Какен Сатыбалдиев чарбачылык иштерге баш койду

ИИМ системасында көздүн карегиндей болгон профессионал кадр бар эмес беле, Калыбек Сатыбалдиев деген. ИИМ алдындагы ГУБОП кызматын башкарып турганда кылмышкерлерди кынга киргизип, парламенттеги депутаттарга дейре «тиш салып», далайын чээнге киргизгени бар. Кийинчерээк ИИМ жетекчилигине секирик жасап, министрдин орун басарлыгына дейре көтөрүлгөн. Эс алуудагы дал ушул МЕНТ бул күндөрү саясат, күндүр-түндүр тыным албаган милициянын жумушунан тажаганбы, жөнжай турмушка баш салып, чарбачылыгын өнүктүрүп, ага удаа кафе иштетип, үй-бүлөсүнө көңүл буруп, каржылык абалын чыңдап жаткандыгын эшиттик. Болуп өткөн президенттик шайлоонун алдында да айрым деңгээлин билбеген саясый топторго кошулбастан, жердешчилик сезимге алдырбай, ар кандай интригалардан бийик болуп, калыс позицияны кармангандыгын кулагыбыз чалды. Сөөгүнөн берки чыныгы МЕНТти мындай шартта күчүн алып, кылмыштуулук күчөп турган маалда иштетсек болбойт беле?

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *