Канат Садыков, КУУнун ректору: Республика боюнча жыл сайын студенттердин саны азаюуда

—Канат Жалилович, билимдин уюгу болгон Улуттук университеттин ичинде өзүнчө институттар ачылып, өз алдынча иш жүргүзгөн директорлор пайда болгону айтылып келген. Бул иштер ийге келтирилип, жолго коюлдубу?

—Ооба, Улуттук университеттин ичинде юридикалык жактан көз каранды эмес өзүнчө княздык катары калыптанган институттар түзүлүп, өздөрү бийлик жүргүзүп баштаган. Бири бирин кайталаган процедуралар улам көбөйүп жүрүп отуруп, жыйынтыгында ректор институттардын деректирлеринин колун карап калган. Кадр тандоо иши да чаржайыт кетип, академиялык чөйрөгө тиешеси жок адамдарды көбөйткөн. Албетте, жакшы жагы кээ бир юридикалык, экономикалык багыттагы институттар материалдык жактан жакшырып, окуу корпустары оңолгон. Бирок, вертикалдык бийлик орноп, юридикалык жак катары таанылган институттар жоюлушу керек болчу, ал реформаны мага чейин отурган ректор жасады. Тапшырма коргоо кеңеши тарабынан берилип, стратегиялык көз карашка ылайык тил, тарых, экология ж.б. бардыгы бирдей өнүгүп, классикалык системага өтүш керек болчу, ал ишке ашты. Ошол процесс башталганда келгем, бир жылдан бери кафедранын башчыларына чейин шайлап, классикалык нормага келдик. Азыр институттар калган жок, бюджетибиздин баары бир жерге бирикти.

—Ызы-чуулар инситуттар жоюлган маалда чыктыбы?

—Интригалар жөндөн жөн көбөйгөн жок, вертикалдык башкарууга өтүү ишинде окуу процесстерди көзөмөлдөп жүргөндөрдүн саны кыскарышы керек болчу. Ошондой мезгилде сыртта кала турган кишилер тоскоолдуктарды жасап, анын айынан ызы-чуулар көп болду, эптеп калыбына келтирдик. Эми классикалык формада өнүгүү маселеси турат. Биздин байкообуз боюнча бүткүл республика боюнча жыл сайын студенттердин саны азаюуда. 2010-жылы 312 миң студент болсо, 2018-жылы 116 миң студентке түштү. Жалпы республикалык тестке катышкандардын дагы саны азайды. Бизде дагы кыскарып, 2-3 жылдын ичинде 3,5 миң студент азайды. Бирок мугалимдердин саны кыскарган жок. Тактап айтканда биз тапкан каражат мугалимдерге гана кетип, өнүгүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. Азыр ушул процессти оңдоого кириштик. Окуу иштерди электрондук башкарууга өткөрүп, ашыкча сааттарды бириктирдик. 75 кафедранын башчысын шайлап, курамды сапаттуу кылуу милдети тагылды.

—Демек мугалимдердин саны кыскарат экен да?

—Келип-кетип жүргөндөр, тийди-качты иштеген кишилер кетип, тажрыйбасы мол, туруктуу иштеген мугалимдер топтолот. Буга чейин бирөөлөр жакынын кыйбастыктан же жогор жактан өтүнүчү менен келип-кетип иштесин деген тейде киргизип койгон кишилер болгон. Муну калыбына келтирсек бизде иштеп жаткан мугалимдердин айлыгы көбөйөт. Декреттен чыгып сааттын жоктугунан өз ордун ээлеш үчүн жарым ставкага отуруп, кичине айлык менен жүргөндөр бар, аларга көмөк көрсөтөбүз.

—Жатакана боюнча чыр чыгып келет, маселе чечилдиби?

—Студенттер арасында талаш жок, жылдын башында акчасын төлөп, аягына чейин жашап келишет. Ал эми материалдык абалы начар болгон ар кандай техникалык кызматта иштегендер (пол жуугуч, слесарь, сантехник же жаш үй-бүлөлүү лаборант мугалимдер) шарты үй-бүлө менен жашаганга туура келбесе да студенттик жатаканага айына 4,5 миңден төлөйбүз деп кирип алып, бирок каражатын бербей келе жатат. Булар ремонт да жүргүзбөйт, жайкысын да чыкпайт. Жазда жаан болгондо суу агып, балдар ойногон жерде электр тогунан өрт чыгуу коркунучу жаралганда аргасыз өчүргөнбүз. Ошондо ызы-чуу чыгарышып, карызды төлөйбүз деп сөз берген, тилекке каршы ал аткарылбады. Азыр эки жатакананын карызы 5 миллион сом бойдон турат. Бул студенттердин чатагы эмес, биздин кызматкерлердин жоопкерсиздиги. Сөзүнө турбаган, начар үй-бүлө экенин көрсөтүүдө, Өздөрүнүн квартирасын башка бирөөгө ижарага берип, биздин жатаканада арзан жашаган кишилер университетке талап койгону туура эмес да. Акчасын төлөгүлө, ремонт жасайбыз дегенбиз, бирок иш алдыга жылбай турат. Же чыкпайт, же акчасын төлөбөйт. Ачыгын айтканда бул добуш берүү учурунда пайдалануу үчүн жасалып калган. Каалагандай сүйлөшүп ал деген негизде түзүлгөн өзүнчө ресурс болчу. Азыр эми социалдык жактан жарылуучу өзгөчө коркунучтун бирине айланып калды. Муну спекуляция кылып, атайын ызы-чуу түшүрүп, саясий багытта пайдаланган кишилер бар окшойт.

Зулпукаар Сананов

Булак: De Факто

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *