Кайрат Итибаев: “Ички дүң продукция начарлап, инвестиция көлөмү жылдагыдан азайып баратат”

Германияда соода өнөр жай палатасында иштеп келген, андан сырткары Чехияда докторантурада сырттан билим алган, чет элдик инвесторлор ассоциациясынын жетекчиси, экономикалык эксперт Кайрат Итибаев менен маек курдук.

– Дүйнө жүзүндөгү, Кыргызстандагы экономикалык абал сиздерге алаканга салгандай көрүнүп турса керек. 2019-жылы дүйнөлүк кризис күтүлбөйбү? Биздин экономикага дүйнөлүк экономиканын таасири кандай болот?

– Биздин экономика менен дүйнөлүк экономиканын байланышы жок. Биздин экономиканын дүйнөлүк экономикага салымы 001 пайыздан турат. Анткени, биздин түздөн-түз көз карандылык бул чоң коңшу мамлекеттерге багытталат. Алар Орусия менен Казакстан. Орусиядагы санкция менен байланышкан көйгөйлөр күч алса, бизге терс таасири болот. Биздин мигранттардан келген 2 миллиардга жакын каражаттын көлөмү азаят. Ьул акча азайса курулуш жаатындагы иш алып баруулар дагы кыйындайт.

2018- жылы башка жылдарга салыштырмалуу курулуш йштери басандап калган. Бул жылы дагы басандоосу күтүлөт. Курулуш сектору – бул экономиканын көрсөткүчү. Андыктан, 2019- жылы биздин жалпы өнүгүү, ички дүң продукциянын өнүгүүсү экономисттер белгилегендей 4-4,5%дан дагы аз болуп калышы ыктымал, 3%дын тегерегинде болуп калышы да мүмкүн. 2019-жылга карата экономикалык божомолубуз ушундай.

– Инвестиция тартуу жагынан жылыштар болобу?

– Инвестиция боюнча, тилекке каршы, көлөмү жылдан-жылга азайып бара жаткан тенденцияны байкасак болот. Акыркы жылдары ушундай болууда. Көлөмү өсүшүнө үмүт жок. Анткени ЕАЭБге киргенден кийин ал жактагы ишкерликтин мейкиндиги, базардын көлөмү, регулятордук режим жакшыраак болгондуктан, чет элдик инвесторлор коңшу Казакстанга, Белоруссияга же Арменияга, балким базары, экономикасы чоң Орусияга акча салышы мүмкүн. Анткени ал жерде технологиялык, инновациялык өнүгүүнүн деңгээли жогорурак. Бул деген ЕАЭБге киргендин дагы бир терс кесепети десем жаңылышпайм. Келген инвестор албетте, «таза пайда көрөм» деп завод, фабрика кура турган болсо, ал жактан чыга турган продукция Казакстан менен Орусиянын эле маркетине чыгарууга план кылса да, чыккан продукция тоскоолдуктарга дуушар болуп турганын биз баарыбыз билебиз. Инвестиция келрине биздин үмүтүбүз жок.

– Сиздердин инвесторлор биридиги кандай иш алып барат?

– Биздин чет өлкөлүк инвесторлор биримдигинин негизги максаты -Кыргызстан ичиндеги бизнес чөйрөнү, инвестициялык климатты жашыртуу. Ал үчүн биз көп сунуштарды берип жатабыз. Көбү фискалдык тармакта, бажы тармагында. Анан регулятордук тармакта чет өлкөлүк жарандарды тейлөө боюнча көптөгөн сунуштарды берүүдөбүз. Эгер биз берген сунуштар колдоого алынса, анда инвесторлордун көбөйүшүнө, алардын иштешине жакшы салым болору боюнча чет өлкөлүк ишкерлер менен иш жүргүзүп жатабыз. Биздин масат – Кыргызстандагы ишкерлерди кетирбей кармап, аларга жардам берип, иштерин өнүктүрүү.

– Чет өлкөдө иштеп, инвестор болууга кызыкдар мекендештерге кандай жардамыңар бар?

– Чет өлкөдө иштеген биздин мекендештер бул жакка акча салууга дилгирленсе, биздиндаярдолбоорлор бар. Экинчиден, биз бул жерге жайгаштырганга экономикалык эркин аймакка киргизсек болот. Ал жерде биздин мекендештерге, алардын капиталын киргизүүгө чоң муктаждык болгондуктан, аларга баардык шарт түзүлөт. Бишкектин эркин экономикалык аймагы бар. Инфраструктурасы бар. Үчүнчүдөн, биз эми бул жерге киргенде алардын бизнес-планын карап, бизнес-пландары жок болсо жазып бергенге көмөктөшөбүз. Бул жактагы бирин-серин өнөктөштөрүбүзгө тааныштырып, анан чогуу иш кылсак болот. Биздин ошондо тилегибиз, үмүтүбүз бар. Чет өлкөнү көрүп келген, тажрыйбасы бар биздин мекендештер бул жактагы өнөктөштөр менен бирге иш алып барышса өнүгүү болот да.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *