Камчыбек Ташиев, “Ата-Журт” партиясынын лидери: “Мекеним үчүн баарына даярмын…”

Аксы жергесиндеги кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек, талаштуу аймакка Өзбекстандын куралдуу күчтөрүнүн кирип келиши коомчулукта катуу тынчсыздануу жаратууда.

Аталган чырлуу окуяга байланыштуу “Ата-Журт” мекенчил партиясынын төрагасы К.Ташиев кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду:

– Урматтуу мекендештер, бийлик ээлери!

Аксы жергесиндеги Кыргызстаныбыздын жерин өзбек аскерлеринин басып алышы өтө опурталдуу, эгемендигибизге, мамлекеттүүлүгүбүздүн бүтүндүгүнө доо келтирүүчү маселе. Ушул окуя менин адамдык намысыма, Кыргыз атуулдугума, жандүйнөмө бүлүк салды. Кыргыз элимдин бир карыш жерин сактоо үчүн бардык чараларды көрүүгө, мамлекеттин дипломатиялык, күчтүү аскердик жана мекенчилдик жарандарыбыздын мүмкүнчүлүгүн колдонууга чакырамын. Мен жеке өзүм аскерий адам катары дагы, жөн жаран катары да баардык шартта жерибизди коргоого даярмын!!!

Урматтуу Кыргыз элим,бийлик ээлери!

Аксы жергесиндеги болуп жаткан чек ара көйгөйүн тез аранын ичинде чечилбесе эл тарабынан чара колдонууга чакыргандар, аракет жасаган мекенчил инсандарыбыз өтө көбөйүп кетти. Ушул маселе чоң чыр чатакка айланып кетпеш үчүн бийликтегилер дипломатиялык аракеттердин негизинде чараларды көрүш керек болчу. Азыр да кеч эмес, аракетти күчөтүү зарыл, бири-бирибизди колдоп, тынчтык жолу менен маселени чечишибиз керек, кызыл кандуулукка алдырбайлы туугандар, а мен болсо Мекеним үчүн баарына даярмын, эртең Аксыга жөнөп жатам, алдыңкы сапта болом, Кудайым колдосун!!!”.

Саясатчынын “Фейсбукка” жарыялаган кайрылуусун кыргызстандыктар кызуу колдоого алууда. Маселен, Майрамбек Сыдыков мындай дейт: “Өлкөбүз кооптуу кырдаалга тушуккан кезде, Атамбаев, Сариев жа Жээнбеков барган жок Аксыга. Дагы деле, баягы баатыр агабыз Камчыбек Ташиев барды. Ар ким ар деме деп, Камчыкенин дарегине ар түрдүү нерселерди ошол кезде жаадырышкан. Мына ошол ыплас ооздор, жылуу батиринде олтуруп, монитордон көзүн, олтургучтан кө..үн үзүшпөйт. Баары майрамдап, ал эми СДПК партиясы Ошто аркан тартышып, шайлоо менен алектенип жүрүшөт. Билбегендер билип алгыла – Кыргызстан кимге чындап керек экенин!”.

Кечээ болсо, Аксы, Ала-Букада чек арадагы кырдаалга байланыштуу тынчтык митингдери жүз алды. Ага кайрале кыргыздын бийлик тарабынан “эл душманы” аталган патриот уулдары барып катышты. Бул тууралуу гезитибиздин ушу санына кеңири окуйсуз!

 

Булак: “Майдан. kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *