Камчыбек Ташиев: Бийлик чычалаганды коюп, башка партияларга иштөөгө мүмкүндүк берсин

“Бүгүнкү күндөгү Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги болуп аткан окуялардын бардыгы бийлик тарабынан уюштурулуп жатат, себеби шайлоо өттү, шайлоодон 5 партия мандаттарын алышты, ал 5 партиянын 3өө биригип, коалиция түзүштү. Ал эми бийликчил КСДП жана Кыргызстан партиялары сессияга келбей көпчүлүк коалициясын түзө албай калгандыгына ыза болушуп, өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин уюштуруп жатышат”, – деп билдирди бүгүн, 19-январда “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев.

“Бийлик чычалаганды коюп, элдин каалоосу жана үмүтү менен жаралып аткан бийликке бут тоспош керек. Жалал-Абад шаарында бүгүнкү күндө КСДП фракциясынын эч кандай кадыр-баркы калбай калды. Элдин баары ушинтип шайланып алып, элге иштебестен өздөрүнүн бийлик талашуу оюнун жүргүзүп жатканына нааразы болуп атышат. Ошондуктан тез аранын ичинде КСДП фракциясы сессияга келип, калган көпчүлүк коалициясын түзгөн партияларга иштөөгө мүмкүнчүлүк бериши керек деп эсептейм”, – деди  Камчыбек Ташиев.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *