Какшыган казынаны каңтаргандар…

Кыргызстандын Бажы кызматы 60 кол саат сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Жарыяда “Swarovski” кооз таштар менен кооздолуп, бажы кызматынын эмблемасы түшүрүлгөн 20 аялдардын кол сааты жана булгары боолуу 40 алтын жалатылган эркектердин сааты сатылып алынаарын белгилешкен. Бюджеттин тешиги аңырайып, 20 миллиард сомдон ашык каражат табылбай казына каңтарылып турганда мындай саат алгандын канчалык кажети бар эле?.. Мындайды “шумдуктуунун төөсү жорго” дечү беле? “Swarovski” компаниясынын чыгарган сааттарынын эң арзаны 22 миң сом турат, ал эми Бажы кызматы ар бир саатты орто эсеп менен 10 800 сомдон сатып алат. Жалпысынан 648 миң сомго саат алганы жаткан Бажы кызматын кой деп кое турган кожо бар болду бекен? Буга чейин Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы бир миллион сомго чукул акчага белекке берилчү кол саат сатып алган. Акча тартыш деп жер сабашып, анан өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн казынаны какшытып өз билгендерин жасаган аткаминерлердин жоруктары анан кантип коомчулукту нааразы кылбасын. Сыягы  теске салып, тизгинин тартып койгон жан болбогон соң ар ким өз билген боткосун чала берет тура.

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *