Каныбек Осмоналиев, коомдук ишмер: “Кыргызстанда убагында Джек Лондон сүрөттөп жазган “алтын лихорадкасы” башталды!”

– Каныбек агай, акыркы мезгилде Кыргызстандан медицина тармагы боюнча билим алгандардын саны көбөйө баштады. Билимди экспорттоп, акча тапканыбыздын келечекте мамлекетке кедергиси тийе турган терс жагы жокпу?

– Билим берүү кызматын экспорттоо – бул ар кандай өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн эң бир маанилүү булактарынын бири эле болбостон, ал анын конкуренттүүлүгүнүн олуттуу индикатору катары дагы эсептелет. Башкача айтканда, билим экспорту – дүйнөлүк биримдикке ийгиликтүү интеграцияланып кирип алуунун жакшы көрсөткүч даражасы катары да бааланат. Ар бир мамлекеттин бул касиети бүткүл дүйнөлүк ааламдаштыруу процессинин дагы эң бир эффективдүү мисалы болуп саналат. Экономикасы кубаттуу өлкөлөр билим экспортун абдан ийгиликтүү колдонуп келишет. Мында алар бир эле акча табуу менен чектелбестен, ошол окууга келген жаштарды өзүлөрүнүн өлкөсүнүн алга жылууга зарыл болгон кадрдык маселелерин дагы керектүү даражада чечүүгө далаалат кылышат. Бул процесс кубаттуу өлкөлөр үчүн приоритеттүү. АКШ, Япония, Еврокошуун, Түштүк-Чыгыш өлкөлөрү билим экспортунун эң мыкты шарттарын түзүшүп, чоң ийгиликтерди жарата алышты. Бир мисал. Улуу Британия бир эле 2018-жылы 20 млрд фунт стерлинг (26 млрд $) акча тааптыр. Чет элдик студенттеринин саны 443 миң экен. 2030-жылы чет элдик студенттердин санын 6 пайызга жеткиребиз деген максатты көздөп алышыптыр. Эми бул деген Англия да, туурабы? Анын кылымдар бою даңазаланып келе жаткан Кембридж, Оксфорд, Лондондун Жогорку экономикалык мектеби андан башка классикалык университеттери да бар. Ал турсун эми араң бутуна тура баштаган Россия дагы жалпы студенттеринин 4%ын чет элдиктер түзө турган көрсөткүчкө жетиптир. Орустар жакында эле 2025-жылга чейин эсептелген билим экспортунун жаңы моделин программа катары кабыл алышты. Ага ылайык, бул модель 20 алдыңкы ЖОЖго киргизилип, анан 2021-жылдан тарта бардык ЖОЖдоруна милдеттүү түрдө таңууланат экен! Бирок, азыркы экономикасы очорулуп калган, коррупциянын терең сазына малынган, илим менен билим берүүнүн сапатын биротоло жоготуп бара жаткан Кыргызстан ошол глобализациядан же болбосо билим экспортунан кандай пайда таба алаар экенбиз? Мага асыла турган баканооздорго дароо эле эскертип койсом. Мен билим экспортунун прагматикалык маанисин терең түшүнөм жана колдойм. Көп окудум, изилдедим. Бизде алдыңкы, заманбап окутуу технологиясын жарыш өнүктүрүү аркылуу бул эң керектүү иш-чараны сөзсүз бутуна коюу керек дегендердин биримин. Бирок, бизде азырынча билим экспортунун жапайы жол менен эле акча жасоо аракети гана орун алып келүүдө. Бизге келип жаткан чет элдик студенттердин өз максаттары жана алардын мамлекеттеринин жекече кызыкчылыктары бар. Аны мен он жылдан бери айтып эле келе жатам.

– Неге медициналык факультетке басым коюлууда жана билимди экспорттоодо кандай алешемдиктер орун алып жатат?

– Мындай “экспорт” биздин Кыргызстан үчүн абдан мүнөздүү болуп бара жатат. Медицина адистигине сапаттуу кадрларды даярдоодо Кыргыз ССРи мурда абдан зор ийгиликтерди жарата алган. Бирок, ал кез СССРдин гүлдөгөн доору эле да. Фрунзеге Ленинграддын, Москванын, Харьковдун эң алдыңкы медициналык кадрлары Ата-мекендик согуш учурунда эвакуацияланышып, Кыргыз медициналык институтун түптөшкөн. Илимий мектептер менен катар эле клиницистикалык медицина колго алынып, эң алдыңкы ооруканалар негизделген. Бул эми кыргыз элине келген бир чоң бакыт эле. Ошол кезде эле КГМИде чет элдиктер, айрыкча, жакынкы кошуналардан келген студенттер көп окушчу. Азыр болсо өлкөбүздө онго жакын медициналык жогорку окуу жайлары ачылып кетти. Мейли, заман талабы өзгөрдү. Макул дейли. Бирок, сапат кандай болуп жатканын баарыбыз эле билебиз да. Парадокс. Кыргызстандын өз жарандарына ченелүү эле орундар ыйгарылып, көбү “билимди экспорттоонун” аркасынан аламан байгеге түшүп алышты. Министрлик тарабынан лицензиялык-аттестациялык талаптар формализмге айланды. Кыргызстандын ЖОЖдорунун медициналык факультеттерине Индия, Пакистан, Афганистан, Бангладеш, Иран ж.б. сыяктуу демографиялык өсүүлөрү эбегейсиз чоң болгон өлкөлөрдөн абитуриенттер агып келе башаташты. Өзүнчө эле убагында Джек Лондон сүрөттөп жазган “алтын лихорадкасы” орун алды! Өнөктөш кошунабыз Өзбекстандан дагы укмуш сандагы студенттер келүүдө. Эмне биздин медициналык факультеттер укмуш бренд болуп кеттиби? Күмөнүм бар. Эми түшүнүктүү эле болуп турбайбы. Билимди экспорттоо эки жактуу пайдалуу бизнес эле болуп кетти. Биздин ЖОЖдорго эптеп эле акча керек. Тигилерге болсо Кыргызстанда окуунун оңой жолу табылды: бизде окуунун баасы менен катар эле жашоонун өзү арзан, студенттерге болгон талаптар өтө төмөн, өз өлкөлөрүнө жакын, климаттык шарттары идеалдуу!!! Дагы эмне керек? Мени бир гана нерсе ойлондурат. Чет элдик студенттердин канчасы Кыргызстанды мекендеп калат жана ушул маанилүү маселеге бийлик кандай көңүл бурат деген ой ойго салат.

– Бул маселени жолго салыш үчүн билимди экспорттоонун санын чектеш керекпи?

– Мен билим экспортунун санын ченемсиз эле көтөрүп жиберүүгө каршымын. Санын чектеп, алыбызга жараша эле иш кылганыбыз оң. Биздин ресурсубуз ченелүү эле. Андан көрө сапаттуу медиктерди өз элибизге көп даярдоо милдетин колго алалычы! Көр оокат өтөт. Мамлекетибиздин коопсуздугун айтып жатам, мен! Жакынкы эле жылдары бизден окуп алып, анан кайра өз мекендерине кетишпей, Кыргызстанды “жылма экспансия” менен каптап кетишсе эмне болот? Ансыз деле өзүбүздүн жаштар Россияга, Европага дүңүнөн эле кетип жатышпайбы? Ойлонолучу.!

– Айтканыңызга ынаналы, бирок башка мамлекеттин студенттерин кабыл алган окуу жайдын ректорлору билимди экспорттоо аркылуу инвестиция тартып жатабыз дешет го. Билимди экспорттоону инвестиция тартуунун бир жолу катары карасак болобу?

– Болот. Инвестиция тартуунун эффективдүү жолу – бул билим экспорту экендигин жогоруда айтпадымбы! Бирок, чек болуу керек го. Мисалы, бир эле ЖОЖ бир жылда кошуна өлкөнүн 1200 студентин кабыл алып жатса, алар менен түзүлгөн контракттын шарттары кандай болуп жатат экен? Эки жактын тең кепилденген милдетттери барбы? Болсо алар кайсылар? Окууну бүткөндөн кийин ошол эле чет элдик бүтүрүүчүнүн канчоосу биздин жерди байырлап калып жатат? Кошуналарыбыздын дээрлик баардыгы латиница менен окушат. Бизде ачылган факультеттерде атайын тайпалар түзүлгөнбү? Алар Кыргызстан боюнча адаптацияланып, окуу программаларына шайкештелгенби? Унификация маселелери кандай чечилип жатат? Мунун укуктук-нормативдик базалары, албетте, кабыл алынган деп ишенели!

– Билимди экспорттонун терс жагы болбош үчүн эмнелерге басым коюшубуз керек?

– Билимди экспорттоо демагогиялык профонация жана жапайы акча табуу бизнеси болбой прагматикалык жана улуу сапат жолдору менен кетиши керек. Биздин ЖОЖдор дүйнөлүк бренд боло ала турган борборлорго айланышса, илимди жогорку деңгээлде изилдөөнүн чордону болушса, мына ушундай жакшы сапаттарыбыз, албетте, билимди экспорттоонун күңгөйү боло алат болчу! Ал үчүн заманбап окутуу технологияларын киргизип, эл аралык ЖОЖдорду түзүүгө жетишели!

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *