Калктын келечекке көз карашы бүдөмүкпү?

Жакында эле Эл аралык республикалык институттун өткөн жылдын ноябрь айында Кыргызстанда өткөргөн сурамжылоолорунун жыйынтыктары жарыяланды. Чынында кырдаал бир нече ай ичинде эле кыйла өзгөрүп кетиши мүмкүн эле. Бирок иликтөөлөр боюнча алынган отчеттун көптөгөн цифралары маанай көтөрбөй, ойлонууга аргасыз кылат. Алардын айрымдарын эл туура түшүнбөй да калды.

Баарынан элдин бүйүрүн кызытканы “Саясатчылардан кимге көбүрөөк ишенесиз?” деген суроо болду. Ага ылайык, суралгандар Экс-президент Атамбаевге азыр 3%, ал эми учурдагы президентке – 21% ишенери айтылат. Чындап келгенде, бул цифра ишенимге мүнөздөмө бере турган көрсөткүч эмес. Кимдир бирөөгө ишенсе боло берет, бирок калгандарга караганда анын көп же аз болушу турган кеп эмеспи?

Ошол эле Атамбаевди ала турган болсок, анын ишин жактыргандар 50%га чамалап барат, Жээнбековдуку болсо таптакыр эле 70%га чаап кеткен. Жактырып атышкан болсо, демек, анда ошончолук ишеним да көрсөтүшөт эмеспи. Албетте, Жээнбековдун бул көрсөткүчү мындан да жогору болушу мүмкүн эле, бирок ал азырынча Атамбаев президент болуп тургандагы ишенимдин деңгээлине жете элек. Ишенимден кетип бараткандардын арасынан болгону 44% гана жакшы иштеп атат деген упай алган Абылгазиевдин абалы түзүк эмес болуп чыкты (башкаларга караганда ага суралгандардын 1% гана ишенет).

Бийлик үчүн кыйла кооптуу көрсөткүч мында жатат, адамдардын эртеңки күнгө болгон ишеними азаюуда. Өлкөнүн кай жакка кетип баратканын көптөр түшүнбөй да калды. Акыркы эле жылда КРда кырдаал туура багытта өнүгүп жатат дегендирдин үлүшү 10%га азайган. Буга эми таң калып деле кереги жок. Сурамжылоого катышкандардын 44%нын үй-бүлөлүк материалдык абалы бир аз начарласа, ал эми 8%ныкы кыйла начарлап кеткени – бул олуттуу көрсөткүч.

Өлкө жетекчилиги тарабынан учурда кеңири жайылтылган коррупцияга каршы өнөктөштүк туурасындагы сурамжылоого да мамиле бирдей кылка эмес. Сурамжылоого катышкандардын чейрек бөлүгү гана коррупциялык кырдаал жакшырды дешсе, 28%зы кырдаалдын мындан да начарлаганын белгилешкен, калгандар болсо эч кандай айырманы сезбегенин билдиришкен. Кыязы, өкмөткө жарандардын басымдуу бөлүгүнүн экономикалык абалын жакшыртууга багытталган чараларды көрүүгө мезгил жетти, бирок азырынча мындай аракеттер байкалбайт.

Сурамжылоонун саясый партиялар туурасындагы маалыматтары да кызык. Эгерде шайлоо азыр болчу болсо, анда добуштардын көпчүлүгүн (18%) КСДП алмак. Калган партиялардын рейтингдери кыйла эле төмөн, бул партиялардын ишинин кескин солгундаганын айтып турат. “Сиздин аймакта кайсы партия активдүү?” деген соболго суралгандардын үчтөн бир бөлүгү эч кайсы партиядан активдүүлүктү көрбөй турганын айтышкан. Демек, шайлоо кампаниясы башталаарга бир жыл калганына карабай, биздин саясатчыларда анчалык кыймыл-аракети байкалбайт.

Булак: “Ачык сөз”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *