Камактагы саясый туткундарга мунапыс берилеби?…

31 -август эгемендүүлүк күнүнө саналуу күндөр калды. Бул датаны утурлай камактагы жазасын өтөп жаткан жүздөгөн мекендештерибизге ырайым кылуу жагы каралып, жеңил жана адилетсиз жагдайда айласыздан камалып кеткендерге мунапыс берилип келгени бар. Мындай шартта Атамбаев бийлиги тарабынан адилетсиз жагдайда камакка алынып, ушул күндөргө чейин караңгы жайда отурган Бекболот Талгарбеков, Өмүрбек Текебаев, Кубаныч Кадыров, Бектур Асанов баштаган саясый туткундарга мунапыс берилиши керекпи? Президент Жээнбеков аталган саясатчыларга карата 31-август датасын мисал кылып, алардын өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнө кошкон ири салымдарын эске алуу менен мунапыс колдонуп, адилеттүүлүккө кадам салса болот беле? Биз бул сапар ушул маселелердин тегерегиндеги жоопторду издедик.

Алмамбет ШЫКМАМАТОВ, «Ата Мекен» фракциясынын лидери:

Негизи мунапыс мыйзам менен берилет. Учурда мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып жатат. Адилеттүүлүк, калыстык үчүн мунапыс сөзсүз керек. Президент Сооронбай Шарипович бул мунапыс боюнча демилгени колдойт деп терең ишенем. Башына иш түшкөндөргө карата жеңилдик баарына берилиши керек. Өзгөчө силер баса белгилегендей, учурдагы саясый мотив менен камалгандардын баарысына мунапыс таркатылышы керек. Менин оюм ушундай.

Урмат АМАНБАЕВА, экс-депутат:

– Кошуна Өзбекстандын президенти 2017-жылы Өзбекстандын Конституциясынын 25 жылдыгын утурлай камакта жазасын өтөп жатышкан миңдеген адамдарына ырайым берген жарлыгын чыгарган. Аны менен Шавкат Мирзиёев өз сөзүндө аларга карата «адамдын жаманы жок, жаңылыштык кетирген адамдарга дагы бир жолу жашоого мүмкүнчүлүк бериш керек» деген. Мен да айтат элем, бүгүн Кыргызстанда канчалаган адамдар бейкүнөө, адилетсиз жагдайда камакта отурушат. Алардын ичинде ошол эле силер атаган саясый куугунтуктун негизинде камалып кетишкен Бекболот Талгарбеков, Өмүрбек Текебаев, Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров, Садыр Жапаров баш болгон саясатчылар бар. Ошондой эле булардан тышкары жалпысынан адилетсиз жагдайда канча жылдап соттордун туура эмес чечиминин курмандыгы болуп отурушкан энелер, кыздар, кары-картаңдарга биздин президентибиз Сооронбай Жээнбеков ырайым берсе, канчалаган үй-бүлөлөрдүн сообуна калып, кыргыз тарыхында эң гумандуу эл башчы болуп калмак.

Каныбек ИМАНАЛИЕВ, ЖК депутаты:

Алардын баардыгына мунапыс берүү ажобузга бир топ аброй алып келери шексиз. Биринчиден, бул айкөлдүк жана гумандуу кадам. Экинчиден, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун саясый душманы жокко эсе (экс-бирөөнү эсептебегенде). Үчүнчүдөн, чакан элбиз, кек сактоо эч жакшылыкка алып келбесине баарыбыздын көзүбүз жетти го. Төртүнчүдөн, бул кадам эл аралык коомчулук тарабынан да жогорку баа алары талашсыз. Азырынча пикирим ушундай.

Зайнидин КУРМАНОВ, экс-спикер:

– Албетте, болот. Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда өзүнүн оппоненттерине каршы бир катар кылмыш иштерин ойдон чыгарып эле козготкон. Муну жумурай-журт баары билишет. Ошондуктан, президент ырайымдуулугун көрсөтүп, каршылашкан тараптарды элдештирүү, коомчулукту жаңы бийликтин тегерегине баш коштуруу, демократиялык реформаларды ишке ашыруу максатында кырдаалды өзгөртсө болмок. Соттук, бюрократиялык машина өтө жай иштеп жатат, жаңылануу саясатына каршылык көрсөтүп, өз жүзүн сактап калууга аракет жасоодо. Бул көрүнүп эле турат. Ошондуктан, аларды күтүп отура берсе өтө көп убакыт өтүп кетет. Албетте, президент укуктук жол менен баргысы келет. Бирок, ал көйгөйдү саясый жол менен да чече алат. Саясый чечим кабыл ала алат.

Качкын БУЛАТОВ, укук коргоочу:

– 31-август -эгемендүүлүк күнүнө карата президент Сооронбай Шарипович өзүнүн берген убадасын аткарууга жакшы шарт түзүлүп турат. Ал киши буга чейин «мыйзам үстөмдүгүнүн кулу болом» деп убада берген эле. Ошол убадасы аткарылбай келе жатат. Ошондуктан, эгемендүүлүк күнүнө карата саналуу күндөр калды. Ушул датаны утурлай Атамбаевдин доорунда анын буйругу менен камалган саясый туткундарга мунапыс берип койсо, эл ыраазы болор эле. Ансыз деле азыр түрмө толо камалгандар көбөйүп кетти. Мунапыс – тээ илгертен бери падышалар берип келе жаткан тарыхый жөрөлгө, падышанын айкөлдүгү. Чындап келгенде, азыр дагы сот, прокуратура жалган жеринен акчасы жокту камап, акчалууларды кылмыш иштен бошотуп келет. Эми президент Сооронбай Жээнбеков айкөлдүк кылып, жалган жалаа менен камалышкан айтылуу Бекболот Талгарбеков баштаган Садыр Жапаровду, Өмүрбек Текебаевди, Кубаныч Кадыровду, Бектур Асановду жана Дүйшөн Чотонов сыяктуу саясый туткундарга мунапыс берсе, эл колдоосуна ээ болуп, көпчүлүктүн алкышын алаар эле. Мындай кадамы менен президент катары өлкөнүн тынчтыгын бекемдеп, саясый сындардан алыс болуп, мамлекеттин өнүгүү факторуна ыңгайлуу шарт түзмөк. Өлкөдө акыйкат болбосо, анда тынчтык орнобойт. Уурулук менен алдыга жыла албайбыз.

Ийгилик Болсунбаев

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *