Кантта россиялык аскер набыт болду. Анын спирттен уулангандыгы айтылууда

Кечээ, 16-декабрда Кыргызстандын Кант шаарындагы Россия Федерациясынын «Кант-ОДКБ» аскер-аба базасында россиялык аскер кызматкеринин сөөгү табылган.

Россиялык ЖМКда берилип жаткан маалыматтарга караганда, маркум аскер-контрактниктин аты-жөнү Владимир Щебланов. Ал 15-декабрь күнү эртең менен кызматка чыкпагандыктан, изделип, натыйжада өлүгү  табылган.

“Saratovnews” басылмасы В.Щеблановдун өлүмүнүн себеби сөөгү текшерилгенден кийин гана белгилүү болорун, андан кийин сөөк аскер учагы менен өзүнүн туулуп-өскөн Энгельс районуна жөнөтүлөрүн маалымдаган.

Ал эми россиялык авиабазанын пресс кызматы бул иш боюнча маалымат берүүдөн баш тарткан болчу. Ошого карабастан, акыркы сааттарда келаткан жылы пенсияга чыгууга камынып турган 40 жаштагы В.Щебланов этил спиртинен ууланып өлгөн деген маалымат айтыла баштады.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *