Калдарбек Абдраманов, медицина илимдеринин доктору: «Менин көп ооруганымдан атам аябай кыйналды, аны билем. Менин медик болуп калганымдын себеби ошондон»

(Башталышы мурунку санда)

Бирок мамлекетке жалдырап, медициналык жабдууларды ала албай калган учурлар болот эмеспи. Бул жакта мени менен иштеп жаткан Эмил деген жигит бар. Жергиликтүү балдардан, мен жок болсом операция жасай турган балдардан. Мындай балдар Бишкекте да, Ошто да, Жалал-Абадда да бар. Пенсияга чыкканда кыдырып, ушулар менен чай ичип жүрө беребиз.

— Биздин Конституциябызда медициналык кызмат көрсөтүү акысыз деп көрсөтүлгөн, бирок турмушта андай болбой жатпайбы?

— Конституцияга өзгөртүү киргизгенде ушуну өзгөртүү керек болчу. Же Конституцияны өзгөртө албаса акысыз кылыш керек болчу. Бул түшүнүксүз система. Медицинада 1990-жылдан бери үч жолу реформа болду. Бир да нерсе өзгөрбөдү. Кайра тескерисинче ооруканалардын имараттары пачагы чыгып, топурактары урап, талкаланды. Мен студент кезде ушул Жалал-Абаддын ооруканасында практикадан өткөм. Ошол кезде жакшы болчу. Азыркы кезде карасаң ошол кайран совет мамлекетинен калган жабдуулар дагы эле иштеп жатат. Бул деген медицинанын жүзүн көрсөтүп жатпайбы. Медицинаны реформа кылдык дейт, эч кандай реформа кылышкан жок, бир жакшы жери медицинаны жок кылып жибербей кармап калышты, бирок медицинанын өнүгүшүнө эч кандай шарт жок. Медицина ордунан жылган жок, 90-жылдардын деңгээлинде жашап, иштеп жатабыз. Муну мен ачык айтам, коркпой-үркпөй эле. Ким, кайсы каалаган чиновник менен дискуссияга чыгып айтып бере алам өзүмдүн оюмдун туура экендигин. Мен беш жылдан бери Жалал-Абадда иштеп жатам, бул периферия да, Бишкек эмес да. Балким Бишкекте иштегенде көрбөйт элем, айта албай калышым мүмкүн эле мындай көйгөйлөр жок болсо керек деп. Мен өз көзүм менен көрүп, колум менен кармалап жатпаймынбы. Мен Базар-Коргонго, Аксыга, Баткенге, Араванга, Кызыл-Кыяга, Көк-Жаңгакка, Ошко барам, ал жактагы медицинанын деңгээлин өз көзүм менен көрүп жатпаймынбы. Ал жерде отурган чиновниктер отуруп алышып программаларды түзүп жатышат. Бир программа түзүп алышыптыр, отузунчу жылга чейин деп. Мен ошол программаны окуп чыктым. Мына буерде турат, обзор деп, балээ да жок, жөн гана кооз сөздөр! Мурдагы эле программалардан көчүрүп коюшкан. Бул программалар бүттү, бирок мунун аткарылышын текшерген, отчётун алган эч ким жок. Бул программаны ишке ашырдыңарбы деген эч ким жок, бул кагаздарда жазылгандарга миллиарддаган акча кетти. Базар-Коргондо медицинанын акыбалы ушундай. Реформанын жыйынтыгы ушул. Дагы бир программаны баштап алышыптыр, мен айтып жатам, муну менен силер мурдагыларды эле кайталайсыңар, эч кандай жыйынтык чыкпайт деп. Медицина эски, жабдуулары эски, медициналык кызматкерлер билимдерин өркүндөтпөйт. Медкызматкерлердин билимдерин өстүрүп туруш керек башка жактарга окууларга жиберип, аларда да күнөө жок. Эң негизгиси эмгек акы! Беш миң сомго ким үй-бүлөсүн бага алат?! Мейли он миң сом болсун, шаарда он миң сомго бала-чакасын бага албайт да. Анан кантип медицинаны өнүктүрө алабыз. Мен азыр медицинаны өнүктүрүү боюнча өзүмдүн программамды жазып чыктым бекер отурбай, операциядан чыккандан кийин. Ушул программа боюнча өнүгө алабыз.

— Медицинага кандай реформалар керек?

— Мага реформа деген сөз эч жакпайт. Реформа деген бир жыл же алты ай болот, ашып барса эки жыл болот. Анан он беш-жыйырма жыл реформа болбойт да. Ошондуктан реформа деген сөз жакпайт. Медицинаны каржылоонун системасын модернизациялоо, анан медицинаны башкаруунун жаңы системасын киргизүү зарыл. Мен түшүндүрүп берейин, райондук ооруканабы, областтык ооруканабы, ар бирине өз алдынчалыкты берүү керек. Негизгиси каржы маселеси да, каражат өкмөттөн келет. Өкмөттөн келген акча оорулууларды дарылаганга жетпейт. Келген каражат ошол жердеги оорулууларды дарылоодо ондон бир пайызын дарылаганга араң жетет. Бул деген медицинада прогресс болбойт деген сөз. Жок дегенде 50 пайызын жапса болмок да. Мамлекеттин медицинага бере турган акчасы жок, экономикасы көтөрүлбөй жатса. Он жыл мурда деле ушундай болчу, азыр деле ушундай. Бул биринчиси, экинчиси адистерибиздин билимдери көтөрүлбөй жатат, 90-жылдардагыдай. Анча-мынча окуган балдар деле келип жатат, бизге окууну бүтүп келген кардиологдор келип жатат. Бирок бул иштер мамлекет тарабынан эмес, кээ бир лидерлердин жасап жаткан иштери. Менден башкалар толуп жатат. Ал жалпы медицинанын көйгөйүн чече албайт. Ошондуктан медициналык мекемеге өз алдынчалыкты бериш керек. Кытайды салыштырып көрөлү, бир мамлекет, эки системада жашайт, капиталисттик жана социалисттик. Аларда жеке менчик да, мамлекеттик да медициналык мекемелер иштейт. Конституцияга медицинада жеке менчик да, мамлекеттик системаны киргизиш керек. Жеке менчикке акчасы барлар төлөшөт, колунда жоктор мамлекеттин эсебинен толук дарыланыш керек деп программама киргизип жатам. Эми суроо туулушу мүмкүн, колунда жок адамдар эмне кылышы керек деген. Мамлекеттин акчасы колунда жокторго, карыларга, балдарга, майыптарга сарпталышы керек.

Азыр бюджеттен келген акчага эмне кылып жатышат? Ошол акчага оорукананын электр энергиясын, сууга төлөмдөрдү төлөгөнгө, башка чыгымдарды жапканга кетүүдө. Ошондон арткан каражатты адамдарды дарылаганга жумшашууда. Мен жазып жаткан система боюнча оорукана өзүнө кеткен чыгымдарды издеп табышы жана натыйжалуу жумшашы керек. Ошондо мамлекеттен келген акчага оорулууларды толук кандуу дарылоого болот. Өз алдынчалыктын маңызы ушул. Каражаттык, чарбалык өз алдынчалыкты ооруканалардын өзүнө берүү керек деп жатканым ушундан.

Дагы бир пунктунда көрсөтүп жатам, азыр ооруканалар бир маселени чечүү үчүн сөзсүз министрликке барышы керек, министр гана чечет. Мисалы Баткенде ооруканадагы бир маселени чечүү үчүн сөзсүз Бишкекке министрликке барышы зарыл, министрсиз бул көйгөй чечилбейт. Бул абсолюттук түрдө туура эмес. Бул гиперборбордук болуп кетүүдө. Децентрализация кылыш керек. Илгери областтык саламаттыкты сактоо деген мекеме болгон. Областтык саламаттыкты сактоо мекемеси областтагы болуп жаткан көйгөйлөрдү өзү чечкен. Областта саламаттыкты сактоодо кеткен кемчиликтер үчүн ошол мекеменин жетекчиси тикелей жооп берчү. Медициналык адистерди өзү дайындаган, кайсы жерге кандай адистер жетпей жаткандыгын өзү барып көрчү. Ошондуктан ар бир областта, райондо ооруканалардын башкы дарыгерлери жооптуу болуш керек. Бирок аларга мүмкүнчүлүк да бериш керек. Азыркы күндө Жогорку Кеңеште кайсы бир жерде оорулуу каза болуп калса министрди чакырып алып түшүнгөн, түшүнбөгөн депутаты да мектептин окуучусундай кылып тургузуп алып түрдүү суроолорду берип сурак кылышат. Анан министрибиздин мазесин алып, мазактап туруп коё беришет. Ушул да оокатпы?! Министрибиз унчукпай отурат. Мен ошол жерге барсам, силер өзүңөрдүн жумушуңарды кылгыла, мыйзамдарыңарды чыгаргыла, менин оокатыма киришпегиле демекмин. Чынында министр өлкө боюнча бардыгына жооп бере албайт, ал бир киши да. Ошол аймактарда иштеген жетекчилер жооп бериши керек.

Акыркысы, ар бир областта ооруканалар бар. Областтык ооруканалар Бишкектеги республикалык деңгээлдеги ооруканалардай болушу керек. Оорулардын түрлөрү болуп калат. Мисалы нейрохирургия, чоңураак операция жасоого туура келип калат, хирургду Бишкектен чакырыш керек. Биз жыйырма биринчи кылымда жашап жатабыз. Компьютердин, маалыматтын, жогорку технологиянын кылымында жашап жатабыз. Илгерки учурдагы санавиация дегенибиз бүгүнкү күндө жок болду. Бул бардык областтарда болушу керек. Кардиохирург болуш керек. Бардык тармактагы врачтар болуусу зарыл. Оорулууларды Бишкекке жөнөтпөстөн биз ушул жерден дарылашыбыз керек. Бишкекке оорулууну алып баруунун өзү канчалык кыйын, чыгымдарын айтпай эле койолу. Менин программамда ар бир областтык ооруканаларга үчүнчү деңгээлдеги статус берүү зарыл. Медицина бардыгына жеткиликтүү болсун деп жатам.

Биз реформа жасадык, медицина жеткиликтүү деп жатышат. Балээниби! Нейрохирургиялык операцияны профессор Мамытов Бишкектен учуп келип жасабаса, оорулуу өлүп калышы мүмкүн. Үчүнчү деңгээлдеги оорукана дегенде ал жерде дарылоого бардык шарттардын болуусу зарыл. Каражат табуу жана аны туура пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн бергенде гана медицина алдыга жылат. Себеби иштегендерде кызыгуу пайда болот. Элде акча бар, колунда жокторго мамлекеттик камсыздоо болушу керек. Мамлекеттин акчасын колунда жокторго жумшоо зарыл. Азыр каражатты майдалап бөлүп берип жатпайбы, ал каражат эч нерсеге жетпейт да. Мамлекеттен келген акча оорукананы оңдогонго, электрге төлөгөнгө, бензинге, башка чыгымдарга кетип жатпайбы, эгерде каражатты табуудагы өз алдынчалык болсо, мамлекеттин акчасы колунда жокторго кетип, тиги чыгымдар оорукананын тапкан пайдасынан кетип, мамлекетке да пайда алып келмек. Келечекте ооруканалар өздөрүнүн жаңы имараттарын курууга, жаңы жабдууларды алганга мүмкүнчүлүктөрү пайда болуп калат. Бул менин башымдан өттү. Мен эки институтту жетектедим, эки институтту түптөдүм, Бишкектеги Жүрөк хирургия институтун, Жалал-Абаддагы Түштүк аймактык жүрөк хирургиясын. Мен ошондой системада иштедим, тажрыйбанын негизинде ушуларды айтып жатам. Прейскурантты комитет түзүп берсин деп чечим чыгарып беришти. Учурда бир жүз токсон беш миңге жакын оор операциялар турат. Эң арзаны он бир миң сом. Операцияга келгендердин кырк пайызына жакыны ошол операцияларды төлөөгө толук мүмкүнчүлүктөрү болуп жатат, калгандарын мамлекет колдоп турса жакшы болмок. Бизде иштегендердин айлыктарын иштеген иштеринин сапаттарына жараша көтөрүп жатабыз. Жакшы айлык алышкандан кийин жакшы иштөөгө тырышышат. Биз милдеттерибизди так аткарып жатабыз, айыгып чыккандар ыраазычылыктарын билдиришип, рахматтарын айтып кетишүүдө. Мамлекеттик системаны да ушуга өткөрүү керек. Көп мамлекеттерде бул система медицинаны алдыга жылдырууда. Мындай система башка көптөгөн мамлекеттерде иштейт.

— Азыркы учурда жүрөк оорулары менен кимдер көп оорушат, байларбы же кедейлерби?

— Бардыгы эле бирдей. Кедейлер деле тигиним жок, мунум жок деп турмушта кыйналышат да. Байлар деле байлыктарын кантип көбөйтүү жана кантип сактап калууну ойлоп жатышып ооруп калышат да. Саясатчылар менен күч түзүмдөрүндө иштегендер көп оорушат. Бул оорунун келип чыгышынын себептерине көбүнчө стресстик абалга туш келиши эсептелет, жашоо шарт да кирет, тамыр деген жыйрылып турат да. Көбүнчө гипертония, инсульт деген ушундан келип чыгат. Бардыгы эле тегиз ооруйт. Ким стресске көбүрөөк кабылса ошолор ооруйт. Көбүнчө аялдар көбүрөөк оорушат.

— Күнүнө канча операция жасайсыңар?

— Күнүнө бирден операция жасалат. Мына бүгүн, кечээ экиден операция жасалды. Эң көп болгону төрт операция болот.

— Өзүңүз иштеген жылдардан бери канча операция жасадыңыз?

— Мына бул жерде жазылып турат, жалпы мен 6085 операция жасапмын.

— Азыркы учурда дары чөптөр менен дарылоо көбөйүп бара жатат, ушуга көз карашыңыз кандай?

— Бул жерде зарылдык бар да. Ошондуктан медицинада бош калган жерлерди булар толуктаганы жатышат. Бул медицинанын алсызданып бара жатканынан кабар берет. Бирок чөптү атамзамандан бери колдонуп келе жатышпайбы. Чөптөрдөн көптөгөн дарылар жасалат. Муну билген киши колдонсо болот, бирок бардык ооруларды дарылай албайт. Менин көз карашым түз эле, бирок мында адистер иштеш керек.

— Жаш медиктерге кандай кеңеш берет элеңиз?

— Медициналык кызматты, ак халатты тандап алдыңбы, ак халатты булгабай таза иште. Өмүрүңдү бер ошого, адамдын чөнтөгүн карабай, анын жүзүнө, көңүлүнө кара, оорусун дарыла. Ал сакайып чыкса, сени ыраазы кылат. Бул илгертен эле келе жатат. Ибн Сина деле айткан, табыптарга жакшы ат мингиз, жакшы чапан жап, жакшы тамак бер деп. Бул бекеринен айтылган эмес да. Анан жакшы карайт да. Мына мен иштеп жаткан чоң мекеме, эки жүз адам иштейт, жүрөккө үч жүздөн ашык операция жасалат, бул жерде кызматтык машина же “жакшы ат” жок. “Чапан” жок, үстүбүздө чатырыбыз жок, берилген имаратты оңдоо-түзөө иштери бүтпөй создугуп келүүдө. Берген каражаты болсо, тиги.

— Балалык кезде, кийин окуп жүргөндө алдыга койгон кайсы максаттарыңызга жетпей калдым деп ойлойсуз?

— Мен бардыгына эле жетип келе жатам. Кыялданып учкуч болом дегеним гана ишке ашпай калды, буга өкүнбөйм. Медик болом дедим, 1-курста Ахунбаевдин иштерин көрүп жүрөк хирургу болом деп алдыма максат койдум эле, жүрөк хирургу болдум. Жүрөккө операция жасайм дечү элем, бул тилегим ишке ашты. Органдарды алмаштырам (трансплантация) кылам дечү элем, бирок бул азырынча ишке аша элек. Кудай өмүр берсе, азыр алтымыш экидемин, ден соолук берсе ишке ашып калышы мүмкүн. Учурда органдарды алмаштыруу актуалдуу маселелерден болуп жатпайбы. Оорулуунун ооруган органын алмаштырып койсо жашап кете турган учурлар болуп жатпайбы. Ушул операцияны жасасам жүздөгөн, миңдеген адамдардын жашап кетишине себеп болом го деп ойлойм.

— Илгери биз бала кезде Беляев деген жазуучунун “Профессор Доуэлдин башы” деген фантастикалык китебин окуган элек, ошондо адамдын башын алмаштырганы жөнүндө жазылат. Азыркы күндө Кытайда адамдын башын алмаштырды деген маалыматты интернеттен окуп калдым. Канчалык деңгээлде ушул турмушка ашты экен?

— Мен да окугам бул китепти бала кезде. Мен бул операциянын канчалык деңгээлде болгонун билбейм. Бул турмушта боло турган реалдуу нерсе.

— Ал башка адам болуп калбайбы?

— Бул жерде философиялык, этикалык суроолор бар. Илимий жактары бар. Адамга бул биринчи өөн учураганы менен кийин кадимки эле көрүнүш болуп калат. Мындан 150 жыл мурун немистин дүйнөлүк деңгээлдеги эң кыйын хирургу Теодор Бильрот ашказанга операция жасап жүргөн. Ошол киши, “Эгерде менин кесиптештеримдин кимиси жүрөккө кол салса, ал өзүн сыйлабагандык, коллегаларын сыйлабагандык жана Жаратканды сыйлабагандык! Жүрөк кол тийгис!”- деп айткан экен. Биз күндө жүрөккө үч жолу операция жасайбыз. Алты-жети саат токтотуп коюп, кайра жүргүзөбүз. Ал ошол заманда ошондой жашаган жана ойлонгон. Мен азыркы заманда жашап, башты алмаштырууну реалдуу деп айтып жатам да. Өзүм дагы скептикалык көз карашта болуп, ишене бербей бул керекпи, керек эмеспи деген ойго кетем. Теодор Бильрот да убагында жүрөк өлдү, тийбеш керек деп ойлогон.

— Дагы бир суроо, Бекмамат Осмоновдун Москвада болгон операциясына катышкан белеңиз?

— Бекмамат Осмонов мага бөлө болот. Абдан жакшы мамиледе элек. Мен операцияга катышкан эмесмин, мен аны Москвага алып барганмын. Ал киши ооруп калганда кеч келген. Эки ай жүрүп алды, текшердик. Чет мамлекетке барабыз дедик, болбоду, акча жетпейт деди. Швейцарияга барып операция канча турарын сураганыбызда жетимиш миң швейцариялык франк болот экен. Анда Бекмамат аке мындай деп жатпайбы, “Эй, Калдарбек, бул Ош областынын бир жылдык кирешеси экен го. Аны мен чачып алып эмне кылам. Кой, андан көрө Москвага эле алып бар. Мен мынча акчаны кайдан тапмак элем”. Ошентип Москвага барганбыз. Патриот киши эле. Тагдыр дегенге ишенип калдым. Өзү кечигип келди, энтигүү, жүрөктүн фракциясы деп коёт, жүрөктүн жыйрылуу жөндөмдүүлүгү 35–40ка түшүп келди. Бир клапанды алмаштыруу керек болчу. Ал менин күндө жасаган операциям болчу. Ал кезде мен Бишкекке жаңы келген кезим эле. Бөлүмдүн башчысы Дүйшөбаев деген агайым бар эле, ошого кирдик. Ал киши аябай жакшы хирург, Бекмамат акеге, “Эй Бекмамат аке, сиздин жүрөгүңүздү өтүк тиккендей эле тигип коём” деп тамашалабайбы. Андан чыккандан кийин Бекмамат аке “Ыхы-ыхы” деп жөтөлө, палатага киргенден кийин “Эй Калдарбек, үкам, бул кандай адам?! Менин жүрөгүм буга өтүкпү?! Өтүк тиккендей. Жасатпаймын биякта”- деди. Көңүлүнө катуу тийиптир. Эгерде Дүйшөбаев жасаганда, мен кошо жасашат элем. Аман калышы мүмкүн болчу. Ошентип чыгып кетип калды. Андан кийин Москвага барабыз деди. Москвага жеткичекти бир ай жүрдү. Жоопкерчиликтүү киши эле, Ош-Жалал-Абад областтары боюнча токойчулук боюнча мекемеде жетекчи болуп иштөөчү, жумушун тапшырып, антип-мынтип баргыча бир жарым ай өтүп кетти. Жүрөгүндөгү клапанынын створкасы деп койот, толтого баруучу чөмүчү айрылып кеткен экен.

Мен Москвадан профессор, илимдин доктору деген диплом алып келип, бардык академиктерди, профессорлорду, Миррахимов, Мамакеевдерди чакырып, той өткөзөм деп 25-октябрь болсо керек, күз айы болчу, күнүн белгилеп койгом. Москвага 1-октябрда барып, жыйырма күндөй жүрүп калдык. Текшерген жери канап, оорлошуп кетти. Анын айынан бир жума жүрүп калдык. Лео Антонович Бокерия чет өлкөгө конференцияга кетип дагы бир жума жүрүп калдык. Операция улам артка жылып жатты. Бекмамат аке менин окумуштууларды, академиктерди чакырып, той өткөзө турганымды билет эле. Эстүү киши да, “сен бара бер, Лео Антонович менен тааныштырып койдуң, жатам, убагы келгенде жасайт, сен 25-октябрга белгилеп койгонсуң, эки-үч күн калды, биерде турганда эмне”- деп уруксат берди. Мен келе бердим. Темир анда жашыраак жигит болчу, ал барып калды, тажеңе, иниси Абдылдабек аке бар болчу. Бешенесине жазган экен, операциядан чыгып, реанимация бөлүмүнө жаткырышкан экен. Экинчи күнү трубкасын алып, реанимациядан которобуз деп калган учурда симулация болду. Мунун себеби, медицинада түшүнүктүү, жүрөк өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн иштеп бүтүрүп, фракциясы өтө төмөн болуп, жүрөктүн согуусу 35–40 болуп калган. Мындайда оорулууга операцияны эртерээк жасаш керек. Бекмамат аке да кечигип келди, шарттар да туура келбей операция жасоо убактысы созулуп кетти.

Бекмамат аке өткөндөн кийин ар кандай ушак-айыңдар чыкты. Мен өз кулагым менен да уктум. Өмүрүмдө биринчи жолу жолдомо алып Ысык-Көлгө эс алууга баргам. Нарындан, Таластан келген аксакалдар менен бирге отуруп тамак ичип калдым. Бир күнү аксакалдардын бири ушул темада сүйлөп калды. Менин Жалал-Абаддан экенимди, Бекмамат акенин тууганы экенимди билбейт. Бишкектен келген жигит экен деп мени менен көп сүйлөшүшпөйт. “Атаңдын оозун урайындар, бул Бекмамат болгондо хан эле. Ал болгондо мамлекетти оңдойт эле. Ушул ханды өлтүрүп коюшпадыбы!”- деп айтты. Мен отурам алардын жанында. Аябай жаман болдум. Көрүп билип турган мен болсом. Тамак ичип жаттык эле, какап калдым. Тамак ичип бүткөндөн кийин эс алуучу бөлмөдө шахмат ойношот да. Шахмат ойногон жерине барып айттым. “Абалар, бирөөлөр өлтүрүп койду деген Бекмамат акенин жакын бөлөсү болом. Мен өзүм барганмын,”- дедим. Анда бирөөсү “Оу, кокуй, катыгүн, анда сен айтып бер”, — ​деди. Мен болгонун болгондой айтып бердим. Журналисттер келип сурап калат. Жакында туугандарыбыздан бирөө да ушул тууралуу сурады. Айтып берсем, ишенбегендей карайт. Бул жерде эч кандай сыр жок. Оорусу өтүшүп кеткен, бул пешене деген нерсе экен. Саясаттагы кишилер тууралуу ар түрдүү ушактар чыгат экен. Бул кандай болгонун тажеңе, Темир, Абдиллабек ака билет. Алар Бекмамат акенин жанында дайыма болушту да.

— Маегиңизге чоң рахмат.

Маектешкен Нурмамат ажы Сапарбаев.

Булак: Жаңы Ордо 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *