Калысбек Жумаканов “жумурткадан” чыгабы деги?

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын дирек­тору болуп эмгектенген Калысбек Жумаканов «жумурткадан» сыртка чыккысы келбейт окшойт. Минтип жата берсе, «сасыткы» болуп кетээрин билбейби? Дегеним, Жу­маканов ветеринария тармагыбызды кызылдай талкалап жатат. Карагыла, жер-жерлерде мал оорулары катталып, оорудан малдар өлүп, калкыбыз зыянга учурап жатса дагы жетекчи катары үн ката элек. Атургай айыл жерлерине басып барып кабар алып да койбоду. Калкыбыздын басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгы менен алектенгендиктен аларга малга тийген оору өздөрүнө тийгенге барабар экенин Жума­канов сезген да жок. Ал эми Бажы биримдигинин талабына ылайык, атайын лабораториялар курулуп, продукцияны сыртка экспортко жөнөтүүгө бул чиновниктин кызыкчылыгы жокпу? Дегеним, эч кандай маалымат бербей келет. Ой Жума­канов мырза, эл-журтка бирдеме деп ооз ачпайсызбы? Эгер эки ооз сөзүңүз жок болсо, алдагы жерде эмнеге олтурасыз?

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *