Каптагаев Жапаровду ойлоп жатабы же шайлоонубу?

Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши боюнча башкы прокурорго ачык кат жазды. Анда өзүн барымтага алуу боюнча Садыр Жапаровдун катышын тастыктаган бир да күбө болбогонун жана эч кандай дооматы жок экенин билдирди.

Коомчулукта бул жагдайды айрымдар “Каптагаев Жапаровго боор тартып, ак жеринен түрмөдө отурганына күйүп, адамгерчилигин көрсөттү” – дешсе, кээ бирлер минтип жакшы көрүнүмүш болуп шайлоого даярдык көрүп жаткан амалкөй куулугу катары сыпатташты.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *