Видео – Канат Хасанов: “Мелис иним, мени “Чоң казаттан” $40 миң “согуп” кетиптир” деген туура эмес, Жапыкеев кудам болот, Сыймык менен Максат өз акчаларын беришти”

Бүгүн, 10-июлда адвокат Канат Хасанов Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, Мелис Аспековдун билдирүүсүнө жооп берди.

Канат Хасанов Мелис Аспеков чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратып жатканы туура эмес экенин айтып, ага таарынычы жок экенин билдирди.

“Мелис иним, кейибе, мен сага капа болбойм. Кудай ден соолук берсин сага”, – деп айтты Канат Хасанов Мелис Аспековго кайрылып.

Ал ошондой эле, “Чоң казат” кыймылынан кетпегенин жана андан кетүүгө ниети да жок экенин билдирди.

“Сыймык экөөбүздүн ортобузга чыр-чатак болуп жатат деген сөздөр тарап жатат. Анын баары калп. Сыймык экөөбүз жакынбыз, кудабыз”, – деп билдирди Хасанов.

“Биз бийликтин туура эмес жасап жаткан кадамдары, Кубанычбек Жумалиев тууралуу айтып баштаганда бизге кысым көрсөтүлө баштады. Андан кийин менин кардарларым менден баш тартып, берген акчаларын артка кайтарып берүүмдү талап кылышты. Мен акчаны кайтарып берүү үчүн досторума жардам сурап кайрылдым, алар жардам беришти. Максат менен Сыймыкка да кайрылдым. Максат өзү келип акча берди. Сыймык колунан келген жардамын берип жатты. Мелис мага жардам катары берилген акча тууралуу айтып жатабы (?), мага телефон чалып өзү эле сураса болмок”, – деди адвокат Канат Хасанов.

“Мелис иним, туура эмес, такталбаган маалыматтарды айтуудан мурда, алгач бир ооз менден сурап көргөнүңдө, ошондо баарын түшүнөт элең. “Чоң казатка” келген акчаны “согуп” кетиптир, 40 миң доллар экен” деп айтып жаткандары туура эмес. Бул маалыматтарды өзүң дагы териштиресиң болуш керек. “Чоң казатка” укмуштуудай акча келет деген да туура эмес. “Чоң казатка” келген акча көзөмөлдө, ага эч кимдин колу тийбейт, ал бир гана “Чоң казатка” жумшалат. Ишкер досторумдун жеке мага берген акчалары тууралуу сага туура эмес маалымат берилсе керек”, – деди Канат Хасанов.

“Менин Максаттын, Сыймыктын жана Жаркынбек Орозбековичтин ортобузда эч кандай маселе жок. Азыр мен ооруп жатам, сакайгандан кийин “Чоң казаттын” катарына кошулам. Мен “Чоң казаттан” кеткен эмесмин, кетпейм жана кете турганга оюм да жок. Мен аягына чейин барам. Биз шайлоого катышабыз. Ошондуктан, Мелис иним, мындан кийин такталбаган маалыматтарды таратпа. Эгерде мага дооматтарың болсо, мага түз эле телефон чал. Телефон номерди билесиң. Бүгүн 2-3 жолу телефон чалсам алган жоксуң. Жалган жалаа жаап жатасың, далили жок айта берген туура эмес”, – деп белгиледи Хасанов.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *