Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Камчыбек Ташиев: «Кудай буюрса, Президенттин отставкасы боюнча сүйлөшүүлөр жигердүү жүрүп жатат, жакында бүтүрөбүз»
Саясат

Камчыбек Ташиев: “Кудай буюрса, Президенттин отставкасы боюнча сүйлөшүүлөр жигердүү жүрүп жатат, жакында бүтүрөбүз”

“Президенттин отставкасы боюнча сүйлөшүүлөр жигердүү жүрүп жатат, Кудай буюрса, жакында бүтүрөбүз”. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда саясатчы Камчыбек Ташиев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, премьер-министр Садыр Жапаров жана Ташиев өзү президент Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүлөргө катышууда.

Учурда Ташиев мамлекеттик резиденцияда.

«Мен адамдарды тынч, токтоолукка үндөйм. Бардык маселелерди макулдашуу менен чечишибиз керек. Жолдорду талкалоо жана тосуу болбошу керек, резиденцияга жакындоо болбошу керек.

Элдер “Ысык-Көл” мейманканасына чогула башташты деп жатышат. Коомдук тартипти бузбаңыздар жана эч жакка жылбаңыздар. Бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечебиз», – деди ал.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт