Канча актансаң да булганып калгансың!

Банктан 5,5 млн. сом кредит алып, анан анын 4,800 млн. сомун төлөбөшкө мыйзам чыгартып алган Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун ошол былык иши билинип калгандан кийин коомчулугубуз аны катуу сынга алып турушту. Биздин гезит дагы эки-үч ирет жаздык… Анан ошондон далай убакыт өтүп, Абдыгулов толкундана айтып турат: «Менин каражатымды Генпрокуратура текшерди, мен эч нерсе жашырбай банктагы эсептертимди ачып бердим. Кредит боюнча кылмыш ишин табышкан жок. Ошондой болсо да банктын, өзүмдүн кадыр-баркымды кетирбеш үчүн кредитти толук төлөмөй болдум» деп. Айтканы да курусун, андай эле акдил экен, Генпрокуратура текшере электе эле «кой, кредитти алганым моралдык жактан туура эмес экен, төлөп берейин» дебейби. Жок, анткен жок. Анткени, коомчулуктан сын кеп уга элек эмес беле…

Эми банк берген ошол кредитке келели. Ал эмне деген шумурай шумдук Мыйзам, «банктын төрагасынын 4 миллион 800 сомун кечип коёлу» деген. Мындай мыйзамды эмненин негизинде чыгарышкан?! Болуптур, кайсы бир мекеменин, кайсы бир кызматкерине жардам иретинде 20 миң сом, 40 миң сом, мейли, 100 миң сом жардам берилсин, анан эле 4 миллион 800 сом деген эмне деген шумдук жардам?! Мына, дал ушул жерде коррупциялык схеманы ойлоп табышкан. «Боорукер» болушуп, «гумандуу» болушуп, кызматкердерге «күйгөн» болушуп… элдин эбегейсиз чоң суммадагы акчасын бирөөнө кармата берип жатпайбы!

Андай эле берешен болушса, эмне үчүн банктын карапайым кызматкерлерине миллион сомдук жардамдарды беришпейт?! Эмне үчүн миллион сомдук жардам ансыз деле 120000 миңдеген айлык алган банктын төрагасына берилет?! Ушундай абийирсиздик! Банктын төрагасынын түштөн кийин келип алып, «мен ак элем, мен таза элем» деп элдин жинин ого бетер кайнатканынын эмне кереги бар?! Ал канча актанбасын уяты жок экени билинип калбадыбы! Эми аны эч нерсе менен жаба албайт. Мейли, миң ирет, мейли, сан ирет актансын, эми ал таза адам боло албайт! Бир ирет ачкөздөнгөнү бир өмүргө жетип берет…

Бизде каалагандай айлык коюп алып жүргөндөр толтура. Маселен, мамлекеттик ипотеканын жетекчиси Бактыбек Шамкеевдин айлыгы 100 миңден ашык, кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Эрик Асырандиев да толгон акча алат, Энергохолдинг дегендин чоңу Азамат Абдыкадыров 100 миң сом алат. Баса, бул холдинг деген мурунку Энергетика министрлиги болгон мекемеде иштемиш эткен 50дөй киши 80-90 миңге чейин айлык алат экен! Эгерде ушул сыяктуу ишканалар менчик болсо, каалаган акчасын коюп алып, маа демектен, акчанын астында калып өлсүн, бирок, аталган ишканалар мамлекеттики да. Анда эмне үчүн алардын айлыгын мамлекет эсебин алып, ченеп бербейт?! Мугалимдердин, врачтардын айлыгын кара да тиги шүмшүктөрдүкүн кара?!

Мектеп мугалимдери эң сыйлуу, айлыкты эң көп алган кесиптеги адамдар болушу керек эле. Анткени, мугалим деген балага «а» деген ариптен баштап бүтүндөй билимдин пайдубалын түптөйт, орнотот, ал иш эбегейсиз эмгекти талап кылат, балдарды «кой-ай» деп олтуруп мээңден эч нерсе калбайт… Сөз кыскасы, азыркы балдарды окутуу тозоктун тозогу го бир! Андыктан мүмкүнүчүлүк жетишинче мугалимдердин айлыгын көбөйтүп, урмат-сыйга чулгап турушубуз керек!

Жөн эле, кыргызча эле салыштыралы да: мугалимдер орточо 6000 миңден 10000 миңге чейин айлык алат дейли. Ал эми депутаттар 35 миңден 70 миңге чейин алат. Мугалим керээли кечке мектепте, түйшүгү түмөн, окуткан балдарына жоопкер, окуучусу тентек кылса да жоопкер, жаман окуса да жоопкер… Депутатыңдын көбү түшкө чейин ишине келип, кээси уктап олтуруп кетет, алдында машина, атайын доктурлар көрөт, жайында чалчактай эс алат. Анан эч нерсеге жооп бербейт. Мыйзам менен алышып, жоопкерчилик менен иштеген аз эле депутат бар… Атаганат, колдо болсо, мугалим менен депутаттын айлыгын теңдеп койсо… депутаттыгын азайтып, мугалимдикин көбөйтүп дегендей…

Кийинки убакта Батыштын жаман жосундарын мыйзамдаштырып олтуруп, кыргыздын кылымдап келаткан салт-санаасынан айрыла баштадык, нечен бир ыйык делген сапаттардан айрылып жатабыз. Биринчи иретте, улууну сыйлоо деген калып барат. Мектеп окуучусу мугалимин кудайындай көрүш керек эле, азыр болсо аны тоотпойт, айтышат, керек болсо мушташа да кетет. Мугалим а баланы кичине эле тилдеп койсо, балээге калды! Ушул айбандыкты кантип жоготобуз?! Бир айла кылып мындай жосунсуз жорукту жоготуш керек! Батыш бизге акча берип ыйык делген салттарыбызды бузуку сапаттарга айландырып жатканын түшүнбөйбүзбү эмне?! Акчага алданып айбан кейпин кийе баштаганыбызды качан түшүнөбүз?! Эмне, айбан болуп бүткөндөн кийинби?! Акылга келиш керек, акчасын урганыбыз жок! Акча табылат, ал эми жоголгон ыйыктыкты таап көр, чачыңды башыңа кошуп жулсаң да таппайсың?!

Булак: «Багыт»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *