердеши Карыбек Молдобаев идеология боюнча секретарь болуп дайындалды. Жогорку партиялык иерархияда республиканын бардык региондорунун балансы сакталгандай болду.

1985-жылы 9-декабрда Медеткан Шеримкулов Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин партиялык көзөмөл комиссиясынын төрагасы болуп бекиди. Жаңы кызматы ага абдан жакты. Анын өзүнүн энергиясы ташкан натурасына дал келгендей болду. Ал дароо эле билек түрө ишке киришти. Бул багытта учу-кыйыры көрүнбөгөн иштер жыйылып калган болчу. Айрыкча, кайра куруу менен кошо жалпы эл, коомчулук жаңы дем менен жашай баштаганын эске ала турган болсок! Коомчулук баарын башынан бери кайра карап чыгып, калыс баа берүүгө чын дилден умтулуп жаткан.

Дагы жакшы, дал ошол кайра куруу доорунан баштап тоголок каттар каралбай калган. Антпесе, Медеткан Шеримкулов жетектеген комиссия ар кандай арыздарга чырларга чулганып калмак… Ансыз деле комиссиянын иши чачтан көп болуп, ошол кездеги жараяндын чордонунда калган. Жаңы башталган саясий кампания советтик коомдо катуу колдоого алынганы маалым. Себеби, мурунку убактардагы идеологиялык жана башка чектөөлөр, сөз эркиндигинин жоктугу элдин көкөйүнө көкташтай тийген.

Көп өтпөй журналдар мурда тыюу салынган чыгармаларды жарыялай башташты. Адабият менен искусстводогу жеңил-желпи, коммерциялык жана ачык эле порнографиялык продукциялардын агымы алар менен кошо келди. Кыскасы, бул багытта да жаңы идеологиялык маселелер жаралды…

Мындан сырткары, сөз эркиндиги жана ачык айтуу мүмкүнчүлүгүнөн улам, жергиликтүү басма сөздө мурда жашырылып келген ар кандай былыктардын бетин ачкан сын макалалар көбөйдү. Ал кезде ар бир мамлекеттик орган басма сөздө жарыяланган ар бир сынга өз учурунда жооп беришке милдеттүү болчу.

Арийне, мурунку биринчи секретарь Турдакун Усубалиевдин ишмердигине байланышкан жана да анын өзүнө жакын чөйрөсү жөнүндөгү материалдар жалпы коомчулуктун көңүл борборунда турду.

Дагы бир аз мезгил өткөн соң, Медеткан Шеримкулов жетектеген Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин партиялык көзөмөл комиссиясынын дарегине Кыргыз ССРинин Компартиясынын Борбордук Комитетинин мурдагы биринчи секретары Турдакун Усубалиевдин коммунисттердин катарынан чыгарылганы тууралуу маалымат келип түштү. Бул чак түштөгү чагылган сымал болчу. Ал кезде республиканын коммунисттеринин лидери өзү чыныгы коммунистке жат жоруктарды жасайт деп эч кимдин оюна да келчү эмес!

Буга ишенүү да кыйын болчу. Көрсө, 1986-жылы 9-октябрда Усубалиев партиялык каттоодо турган Кыргызстан республикалык табиятты коргоо коому токтом чыгарып, аны КПСС мүчөлүгүнөн чыгарышыптыр. Партиядан чыгаруу тууралуу чечимде: иштеги коллегиалдуулук, кадрларды тандоо жана кызматка коюунун лениндик принциптерин орой бузуп, партиялык турмуштун нормаларынан четтеп, өз жеке кызыкчылыгы үчүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, партиялык жоопкерчилик жана өзүнө сын көз менен карай билүү сезимин жоготкону үчүн” деп жазылыптыр.

Мурдагы биринчи секретардын тушунда айрым жогорку кызматтагы адамдар тарабынан ар кандай чектен ашкан укук бузуулар болуп, ал тургай кээде мыйзамга каршы келген иштер да жасалганы жашыруун деле эмес болчу. Бирок, андай нерселерге биринчи секретарды айыптап, аны КПСС мүчөлүгүнөн чыгаруу үчүн олуттуу негиздер табылышы зарыл болчу.

Ошондуктан, Медеткан Шеримкуловдун комиссиясы бул ишке баш-оту менен киришип, топтолгон маселелердин баарын ийне-жибине чейин дыкаттык менен, объективдүү иликтеп чыкмакчы болду. Анын үстүнө, бул маселе жалпы коомчулуктун көңүл чордонунда турган. Басма сөздө чүмбөт ачкан маалыматтардын агымы ого бетер күчөдү.

Медеткан Шеримкулов өз тажрыйбасынан улам жакшы биле турган. Жетекчи адам, өзгөчө биринчи жетекчи, элдин баарына жагышы эч качан мүмкүн эмес. Айрыкча, ал кызматына жараша кабыл алган чечимдер баарына жакпасын эске алганда, анын көп каршылаштары да болору турган иш.

Демек, жыйырма беш жылдык кызмат учурунда Турдакун Усубалиев да өзүнө көп душмандарды ашырышы мүмкүн болчу. Алар андан өч алууну көздөшүп, эч качан объективдүү боло алышмак эмес. Дал ошондуктан улам, Шеримкуловдун комиссиясы ошол үйүлгөн материалдардын канчасы чын, канчасы жалган экндигин аныктап чыгышы керек болду.

Ошону менен бирге эле, башка күнүмдүк, бирок кечиктирбей бүткөрүлө турган иштер тууралуу да эстен чыгарбоо зарыл болчу. Жалпылап айтканда, кайра куруунун алгачкы жылдары коомчулуктагы чоң өзгөрүүлөрдүн учуру болуп, элдин духу, деми да көтөрүлүп турган. Ал өзгөрүүлөрдөн көңүл калуулардын алгачкы белгилери кийин гана жаралды…

Азырынча совет коомчулугунда эми гана башталган, жаралган жаңы доордун арааны жүрүп турган. Бул процесстен Компартия да сыртта кала алмак эмес. Анын үстүнө, коомчулукта бул өзгөрүүлөрдүн болушу жогору жактын ишараты менен болуп жаткандай таасир жаралган. Бери эле болгондо, быкшып-топтолуп калган маселелерди ачыкка чыгарууга, элдин баарына тең бири-биринин чыныгы жүзүн ачууга жана да өз ойлорун ачык билдирүүгө укуктуу экендиктери тастыкталгандай болгон. Келип түшкөн документтерди окуп чыккан соң, Медеткан Шеримкулов Усубалиевге коюлган айыптоолордун көбү талашсыз экендигине ынанды. Маселен, аларда: “принципсиздиктен жана жагымпоздуктан, кадр саясатынын лениндик принциптери бузулгандыктан, көп жооптуу кызматкерлер жеке берилгендик, туугандык, жердештик белгилер боюнча тандалып алынган. Биринчи иретте.Т. Усубалиевдин туугандары жана анын ичинде балдары, жакын-дары татыктуу болушпаса да, жетекчилик кызматтарга дайындалып, наамдарды жана окумуштуу даражаларды алышып, абдан ашыкча өлчөмдөгү турак-жай менен мыйзамсыз түрдө камсыздалган”,-деп айтылыптыр.

Белгилей кете турган нерсе, бул айыптоолор жазылган документтердин баары тең зарыл конкреттүү фактылар жана расмий материалдар аркылуу далилдениптир. Турдакун Усубалиевдин үй-бүлөсүнө жана жакын туугандарына байланыштуу мурда белгисиз болгон фактылардын бети ачылыптыр. Албетте, бул “жаңылыктардын” баары биринчи секретарды абдан терс жагынан көрсөткөн.

Ушул партиялык ички чырлардын баары “Библиядагы” кеңири белгилүү “есть время бросать камни и есть время собирать камни”, же кыргызча айтканда, “келме-кезек” дегенди эске салып турган…

Анткени, биринчи секретарь Турдакун Усубалиевдин бийлиги тушунда көптөгөн мамлекеттик, саясий ишмерлер, таанымал окумуштуулар, өз оюн ачык билдирип, анын жеке пикиринен айырмаланган көз карашын айткандардын баары катуу куугунтуктоого кабылышкан. Мисалы, Кеңеш Кулматовдун тегерегиндеги окуяларды, окумуштуу-юрист Кубанычбек Нурбековду, айрым коомдук жана саясий ишмерлердин талкаланган тагдырларын айтуу жетиштүү болот…

Мамасалы Апышев

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *