Канатбек Исаев АШАнын миллиондорунун сырын ачканы калдыбы?

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев жакында Москва шаарында болуп кайтты. Бул сапардын максаты мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айткан маалыматтарын, тагыраагы кантип мультимиллионерге айланганын текшерүү болду.

Июнь айында парламент Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратты. 8-июнда “Форумдун” алдындагы митингде мурдагы президент Жогорку Кеңештин депутаттарын “чимкирик” атаганы үчүн эл өкүлдөрү мына ушундай жооп кайтарышты. Атамбаевдин чегинен ашып баратканын, анын кантип байыганын, алты жылдык бийлигинин тушундагы чуулгандуу иштерге катыштыгы бары-жогун иликтөөгө алууну алгачкылардан болуп депутат Канатбек Исаев көтөрүп чыкты.

Ал мурдагы бийлик тушундагы бийликти узурпациялоо, коррупция, жакындарын кызматка алып келүү маселелери арбын болгонун айткан. Ошондой эле мурдагы президентти калп сүйлөөгө да айыптаган. Депутат Атамбаев 8-июлдагы митингде айткан бардык фактыларды текшерип чыкканын жана алардын баары калп экенине ынанганын билдирген.

2013-жылдын апрель айында оор кылмыш жасаганы үчүн көп жылга эркинен ажыратьшып, Нарындагы абакта кармалып турган мыйзамдагы ууру Азиз Батукаев өлүм алдында экени айтылып, аз убакыттын ичинде тогуз жылдан ашуун жаза мөөнөтү өтөлбөй туруп эркиндикке чыгарылган. Мыйзамдагы ууру ошол күнү эле атайын учак менен Чеченстанга учуп кеткен. Мына ошол ишти териштирүүгө алган депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнүн бири Канатбек Исаев болгон. Атамбаевдин митингдеги билдирүүсүнөн кийинки парламент жыйынында депутат ошол чуулгандуу маселеге кайрылды.

“Мени Атамбаев өзүнө чакырды. Ортобузда “олуттуу сүйлөшүү” болду. Ал сүйлөшүүдөн кийин мен бул иштин артында президент өзү турат экен деп жыйынтык чыгаргам”, – деген депутат.

“Бул кылганы менен Атамбаев кыргыз элин шылдыңдаган. Атамбаевден көрсөтмө болбосо башкы прокурор, Жаза аткаруу Мамлекеттик кызматы, сот – эч ким кримтөбөлдү бошото алмак эмес”, – деп кесе жыйынтык чыгарган Исаев мурдагы президенттин ишмердүүлүгүнө парламент баа берүүгө милдеттүү экенин баса белгилеген.

Ошондой эле анын айтымында, Атамбаев бир гана Батукаевге эмес, криминалдык чөйрөнүн башка өкүлдөрүнө да “ырайым” кылып, колдоо көрсөтүп келген. Сөзүнө далил катары, көп жылга соттолгон Эркин Мамбеталиевди актамак турсун, жанына жан-жөкөр кылып алганын, Атамбаевдин арты менен оор кылмыштын айыпталуучусу эркиндикке чыгып алып, пансионат, хан сарайларды куруп, чардаганын билдирди. Уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү Алмаз Бокушовду КСДПнын атынан депутат кылганын да айтты. Аны менен катар Канатбек Исаев мурдагы президентти кол тийбестик макамынан ажыратуу демилгесин көтөргөн. Ошондон улам гана парламент уйкусунан ойгонуп, дарегине ылайыгы келген да, келбеген да сындарды жаадырып, ар бир билдирүүсүндө депутаттарды шылдыңдап алууну адатка айланткан Атамбаевдин аракеттерине баа берүүгө чындап киришти.

Депутаттын билдирүүсүнөн кийин ар бир кыргызстандыкта Кыргызстанды бандиттер башкарып келгенине, мыйзамдан чыгып, кылмыштуу топтун үндөөсү менен жашап калганына ынанган ой пайда болду. Алты жыл ичинде өлкө жазылбаган мыйзамдын таасиринде жүргөн экен.

Мурдагы президенттин былыктары улам бир жеринен чубалып чыгууда. Тарых музейиндеги, Бишкек ЖЭБиндеги, дагы бир топ ири суммадагы каражат жаткан иштердеги коррупциядан кулагы көрүнүп, бирок ага да карабай актануунун үстүндө. “Мен мультимиллионермин” деп жар салуудан чарчабаган Атамбаев ошол сан жеткис байлыктары кандай жол менен топтолгонун да адалдап койду. Айтымында, бүгүнкү миллиарддаган акчаларынын башаты 1990-жылдардагы кадимки кичинекей ишкерчилигинде жатат. Ошол жылдары Россияда китеп тапкыс болуп, ал эми “көрөгөч” мурдагы президент бул нерсени дароо илип алып, Кыргызстандан китеп чыгарып, Россияга алып барып сатканын айтат. Андан кийин Түркиядагы бизнесин сатыптыр да, ошону менен миллиарддаган байлыктын түбүндө калыптыр. Анын айткандарын так келтирсек, “Апрель” телеканалына берген маегинде байлыктарынын башатын мындайча ачыктаган: “1990-жылдарда Россияга китеп ташыгам. Андан кийин 2003-жылдын январында Түркиядагы түрк компаниясындагы акциямды саткам. Эркин экономикалык аймак болгон Измир шаарында “Гүлжанлар” аттуу ишканам бар эле. Акциянын 90 пайызы меники, өнөктөшүмдө болсо – 10 пайыз. Үч жыл бул компанияны иштеттим, жыл айын дивиденддерди бөлүшүп турдук. Акча алыш үчүн биз банкка нотариустан тастыкталган документти көрсөтчүбүз. Ишкананын эркин аймактагы SНВС банкында, менимче “Деңиз-банкта” эсеби болгон”, – деген мурдагы президент.

Атамбаевдин кантип байыгынан иликтөөнү Башкы прокуратура 2018-жылдын ноябрь айында колго алган. Бирок, ушул убакка чейин иликтөө болуп жатабы, кайсы этапка жетти, кандай фактылар аныкталды – белгисиз. Ал эми депутат Канатбек Исаев мурдагы президенттин жөө жомогун жөн гана угуп койбоду, ал акырына чейин териштирүүгө киришти. Жакында парламенттештери менен Москвада болуп кайтты. Ал жактан бир канча жыл мурда, ишкерчилигин жаңы баштаган жаш Атамбаевдин китеп бизнесин иликтөөгө аракеттенген.

Буга дейре парламент жыйынында мурдагы президенттин китеп чыгарып, сатуудан эле ушунча байлык топтоп алганына шектенүүсүн билдирген.

“Ал Чыңгыз Айтматов жазуучуларды колдоого алган “Адабий фонддун” жетекчиси болгондон кийин китеп чыгарып, Россияга темир жол менен вагондорго жүктөп алып барганын айтуудан чарчабайт. Кийинчерээк, “Адабий фонд” “Форум” коммерциялык эмес өнөктөштүккө айланды. Демек, ал ишкерчиликке рейдерлик жол менен киргенби? Көп өтпөй “Форум” коммерциялык эмес өнөктөштүк жөн эле “Форумга” айланды да калды. Биз Москва шаарындагы китеп палатасына бардык, ал жактан Алмаз Атамбаев болгону беш китеп чыгарганы белгилүү болду”, – деп билдирди депутат.

Канатбек Исаев мурдагы президенттин ар бир ишин суунун үстүнө чыгарууга, укуктук жактан татыктуу баа берилүүсүнө бүт күчүн жумшап, аягына чыгарууга чындап киришти. Ал Россиядагы тийиштүү кызматтардын баарына сурамжылоо калтырганын айтат.

“1990-жылдары Кыргызстандан Россияга жеткирилген китептер боюнча маалымат алуу үчүн тийиштүү кызматтарга сурамжылоо калтырдым. Атамбаев темир жол аркылуу ал жакка китеп ташып эле байып кеткендей көрүнүп жатат. Канча китеп ташыганын так билүүгө Россияга бардым”,- деген депутат ал сапарынын жыйынтыгын өзүнчө жарыя кылаарын да белгиледи.

Андан тышкары депутат Түркиянын Измир шаарына да ушул эле маселе боюнча барып келди. Бирок, ал жактан эмне тапканын азырынча ачыктала элек.

“Ал жактан эмне тапканыбызды айтуу азырынча эрте. Атамбаев Түркияда бизнеси болгонун, басымдуусу Измирде экенин айткан. Мен аны текшерүү үчүн аталган шаарга бардым. Жакында мурдагы президенттин сөзүнүн чын-жалганын аныктоочу докуменггер колума тийет”, – деди ал.

Канатбек Исаев мультимиллиардер Атамбаевдин миллиарддарынын чыныгы тарыхын ачып берет деп ишенип туралы. Бул депутаттын ишмердүүлүгүнө баам сала келгенде, айткан сөзүн жерге таштабай, бир баштаган ишин аягына чыгарчулардан экенине ынанасың. Эми мурдагы президент байлыгын кандай жол – маңдай тер, адал мээнет мененби, же Кыргызстандын ырыскысын жула тартып топтодубу – элге ачыкталашын күтөлү. Элдин ырыскысын алып, анан аны кайра арам ишке – элдин өзүнө аз-аздан берип, бөлүнүп-жарылууга шыкактап, өлкөдөгү туруктуулукту бузууга колдонуп жатабы – жарыя болсун. Ачыкка чыккан ар бир кыңыр иш мыйзам чегинде тиешелүү жазасын алууга тийиш.

Арина Рысбаева

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *