Кайып Шер, Апрель Баатыры: “Журналист Азизбек Келдибеков экөөбүздү белгисиз адамдар келип тепкилеп кетишти”

Журналист Турат Акимовдун билдирүүсүн угуп алып өтө таң калдым. Билдирүүнү көрүп-окуп дароо эле менде Т. Акимов ФСБнын, же Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Абдил Сегизбаевдин кызыкчылыгында бийликтин буйрутмасын аткарып жаткан жокпу деген ой кетти. Турат Акимов өзү Орусиянын ФСБсынын көзөмөлүндөгү «Деньги и власть» гезитинин редактору. Баарыбыз билебиз, жакында эле Президент Атамбаев жана анын уулдары Семетей, Сейтек, бийлик башындагы КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдор туркиялык атайы кызматтардын агенти деген маанидеги фильмге Орусиянын «Биринчи каналы» түшүндүрмө бергенин. Дал ошол себептен “Акимов чуусу” ФСБнын кезектиги эгемен кыргыз элине каршы кылып жаткан карасанайтайлыгы эмеспи деген ой келбей койбойт экен. Менин жеке пикиримде, ФСБ бул аракеттери менен жогорудагы фильмден кийин эстери ооп жаткан кыргыз бийлик башындагыларынын тамырын тартып, имерип аткан учуру. Себеби, кайсыл эле өлкөнүн мамлекеттик телеканалы башка бир өлкөнүн президентин “Түркиянын агенти” деп күнөөлөгөн фильмге аны коргогон жооптогу материалды даяардап чыгарсын?! Ошол фильм жарык көргөндөн бери Ак үйдө да, Көк үйдө да тынчтык жок дешүүдө. Москва Кыргызстандагы УКМК, Коопсуздук кенешинде жалан мадырабаш, атайын адистиги жок кадрлардын айлыкка олтуруп алып, генералдарды башкарып жатканы белгилүү болуп, булар терроризмге каршы эмне иш бүтүрүшөт эле деп Атамбаевдин бул тандоосуна таң калып, иштеше албайбыз деген тейде сүр көрсөтүп жатышкандай. Анткени, А. Сегизбаев УКМКны өзүнчө «чоң пресс-служба» кылып алган имиш. Бүгүн УКМК өз кызматын кылбай эле, эркин ММКларды аңдып, журналисттерди коркутуу жолдору менен өзүнө иштетип, аларды агент кылып же оппозициялык журналисттерди сурак кылуу менен эле алек болуп, ал гана эмес Elita.kg, «Kaganat.kg», ж. б. интернет маалымат булактарын көзөмөлгө алган имиш. Эми “Gezitter.org” сайтынын жарым акциясына Сегизбаевдин жигиттери рейдерлик кылып, олтуруп алган деген сөздөр бар. УКМК ар бир гезиттен өз кишилерин таап, кайсы материал чыгып жатканын билип турушат экен. Өтө оппозициялык негиздеги мариалдарды редакторлор менен сүйлөшүп чыгарттырбай, же бир аз жумшартып чыгартып туруу УКМК милдети катары таанылып бараткандай. Бирок, эмнегедир ММКларга чыгып жаткан президенттен баштап, майда саясатчыларга чейин сын макалалар байма-бай жайылып, орусча да которулуп тарап жатат да, ал эми А. Сегизбаев жөнүндөгү материалдар тарабайт жана орусча да которулбайт. Кыязы, өзүн таза, мыкты кадр жана мураскер катары көрсөткүсү келет го?..

Мына ушунун баары Москвага чейин жетип, ошол себептен улам Атамбаев жакындан бери А. Сегизбаевди ИИМ башчылыгына алып келип, УКМК башчылыгына жаңы генералды алып бармак болууда деген такталбаган маалыматтар тар чөйрөдө айтылып калууда. Бул үчүн бийлик ИИМ министри Мелис Турганбаевди “садага чапканы” турат. Себеби, бийликтин “ал жөн киши эмес, аны жүйөөсүз кызматтан алып таарынтсак, оппозицияга кетип, андан ары президенттикке да ат салышы мүмкүн. Ошондуктан, аны азыртан жаманатты кылып, бийлик короосунан сүрүп чыгаралы” деген пландары бар экен. Ушул себептерден улам жеке оюмда Т. Акимовдун билдирүүсү буйрутма сыяктуудай. Себеби, ал биринчи жолу билдирүү жасаганда «бул иш профессионалдык ишиме байланыштуу» деп, «мага кол салууну уюштургандарды 2 бизнес структуралардын башчыларынан көрүп турам. Бирок, мен бүгүн баарынан эле күмөн кылып жатам” деп айтты эле. Эки күндөн кийин болсо, теңирден тескери билдирүүнү кылып жатат. Демек, Т. Акимовго бул иштин буйрутма берчүлөрү чыгып, сен М. Турганбаевди каралаган билдирүү кылып бер деп суранышса керек. Албетте, андай эле болгон болсо, Т. Акимов андан баш тарта албайт. Себеби, эгер баш тартса, кызматынан кол жууп калышы мүмкүн. ФСБ азыркы кыргыз бийлигине жардам беримиш болуп 7- апрель революциясын авторлору болгусу келип, бийликти монополия кылгыдай. Биз буга жол бербейбиз! Муну айтып жаткан себебим, мени деле президенттин жакын адамдары ушул эле А. Сегизбаев менен Икрамжан Ильмиянов бир эмес, бир нече жолу “Эй, акеси, тынч жүрүнүзчү. Болбосо, ордуңду таап берип коебуз, болгондо да 7-апрелдеги шериктериңдин жанынан” деген тейде коркутушкан. Бир жолу белгилүү журналист Азизбек Келдибеков экөөбүз кафеден тамактанып чыккан кезде белгисиз адамдар келип бизди тепкилеп да кетишкен. Бирок, биз билебиз мунун артында кимдер турганын. Убагы келгенде эсептешип алабыз. Менимче, Атамбаев бийликтеги өзүнүн чала сабат кадрларынын баарын кызматтан алышы керек. Анын биздин коопсуздугубузду коргоо үчүн сабатсыз кадрларды жетекчи кызматтарга коюга эч моралдык укугу жок. Биз ага начар кадрларды бийликке алып кел деп добуш берген эмеспиз. Экинчиден, биз ФСБсына, ЦРУсуна да тойдук. Кыргызстан эгемен, көз карандысыз мамлекет. Атамбаевди ФСБ же ЦРУ эмес, эл бийликке алып келген. Эгер иштей албай жатса, эл аны алабы, коебу өзү билет. 7-апрель революциясы менен эч кимди соодалашууга жол бербейбиз. Бүгүн бийлик саясий стратегиялык мааниси чоң Бишкек мэрлигине И. Ильмиянов менен Э. Мамбеталиевдин досу Албек Ибраимовду алып келип, ал эми А. Сегизбаевди ИИМге бекитип, Бишкекке “Сакалдын” криминал жигиттерин толтуруп, өзүн коргоону көздөп жатыптыр деген миш-миштер тарап жатат. Андай болсо, бул бийлик Убактылуу Өкмөт учурунда эле криминалдаша баштаганбы? Бакиевден коркпогон эл эми ушул бийликтен коркуп калыптырбы? Муну өлкөнү ушул абалга алып келген Атамбаевдин сабатсыз тегереги унутушпасын. Уялбай мураскерликке аттанып коюшканына не бересиң. Атамбаев ушуларды мураскер кылгандан уялбайбы дейм да. Бүгүн Атамбаев кимдерди бийликке алып келип жатам деп өзүнүн кадрлары жөнүндө бир пикирге келиши керек. 7-апрель революциясы сабатсыз кадрлар, алардын криминалдары үчүн, Атамбаевдин кайын журту, тууган-уругу үчүн болгон эмес. Мына, мисалы, Билим берүү жана илим министри Элвира Сариеваны алалы. Анын кайсы жасаган иши үчүн ушул кызматка коюшту. Бүгүн улуттук университетте 100 миң сом менен проректору кармалып олтурат. Сариеванын “подружкеси” деген анын ректору болсо, бүгүнкү күндө бардык мугалимдерди чогултуп, “бизде баары жакшы, ректор жакшы иштеп жатат” деген билдирүүгө кол койдуруп жатат дешет. Ал антпей эле Э. Сариева экөө тең отставкага кетиши керек эле да. Жоопкерчилик болобу деги?

Учурдан пайдаланып, мен ЖКнын фракция жетекчилерине, саясатчылар А. Бекназаровго, А. Мадумаровго, А. Келдибековго, Б. Наркозуевге, К. Ташиевге, Ө. Суваналиевге, М. Мырзакматовго, С. Жапаровго жана жалпы эле 17-мартта өтө турган  курултайдын уюштуруучуларына төмөндөгү талаптарды коюну сунуш кылмакмын:

Биринчиден, саясий элита, оппозиция Президент Атамбаевден 17-мартка чейин өзүнүн кадр саясатын кескин өзгөртүүсүн талап кылышы керек. Эл анын тегерегиндеги интригачыл, идеясы жок, сасыткы жумуртка тууган кадралардан тажап бүттү. Атамбаев жакынкы араларда кыргызча сүйлөй алышпаган Ф. Ниязов, М. Карыбаева, өзүнүн инилери болгон соттор кенешинин төрагасы К. Турганбеков, айылдашы А. Ибраимов, кайниси А. Сегизбаев, Т. Жумакадыров, Э. Сариева ж.б. кадрлардан мамлекеттик кызматты тазалашы керек. Экинчиден, Бишкек шаардык кеңешинен «Кыргызстан» деген сөздү туура жаза албаган Албек Ибраимовдун талапкерлигин колдобоону талап кылуу зарыл. Эгерде, шаардык кеңеш Ибраимовдун талапкерлигин мэрлик кызматка колдой турган болсо, анда Бишкек шаардык кенешинин мөнөтүүнөн мурда таркалышын талап кылуу акцияларын башталаарын эскертүүлөрү керек. Үчүнчүдөн, эгерде, президент чабал кадрлардан арылбаса, анда анын өзүнө импичмент кылууга ЖКнын алдына келип талап кылууну сунуштайм. Себеби, Атамбаев бийликке чабал кадрларды алып келип, “өзүмдүн тегерегимди байытып, ошолордун кызыкчылыгында гана аракеттенем!, – деп убада берген эмес. Аларды бийликке алып келүүгө, бир кызматтан экинчи кызматка жылдырууга анын эч моралдык укугу да жок. Биз Кыргызстандын эгемендүүлүгү үчүн аракеттенген, кыргыз элинин кызыкчылыгын биринчи орунга койгон мыкты кадрларды, саясатчыларды, күчтөрдү гана колдойбуз. Эгерде, Атамбаев өлкөнү Орусияга (ФСБга), же АКШга (ЦРУга), же Туркияга чөгөлөтүп берем десе, анда ал тез арада кызматтан чегинип, кызмат ордун бошотуп бериши керек. Кыргызстан үчүн биздин өмүрүбүз кайыл!

Булак: Интер

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *