Кайрат (Кыргыз) Салмакеев: “Интеллектиси төмөн адамдардын айткандарына терикпейм деле”

Шоу-бизнесте Кайрат Кыргыздын «Жаштык кез» ыры коомчулукта катуу талкууга алынууда. «Жардың жигит!» дегендердин саны арбып, «Бу кайсы чудик?» деп сын айткандардын тилине тибиртке чыгып аткан кези.

– Кайрат, «Жаштык кез» жөнүндө кеп кылчы, элдин баары кайдыгер эмес…

– «Жаштык кез» деген чыгарманы атайын мага арнап Барчын Бугубаевдин сөзүнө ылайыкташтырып Эркин Мээрканов агай музыкасын жазды. Анан Эркин агай аранжировкасын кылды. Мени өзгөчө имиджимдин, клиптин авто­руда болду.

– Элдин баары эле бир башкача болуптур деп атышат, атайынбы?

– Артист деген бири-бирине окшобош керек, элден өзгөчөлөнүп турбаса эмнеси артист? Клип коомчулукка чыгардан мурун 3-4 вариантта жасадык. Анан эң оптималдуусун кынаптап, шөкөттөп туруп чыгардык. Бир сөз менен айтканда, Эркин агайдын автордук иши болду десем жаңылбайм.

– Бийчилерди кайдан таптыңар?

– Эрмек деген чыгармачыл өнөктөш балдарыбыз бар. Алар атайын бийди менин ырым үчүн заманбап иштеп чыгышты.

– «Жаштык кезге» жакшы пикир айткандар басымдуу кылган менен терс пикир айткандар да бар, териккен жоксуңбу?

– Ар бир адам өзүнүн деңгээлине жараша ой толгоо кылат эмеспи. «Сынчынын сыңар өтүгү майрык» деген кеп бар. Интеллектиси жогору адамдар «жакшы клип болуптур, оригиналдуу экен. Изденүүлөр байкалып атат» десе, айылда эки жеңесинин этегинен башка эч нерсе көрбөгөн, акыл парасаты төмөн, ой толгоосу жок, өзүнүн осурагынан чочугандардын айткандарына териккеним деле жок. Чындап кел­сек, шоу-бизнесте биз Россиядан он жылга артка калып калдык. Кыргыздарда алдыга умтулуп атканды арткы бутунан тартканды жакшы өздөштүргөнбүз. Коңшу казактарда андай эмес, алар жакшы идеяны колдоп турушат. Биз да жакшы жакка умтулсак, колдосок, өзгөчө өнөр адамдарын. Ошондо гана бир орунда туруп тыгылып калбай, ал­дыга жылат элек.

Булак: Азия Ньюс

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *