Каныбек Исаковдо реформаторлук дух барбы?!

Каныбек Исаковдун КРнын билим берүү жана илим министри болуп дайындалуусу менен акыркы он беш жылда биринчи ирет бул тармакка өзүн аздыр-көптүр практикалык иштерде жакшы жагынан көрсөткөн адам келди.

Ош облустук ЖОЖ болуп эсептелген менен материалдык-техникалык окутуу базасы жагынан Бишкектеги көп ЖОЖдордон өтүп, Ж.Баласагын атындагы КУУ, Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Славян университети сыяктуу флагмандарды артка калтырып баратат. Акыркы 4-5 жылдын ичинде ОшМУ 12 корпусту курду, дагы экөөсүн курууда, факультеттердин бардыгы өздөрүнүн заманбап окуу корпустарына жана жатаканаларына ээ. Ал эми Бишкектеги ЖОЖдордун бюджеттен бөлүнгөн, контракттардан түшкөн каражаттарды эмнелерге жумшап жаткандыгы белгисиз. Байкашыбызча, сан-сааты жок штаттарга, реалдуу пайдасы жок конференцияларга, экспедицияларга, ар кандай сапардык чыгымдарга эле сарпталып жок кылынып келет. ОшМУнун доктор, профессорлорунун орточо айлык акылары 37 миң катардагы мугалимдериники 17 миң сом экен, акыркы 2 жылда жалпы көлөмү 15 миллион долларга барабар инвестиция тартыптыр, бул жагынан Бишкектеги ЖОЖдордо ага тең келе турган барбы? Тилекке каршы, жок. Ж.Баласагын атындагы КУУнун башкасын айтпайлы, башкы корпусунун кейпи кетип, Аскар Акаевдин кезиндеги ректор Аскар Какеевдин убагындагыдан да начарлап кетти, ал эми Кыргыз-Славян университетинин орточо орто мектептей болгон административдик корпусу деле андан айырмаланбайт. Тилекке каршы, алардын айрымдарынын жетекчилеринин убактылары тирешип, тартышып,
бири-биринин артынан компроматтарды топтоп жатышканда, убакыт кайрылгыс болуп өтүп, аларды акырындап четке сүрүүдө.

Жаңы министр тармакта ОшМУда жасагандай өзгөрүүлөргө жетише алабы? Албетте, бул өзүнчө маселе. Бирок, анын эң ыңгайлуу мезгилде тармакка жетекчиликке келгендиги да чындык. Анткени, 1-октябрдан тартып мектептерге чейинки мекемелерде, кесиптик техникалык билим берүүдө, Жалпы билим берүүчү мектептерде иштегендердин айлык акылары орто эсеп менен 30 пайызга көбөйтүлгөнү турат. Ал толук күчүнө киргенде мугалимдердин орточо айлык акылары 15-16 миңге жетет, айрым категориялардагы педагогдордуку андан да ашаары күтүлүүдө.

Ачык айталы, Кыргызстандын жаңы тарыхында мугалимдердин эмгек акыларынын мындай кескин сезилерлик көбөйтүлгөн учуру болгон эмес. Алмаз Атамбаев президент болуп шайланарда мугалимдердин айлык акылары эки эсеге жакын көбөйтүлдү деп жарыяланган, бирок ал кийинки жылдын салыктарынын эсебинен ишке ашырылгандыктан кийинки жылы акча табылбай калып, ар кандай шылтоолор менен ставкалар, кошумча төлөмдөр кайра азайтылып, көпчүлүк мугалимдердики мурдагыдан да азайып кеткендиги чындык. Бул жолу андай болбойт, бюджетке кошумча жылына 8 миллиард сомдук чы-гаша экономиканын реалдуу өсүшүнүн эсебинен жабылат деп ойлойбуз. Ага толук мүмкүнчүлүктөр бар. “Кумтөрдө” алтын өндүрүү көбөйүүдө, “Жерүй” баш болуп, бир катар ири кендер ишке киргизилгени турат. Анан сырттан тартыла турган 16 млрд. долларлык инвестицияны өздөштүрүү да бюджетке чоң өбөлгө болору шексиз.

Бюджеттин 25 пайызга жакыны билим берүүгө жумшалууда. Сентябрга карата 15 мектептин имараты курулуп, бүткөрүлүп, пайдаланууга берилсе, жыл аягына чейин дагы 30дан ашык мектеп курулуп бүтөт. Коррупциялык көрүнүштөрдөн өндүрүлгөндөрдүн бардыгы мектептерге кошумча жайларды курууга жумшалууда. Мына ушундай иштердин фонунда Нарындын Кеңеш айылындагы контейнерлерден курулган мектепти саясатка айландырып, ашкере айгай сала берүү ыктуу эмес. Убагында ал мектептин имараты жөнүндө тийиштүү органдарга катуу маселе коюп, бюджетке киргизбеген райондук, облустук, тармактык жетекчилердин күнөөлөрү чоң. Алар активдүү киришсе, быйыл мектептин курулушу башталып калмак. Бирок, күнөөнүн баарын аларга шылтай салган да туура эмес. Анткени, азыр республикабызда бардыгы болуп 200гө жакын авариялык мектеп бар. Алардын баарынын курулушун бир жылда баштоого таптакыр мүмкүн эмес, беш-алты жылда чечилсе деле чоң иш. Бирок, жергиликтүү жетекчилер чындап аракет кылышса, Кеңештеги кичинекей мектептин аргасы табылмак. Ал үчүн чуусу басылбаган министр айымга кошо облустун жетекчисинин да иштен алынгандыгы туура эле болду.

Ошентип жаңы министр үчүн кылчактаганга, ары-бери чайкалганга убакыт жок. Токтоосуз реформаларга, чечкиндүү чараларга киришүүсү керек! Мектептердеги орто билим берүү жаңы министрге чоочун чөйрө эмес, анткени, ал ОшМУга ректор болгонго чейин Ош мамлекетик педагогикалык институтун жетектеп, жалпы билим берүү тармагы менен жакындан тааныштыгы бар. Буга чейин билим берүү тармагын реформалоо боюнча вагондогон сөздөр айтылган менен натыйжасы көзгө көрүнөрлүк эч кандай реформалар ишке ашырылбаса, аларды жаңы министр аткарат деп үмүттөнүп турабыз. Анын убакыттык лимити 2 жылдай гана, бул убакыттын ичинде сезилерлик жылыш жасай алса лимити дагы узартылышы ыктымал. Анткенге эрки, күчү жетпесе же каалоосу болбосо мурдагы көздөрүн сүзө ишке келип кетип жүргөн айымдардын, салабаттана баскан менен салабаттуу иши жок эркектердин кейптерин кийип, бир күнү аркасына тебилери да турган иш. Ылайым, андай болбосун.

Абсамат Теңизбеков

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *