Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды
Саясат

Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды

Бүгүн, 16-октябрда Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров “Мекенчил” партиясынын лидери жана анын санаалашы Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордуна дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду.

Маалыматка ылайык, Ташиев аталган бөлүмдүн аппараты менен тааныштырылганы такталды.

Ошондой эле, Бекбосун Апсатаров УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын директору болуп дайындалды. Биринчи орун басары Рустам Мамасадыков болду.

Бекбосун Апсатаров 1963-жылы 14-мартта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Покровка айылында туулган.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт