Калык Султанов күндүзү Акүйдө Атамбаевге кеңеш айтып, түнкүсүн Өмүрбек Текеба­евдин түшүн жоругуч болуп жүргөн жокпу?

Кызылдай тирешип турган эки жээкке тең бирдей жагып, эки тараптын тең тилин таап турган сапат ар кимге эле бериле берген эмес. Мын­дай сапатка эгедер адамдар чанда кезигет. Биздин саясый коомдо мындай адамдар жок эмес. Маселен, президенттин кеңешчиси Калыкбек Султанов учурунда Өмүрбек Текебаевдин айланасында жүргөн адам. Жанында эле жүрбөстөн, ал «Ата Мекен» партиясынын квотасы менен транспорт министри дагы болгон. Ал эми учурда Алмазбек Шаршеновичке акыл-насаат айтып жүрөт. Эми принцип дегенден таптакыр алыс Калык мырза кандай кеңеш берип жатты экен? Күндүзү Акүйдө ажого кеңеш айтып, түнкүсүн Өмүрбек Текеба­евдин түшүн жоругуч болуп жүргөн жокпу? Ким кепилдик бере алат? Финансы жагынан Текебаевди тымызын каржылап жүргөнү ачыкталабы? Ай ким билет? Өмүке деле бу жагын айтпайт го, айтса чөнтөгүн кампайтып аткан «көмүскө бюджеттен» кур калбайбы?..

Булак: “Азия ньюс”

1 ой-пикир

  • Ала-Тоо says:

    Баарыбыз эле жакшы жашагыбыз келет. Бирөөбүз алдым жуттум принцибин колдонсок, бирөөлөрүбүз ак мээнет менен жашап келебиз. Бул, жалган жашоонун философиясы. Калыкбек байкени экинчи топко кирген инсандардын катарын толуктаарына ишенемин. Мүнөзү жакшы, адамгерчиликтүү инсан. Албетте бүгүнкү күндө ак эмгек жасап үй бүлөңдү багуу үчүн да анда мында акча берүү табигий көрүнүш. “Таштайсын, анан жашайсың” деген заман. Ким адал эмгек менен жашады, ал эми ким арам тамак менен күн көрдү акыретте өздөрү эсебин беришет го.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *