Кайрадан Жерүй. Бул кен байлыгында Бабанов менен Атамбаевдин кызыкчылыгы барбы?

Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кени боюнча абал тынчый түштү эле, кайрадан Жерүй чыры башталды.

Жергиликтүү тургундардан турган жарандык активисттер бул кенге болгон кызыгуусу артып, уруксат лицензиясы жана кенди иштетүү боюнча суроолору оголе көп. Активисттердин тынчын алганы – мындай ири долбоордо мамлекеттин үлүшү канчалык, ошондой эле лицензия алууга карата болгон конкурс канчалык деңгээлде таза өткөн? Жерүй боюнча тендерди утуп алган компанияга Өмүрбек Бабанов менен Алмазбек Атамбаевдин канчалык тиешеси бар экени – башкы собол. Өкмөт башчы М.Абылгазиев активисттерди кабыл алып, эки айдын ичинде бардык суроолорго жооп берерин убада кылды. Албетте, бул аткаминердин адеттеги жүрүшү – тынч олтура туруш керек, эки айдан кийин кыш түшөт, анан майрамдар башталат, балким ага чейин унутулуп да калар.

Жерүй кенинин тарыхы

Жерүй кени геологдор тарабынан 1968-жылы ачылган. Ал Талас облусунда Талас шаарынан 60 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 3000-3600 метр бийиктикте жайгашкан. Алтындын запасы боюнча Кумтөрдөн кийин эле экинчи орунда турат. Геочалгындоо белгилегендей, алтындын запасы 85 тонна чамасында, күмүштүкү 15 тоннадай. Алтындын 70%ын ачык карьер түрүндө казып алса болот, албетте, бул инвесторлорго  абдан пайдалуу, анткени иштетүүгө жеңил болот. Жерүйдүн Кумтөрдөн артыкчылыгы ушунда. Советтик мезгилде Жерүй СССРдеги эң жакшы изилденген кендердин “бешилигине” кирген.

Инвестиция тарыхы

Кыргызстан эгемендүүлүгүн жар салганы чет элдик инвесторлор бул кенге дароо кызыга башташкан. Аскар Акаевдин тушунда эле кыргыз тарап Моррисон Кнудсен аттуу америкалык корпорация менен келишим түзгөн. Бирок, бир пикирге келише алышкан эмес. Инвесторлор биринин артынан бири алмаша берди – америкалыктар, британдыктар, канадалыктар, коңшу казактар. 10дон ашык компаниялар кенди иштетүүгө аракет кылып көрүштү. Кызматташуулардын үзүлгөн себеби да ар кыл. Бийлик менен эл тирешип ж.б.у.с. себептер менен инвесторлор банкрот болуп кетип жатышты. Мындай форс-мажор абалга бардык эле инвесторлор макул болбой, сот аркылуу кыргыз өкмөтүнөн миллиондогон долларларды талап кылышты.

Мисалы, Оксус Ресурсес корпорациясы 400 млн доллар доо коюп, Гаагадагы эл аралык арбитраж сотуна чейин жетишкен. 2008-жылы тынчтык келишимге кол коюп, чыгымдардын бардыгын  кийинки инвестор Визор Холдинг казак компаниясы өз мойнуна алган. Бирок казактар да иш баштай алышпай, Кыргызстанга 300 млн долларга доо коюшту.

№… бастанча аракет

Акыры, 2015-жылы лицензия орусиялыктарга тийди. Бирок оңой-олтоң жол менен эмес, Атамбаев аффелирлеген, башкача айтканда, туунду жол менен. Жерүйдү иштетүүгө лицензияны аукциондо “Восток-геолодобыча” – “Русская платина” туунду компаниясынын алдында түзүлгөн “Альянс Алтын” ЖЧКсы 100 млн долларга сатып алган. “Русская платина” – бул чечен улутундагы Муса Бажаев аттуу белгилүү орус ишкеринин компаниясы, ал Өмүрбек Бабановдун качантан берки досу, Жерүй талкууланып жатканда, президент Атамбаев менен да жакшы мамиледе болгон. Уруксатты жеңип алганда, эң мыкты техникалык-экономикалык сунуш киргизип, Кыргызстанга карата болгон 580 млн долларды түзгөн соттук доолорду жапмак болушкан.

Инвестор келтирген жүйөөлөрдү карап, мына эми Жерүй иштей баштайт деп турганда, орусиялык ММКларда каралаган материалдар чыга баштайт, б.а. Жерүйгө лицензия алуунун алдында Муса Бажаев кредит боюнча мамлекеттен кепилдик сурап кайрылат. “Независимая газетанын” маалыматына ылайык, Муса Бажаевдин “Русская платина” компаниясы үчүн Краноярск крайында эки кенди иштетүүгө багытталган инвестициялык долбоорлоруна 220 млрд рубль керек экен. Ал макалаларда Муса Бажаевдин колуна тийген бир катар кендер да айтылат, ага орус өкмөтүнүн мурдагы вице-премьери Аркадий Дворковичтин тиешеси бар экени келтирилген. Орус журналисттери Бажаевдин компаниясы ушинтип лицензияларды алып, асманды убада кылып, бирок иш жүзүндө эч нерсе кылбай келген фактылар келтирилет.

Жерүйдүн лицензиясын алган Бажаев эми алтын казайын деп алса керек да. Кечиккендери менен, орустар алты ай өткөндөн кийин алтындын бөлүп алуу фабрикасынын курулушун башташкан. Ал фабрикадан алар алтынды түз эле чукулап алуу ыкмасын колдонмой болушкан, адистердин айтымында, бул экологиялык жактан эң коопсузу болуп эсептелет.

Фабрика тест түрүндө ушул жылдын соңунда ишке кирүүгө тийиш. Фабрикадан тышкары руда үчүн склад болот, аны иштетип, уу заттарды сактоочу жайга (хвостохранилище) чыгарып турушат. Алар жылына 4-5 тонна алтын алабыз деген ишенимде. Үч хвостохранилище жасалат. Долбоордун ишмердүүлүгү учурунда – 20-25 жылдын аралыгында беркилер толгондо, улам жаңысы курулмакчы. Инвесторлор бул уу зат сактоочу жайлар эң алдыңкы кымбат технологиялар менен куруларын айтышууда. Түбүнө геомембран пленкасы салынып, кургак саркынды түрүндө болмокчу.

Мындан тышкары орустар миң кыргызстандыкты жумушка алабыз деп жатышат, пайыздык салыштырма 90% – 10% кармалат экен, ошондо 90% – жергиликтүү жумушчулар болсо, 10% – чет элдик жарандар болот.

Долбоорго салына турган инвестициянын жалпы көлөмү – 270 млн доллар, анын 180 млн – ВТБ банктан алынган кредиттен келет. Башкача айтканда, 30% – акционерлер, 70% – ВТБ банкка күрөөгө коюлат.

Карасаң, тимеле бардыгы ойдогудай сыяктуу, бирок акционерлердин арасында Кыргызстандын мамлекеттин үлүшү жок. Ошондуктан эл козголуп, мындай адилетсиздиктин алдын ала сезип, нааразы болуп жаткандары да тегин жерден эместей.

Эреже менен оюн болуп жатабы?

Жерүйдү иштетүүгө лицензия 100 млн доллар туруп, анан аны ВТБ банкына күрөөгө коюлганы – абдан эстүүлүк менен жасалган схема экенин көрсөтүп койду. Бирок бул Кыргызстан үчүн эмес, 2015-жылы чечим кабыл алган кээ бир бизнесмендер менен саясатчылардын пайдасы үчүн! Муса Бажаев лицензияны 100 млн долларга сатып алып, карыздарын дисконттоштуруп коюп (башкача айтканда, бардык төлөмдөрдү кайсыл бир убакка чейин жылдырып, каражат болгондо төлөмөй кылып), 180 млн доллар кредит алып, лицензиясын күрөөгө коюп жатат. Эмне дейсиң, баракелде! Ал эми улуттук кызыкчылык жөнүндө айтсак, эмнеге Кыргызстанга мындай долбоорго өз каражатын салбаган инвестор керек болуп калды? Эмнеге кыргыз өкмөтү ошол эле ВТБ банкынан өзү кредит албады да, Жерүйдү иштетүүнү “Кыргызалтынга” берип койбоду? “Русская платина” менен Муса Бажаевдин туунду фирмалары эмнеге керек болду? Атамбаевдик бригада коммерциялык кызыкчыктары менен эл байлыгын сатып, өлкөнү менчиктештирип алышкандай. Муса Бажаев кыргыз жигиттеринин мүнөздөрүн билип алып, мурунку инвесторлордун тарыхын изилдеп, албетте, өзүнө кепилдик даярдап койгон экен. Азыркы кыргыз бийлиги жакынкы арада уурдалганды элге кайтара албайт, тараптар Жерүй боюнча келишимге 2019-жылдын март айында Владимир Путин Бишкекке келгенде кол коюшкан. Башкача айтканда, Бажаев биздин аткаминерлерге таянаар тоосу ким экенин көрсөтүп койду. ВТБ банкы да кредитор кылып алганы да жөн эмес – бул дагы жүз пайыздык ишенимдүү кадам. ВТБнын 60% – мамлекеттик банк. Ошондуктан, эгерде азыр келишим кайра карала турган болсо, анда орус мамлкетине каршы барганың болот.

Булак: ResPublica. Кыргызчалаган KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *