Камчыбек Ташиев депутат Бактыбек Райымкуловго: “Кийинки шайлоодо сиздин депутат болоруңузга чооң күмөнүм бар, сизди кайсы партия катарына кошсо менин каршылашым болот, сазайыңарды берем”

Урматтуу депутат ЖК Райымкулов!
Сиздин “Ата Журт” партиясы боюнча берген интервьюнузга жооп жазып коёюн.”Республика-Ата Журт” партиясына илешип жүрүп депутат болгонсуз, өзүңүзчө депутат боло элексиз, болушуңузга күмөн да санаймын, а биздин”Ата Журт”партиясы боюнча ооз ачканга моралдык укугуңуз жок, ушул партия бар үчүн парламентте олтурдуңуз.
Ал эми “бирөөлөргө бир аз кошоматчылык кылсам эле дагын депутат болом” деп жүрөсүзбү, саткындарды, эки жүздүүлөрдү, бийлик үчүн жанын сатканга даяр болгондорду элибиз да билип, түшүнүп эле турат. Так, что сиздин да депутат болушуңузга чооң күмөнүм бар, сизди кайсыл партия катарына кошсо да өтө чоң жаңылышат жана менин саясий каршылашым болот. Ошондуктан кыргыз элимде айтылган сөз бар”ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө” деген. Мындан ары күтө бериңиз, мен саясаттан кеткен жокмун, эми сазайыңарды берем! Камчыбек Ташиев

Эсиңиздерге сала кетсек, бүгүн, 7-ноябрда депутат Бактыбек Райымкулов “Азия ньюс” гезитине: “Менин оюмча, «Республика» да, «Ата Журт» да шайлоого барбайт го. Анткени, Өмүрбек Бабанов «саясаттан кеттим» деди. Ташиев болсо өзүнчө кетти. Шанстарын деле айтыш кыйын. «Республикада» бир аз шанс бар. Ал эми «Ата Журттукун» айта албайм” деп интервью берген эле.

Булак: KyrgyzToday.kg            

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *